Гонконгдогу акция жана Рейтердин жеңиши

Полиция кызматкерлери нааразылык акциясына чыккандарга карата көздөн жаш агыза турган газ жана желим окторду пайдаланууда. Гонконг. 14-август, 2019-жыл.
Кытайдын курамына кирген бул автономиялык аймакта массалык нааразылык акциялары 2019-жылдын жай айларында башталган. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган. 

 

2019-жылдын 16-июнунда миңдеген кишилер кайрадан көчөгө чыгып, аймактын башчысы Керри Ламдын кызматтан кетишин жана экстрадиция тууралуу мыйзам долбоорунун биротоло токтотулушун талап кылышууда. 


 

Нааразылык акциясына чыккан аялды атайын бөлүктүн кызматкери кармап жаткан учуру. Гонконг. 2-сентябрь, 2019-жыл.
Митингге чыккандар мыйзам күчүнө кирсе, Гонконг автономия укугунун бир бөлүгүнөн кол жууйт жана экстрадициялангандар Кытайдын сот системасында өзүн коргой албай калат жана Кытайдын бийлиги бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

Атайын бөлүктүн кызматкерлери демонстранттарды кууш үчүн көздөн жаш агыза турган газ колдонгондон кийин ыктыярчылар ресторандын ээсине жардам көрсөтүүдө. Ал эми тамактануучу жайдын коноктору оозу-мурдун бекитип отурушат. Гонконг. 2-ноябрь, 2019-жыл. 

Миңдеген адамдар Арстан аскасынын үстүнө чогулушуп, нааразылык акциясын өткөрүп жаткан учуру. Гонконг. 13-сентябрь, 2019-жыл. Массалык нааразылык акциялары учурунда бир миллиондон ашык киши көчөгө чыкканы айтылууда. 

 

Өрттөнүп жаткан балатыны өчүрүп жаткан соода борборунун кызматкери жарандарды этият болууга чакырып жатат. Гонконг. 21-ноябрь, 2019-жыл.   

Митингчилер атайын бөлүктүн кызматкерлерине каршы желим ача (рогатка) колдонууда. 25-август, 2019-жыл.  

Полициядан качып бара жаткан митингчи. (Сүрөттөгү жигит Гонкогдогу Кытай университетинин студенти экенин билдирген). 12-ноябрь, 2019-жыл. 

Жаш агызчу газдын түтүнүндө турган демонстранттар. Гонконг. 12-ноябрь, 2019-жыл. Гонконгдогу нааразылык акциялары бир нече айга созулуп, айрым учурда демонстранттар менен полиция кагылышкан учурлар болду. Полиция кээде митингчилерди кууш үчүн суу бүркүп, ок атуучу куралдарды да колдонгон.  

 

Демонстранттар Гонконг эл аралык аэропортуна кеткен жолду тосуп алгандан кийин жүргүнчүлөр кирпич жана тосмолордун ортосунда калышты. 1-сентябрь, 2019-жыл.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынан куралган тирүү чынжырчанын катарында турган ымыркай. Гонконг. 30-ноябрь, 2019-жыл.

Бир канча айга созулган нааразылык акциясынан соң бийлик кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору артка чакыртып алган. Ал документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон жок. Бул ирет акциянын катышуучулары демонстранттарга карата күч колдонуу иликтеп, автомониялык аймактагы демократияны сактап калууну талап кылышты. 

 

Гонконгдун көчөлөрүндө бара жаткан митингчилерди үйүнүн терезесинен карап жаткан аял. 20-октябрь, 2019-жыл.
 

Демонстранттар Мыйзам чыгаруу кеңешинин имаратына чабуул жасагандан кийин, Гонконгдун эмблемасына боёк чачып жаткан киши. 1-июль, 2019-жыл.

Митингчилерди кармоо учуру. Гонконг. 29-сентябрь, 2019-жыл. Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча "нааразылык акциясын уюштурган жана акцияга катышкан" деген жүйө менен жай айларынан бери Гонконгдо жети миңге жакын киши кармалган. 

Дүйнөдөгү эң чоң эл аралык маалымат агенттигинин бири Рейтер 2019-жылы Гонконгдогу нааразылык акциясын жана акция учурунда адам укуктарынын бузулушун чагылдырганы үчүн Пулитцер сыйлыгына ээ болду.