Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети 25-апрелде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыя жана грант алуу тууралуу келишимдин долбоорун жактырды. Анда айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов долбоордун алкагында Ош облусундагы Араван-Ак-Буура каналын оңдоого 19 миллиондон ашык евро алынарын билдирди. Акчанын 14 миллиондон ашыгы 15 жылдык мөөнөткө 1% үстөгү менен насыя катары, 3 миллиону грант түрүндө, ал эми калганы техникалык көмөктөшүүгө грант катары берилет.
"Долбоор Араван районундагы суу маселесин чечүүгө байланыштуу сунушталган. Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан Папан суу сактагычында Аравандын муктаждыгына жете турган суу бар. Ошондуктан бул каналды оңдоо пландалып жатат. 1965-жылы курулган, узундугу 31,3 чакырымды түзгөн канал аркылуу Аравандагы 15 миң гектардан ашык жерге суу жеткирилет. Ондоп-түзөөдөн кийин андагы суунун көлөмү көбөйөт, бетондолгондон кийин суунун коромжу болушу кескин азаят. Кара-Суудагы 5,7 миң, Аравандагы 10 миң, ошондой эле Катта-Сай, Кең-Сай массивдериндеги 6 миң гектардан ашык жерге суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт",-деди Шерипов.
Өткөн аптада Финансы министрлиги өлкөнүн тышкы карызы соңку жылдары 1 миллиард долларга көбөйгөнү тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Анда 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. долларды түзгөн макулдашууларга кол коюлганы, анын 291,5 млн. доллары грант болсо, 466,8 млн. доллары насыя экенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде "мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө, тышкы карызыбыздын, эң жок дегенде, жарымын жаап кеткенге аракет кылам" деп билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыр жыл ортосунда 416 миллиард сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашкан, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.