Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачуу сунушу сынга кабылды. Бирок ал сөзүнүн мааниси элге бурмаланып жеткенин айтууда.
17 миңдей гектарды ээлеген Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүү сунушу 22-апрелде парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында айтылды.
Келерки жылдын туристтик сезонуна даярдыкты талкуулап жатып депутат Элдар Сулайманов паркты трансформациялоону сунуш кылды.
"Азыр Ала-Арчага барып от жагып, таштанды калтырып кетет. Келиңиз, экөөбүз кыялданып көрөлү. Улуттук парк дейбиз, бирок аны трансформация кылсак жакшы болмок эле. Ичине автоунаа киргизбей, веложолдорду, экотранспортту уюштурсак. Киргенде эле ресторан, мейманканалар башталса, өйдө жагына панорамалык ресторандарды, амфитеатр салсак, аркан жолдорду койсок. Өзүбүздүн жарандар үчүн кэмпинг уюштурса болот. Ал жерде ижарага бериле турган казан, отун болот, таштанды таштоочу жайы да бар. Биздикилер азыр таштандыны чаржайыт таштайт, улуттук парк болгону менен баркына жетпей жатабыз. Ошондой чоң долбоорлорду бирге жасабайлыбы".
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ала-Арча паркын жакшыртуу боюнча долбоор иштелип чыгып, өкмөттө кароодо турганын айтты. Анда ошол жердеги объектилерди жаңылап, элдин келип эс алып кетүүсү үчүн кэмпинг аймактарын түзүү планы бар экенин түшүндүргөн. Бирок бул маселенин саясий да жагы чечиле электигин белгиледи.
Депутаттын "трансформациялоо" сунушу талкууга түштү
Депутаттын сунушундагы "паркты транформациялоо" деген сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланып, каршы пикирлер көп айтылды. Ал аймактын экологиялык жактан маанилүү экенин жазып, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болду.
Мындан улам Элдар Сулайманов 28-апрелде кайрадан билдирүү жасап, жаратылыш паркы тууралуу сунушу коомчулукта туура эмес кабыл алынганын айтты.
“Мен Ала-Арча паркын жаңырталы деп жөн эле мисал келтирдим. Ал жерде турган азыркы мейманкананы жаңырталы, ашканалар бар экен ошолорду ресторан кылалы, туристтерге шарт түзөлү деп эле айткам. Трансформация дегенде мен жерди эле трансформация кылып, багытын өзгөртүүнү эмес, ал жерди жаңылоону сунуштадым. Жаңылап, өзүнө тарта турган кылалы деген маани болчу. Саталы, бузалы деген ой жок".
Ала-Арча жаратылыш паркы Бишкек шаарынан 17 чакырым ыраакта жайгашкан. Күн жылыган мезгилден тартып элдин аягы үзүлбөйт. Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири катары саналып, мамлекеттик деңгээлде келген коноктор жана расмий делегациялар да барып турат.
Экологияга тынчсыздангандар бар
Бул сунуш көтөрүлгөндөн бери Ала-Арчанын экологиялык абалына тынчсызданып, ал жерге бизнес объектилердин курулушу менен жаратылышка зыяны тиерин айтып, коңгуроо каккандар болууда.
Эколог Идирис Торгоев бул сунуштун кылдат каралышын сунуш кылды.
“Эгер жаратылыш паркынын табиятына зыяны келтирбей эреже кабыл алып, анан ишететебиз десе, ал такыр ишке ашпайт. Адам аракеттене баштаганда дароо жаратылышка таасири, зыяны тиет. Бул жалгыз Бишкек эле эмес, Кыргызстанга келген коноктор үчүн да көрсөтө турган паркыбыз. Эгер элдин пикири менен эсептешпей эле акча үчүн депутаттын сунушуна макул болуп чечим кабыл алып коё турган болсо, Казакстандагы Алматынын жанындагы парк маселеси кайталанышы мүмкүн. Аларда Көк-Жайлоо деген жерде лыжа базасын куруп салып, эл каршы чыкканда чечим артка кайтарылып, жаратылышты сактап калышкан. Бизде ага жетпей эле мурдагы паркты ошол боюнча калтырышсын деп айтат элем”.
Жаратылыш парктын сайтындагы маалыматка караганда коруктун жалпы аянтынын 180 гектарга жакынын бадал каптаган. Жалпы өсүмдүктүн 600 түрү, тал-теректин жетимиштей түрү бар.
Коруктун дагы өзгөчөлүгү катары анда жаныбарлардын көп түрү байырлаганы айтылат. Кызыл китепке кирген аркар-кулжа, бүркүт жана ак илбирс бар экени аныкталган.
Дагы караңыз Кайберен азайып, илбирс жоголду"Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Зайырбек Кубанычбеков парктын макамын өзгөртүүнүн кесепеттерине токтолду.
“Азырынча биздин колдо эч кандай так маалымат же документ жок. Кандай шартта кайсыл багытка өзгөртүүнү сурап жатышат. Кандай курулуш, кандай бизнес кылат дегендей. Кандай болгон күндө да ал жердеги жан-жаныбарды, жаратылышты эске алышса керек. Албетте, табиятты пайдаланганыбыз жакшы. Эс алуу жайлары эле дароо таптакыр өзгөртүп салат дегенге кошулбайм. Бирок, эреже, чектөөлөр болушу керек. Мен эколог катары кайсыл гана корукка болбосун, адамдын көп барганын колдобойм. Канчалык этияттаганы менен кыйыр түрдө болсо да таасирин берет”.
Ала-Арча жаратылыш паркынын жетекчилиги талкууланып жаткан маселе боюнча пикирин билдирбей турганын, бул маселе боюнча өкмөт чечим кабыл аларын айтты.
"Акча табууну да унутпоо керек"
Ала-Арча жаратылыш паркынын кооздугуна кызыгып, көрүү үчүн келген туристтер көп. Аларды капчыгайдын кооздугу, экология кызыктырганы менен инфраструктуралык шарттар да маанилүү.
Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Дамир уулу келген туристтен көбүрөөк акча иштеп калууну да унутпоо керек дейт. Ошол үчүн санитардык абалды, тейлөөнү жакшыртып, ажаткана, тамактануучу жайларды жаңыртууну сунуштады.
"Бишкектин тегерегинде жайгашкан, бирок анчейин белгисиз жайлар менен Ала-Арчаны бириктирип, туристтик маршрут түзүп чыгуу керек. Экология маселеси унутта калбай, таштандыларды ташуу, санитардык шарттар каралышы шарт. Экология менен туризм айкалышы керек. Жаратылыш парктын бир бөлүгү өзгөчө корукка алынган жай, ал жерге жаңы имараттарды салуу, ландшафтын өзгөртүү боюнча сөз болбошу керек. Тейлөөчү жерлердеги шарттарды жакшыртуу, буга чейин курулган имараттардагы кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу менен туристтин санын жана алардан түшчү пайданы көбөйтүү керек".
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган.
Дагы караңыз Ала-Арчадагы ажарлуу күзЭлдар Сулайманов ким?
Ала- Арча паркы тууралуу сунуш берген Элдар Сулайманов "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен жетинчи чакырылышта депутат болуп келген.
Ал 36 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановдун уулу. Эмгек жолун “Электр станциялар” ишканасынан баштап, кийин Финансы полициясында, Мамлекеттик каттоо кызматында, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Соңку жылдары жеке ишканаларда иштеп жүргөн. Экс-министрдин уулу саясатка быйыл жазында өткөн Ош шаардык кеңешине “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен катышып, калаа депутаты болгон.
Дагы караңыз Жол тармагы, Нурлан Сулаймановдун карааныДепутаттын атасы Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш иши козголгон. Сулайманов депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен издөө жарыяланган. 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу маалым болгон.