“Бошко кеткен өмүргө боорум ачып күйөмүн”

Иллюстрациялык сүрөт.

Бөрүбай Кененсариев (Кененсарин) - алгачкы муундагы кыргыз акындарынын бири. Анын ата-теги совет бийлигине жакпай, абагына түшүп, басым-кысымдан тажаганда чыгармачылык ишин таштап, жөн-жай турмуш кечирүүгө өткөн. Ошентип таланттуу кыргыз акындарынын бири көркөм чыгармачылыктан четтеген.

Бөрүнүн эмгеги

Эл бийлеген манаптын тукуму болгону менен Бөрүбай Кененсариев совет бийлигин жактыруу менен тосуп алган, жаңы коомдун жакшылыгы элге тегиз тиерине ишенген. Ошон үчүн ал:

Кыйын ишке ириштим,

Кыйын да болсо кириштим.

Эмгеги деп Бөрүнүн,

Эмгекчи элим билишсин,- деп жазган.

Ыр анын жан дүйнөсүнө жакын, ичте оргуган ойду туюндуруунун ыктуу формасы болгон. Ошол 1920-жылдары эле Бөрүбай Кененсариев кыргыз коомун ичтен ириткен социалдык илдетти – паракорлукту сынга алып, «колунда чанач, толтура кагаз, элден келсе, билгизбей берсе, чын, жалганга карабас» коркунучтуу көрүнүш экенин көрсөтө алган. Кыйын-кыстоо болсо да элиме кызмат кылсам деген тилегин акын көпчүлүк чыгармаларында жарыя кылган.

Башында чыгармачылыкка толук дегидей эркиндик берилип, бара-бара саясий кысым, цензура күчөй баштаган. 1930-жылдары жөнөкөй саптардан деле идеялык ката издөө арбыган. Тап күрөшү көркөм чыгармачылыкка да жайылган. Анын залакасын биринчилерден болуп Бөрүбай Кененсариев тарткан. 1920-жылдары ырларды көп жазган, ал кыргыздын туңгуч гезити «Эркин-Тоонун» жигердүү авторлорунун бири болчу.

Акындын чыгармачылыкка жөндөм-шыгы бала кезинен ойгонуп, катарлаштарына караганда эртерээк билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бала кезинде эле татарча, түркчө, өзбекче гезит-журнал, китептерди окууга жарап калган. Көркөм шык-жөндөмү аны диний билимге чектебей, адабий чыгармачылыкка алып келген. Алгачкы муун кыргыз акын-жазуучуларынын уясына айланып кеткен «Эркин-Тоо» гезити ал кезде эркин, маданий-агартуучулук багытка ыктаган басылма болчу. Замандаштарынын айтуусунда, Бөрүбай Кененсариевдин жазгандарынан идеялык ката издөө Пишпектеги педагогикалык техникумда окуп жүргөн кезинде, окуу жайынын алдында уюшулган айтылуу «Кызыл учкун» адабий ийриминен башталган. Анын манаптын тукуму экендиги, «Боло албайм» ыры саясий жагынан ката экени ушул жерде айгинеленген, ыкластуу жаш акын ийримден чыгарылган. Манаптын тукумунан болуп калганы адабиятка чындап берилген жаш акындын тагдыр жолундагы чоң тоскоолуна айланган. Анын жазгандарынан кадалып саясий ката издегендердин негизги жүйөсү мына ушул жагдайга байланышкан эле. Бөрүбай Кененсариевди жакшы билген замандашы, педагогикалык техникумда чогуу окуган курбусу Зияш Бектеновдун айтканына караганда, ал өзү «солто уруусунун ичиндеги чоң манаптын тукуму» болгон.

«Анын бир тууган агасы Жантай революциянын алдында солто уруусун бийлеп турган чоң манаптардын бири болгон. Бөрүнүн алган аялы жумгалдык ири манап Мырзабектин кызы болгон»,- дечү Зияш агай.

Бөрүбай Кененсариев 1896-жылы Сары Өзөн Чүйдүн Сокулук аймагындагы Саз деген айылда төрөлгөн. Кийин өзүнүн «Кыскача өмүр баяным» деген чыгармасында ал кантип жана кандайча сабаты ачылганын, атасы Кененсары баласынын эртелеп билим алышына шарт түзгөнүн, сабаты Шабдан Жантаев Уфадан чакырып алган молдодон, Токмоктогу Закир молдодон ачылганын, молдолордон алган билими менен эле Курандын маани-жайын чечмелөөгө жарап калганын эскерген жайы бар. Эртелеп билим алып, атасы алдырткан гезит-журналдарды окуп, атасы каза болгондон кийин бир тууган агасы Жантайдын китептерин, гезит-журналдарын окуп, өз учурунун кыйла эле билимдүү адамдарынын бири болуп калган.

Манаптан чыккан таланттуу акын

Токтолбогон басым-кысымдан, эзүүчү таптын өкүлү катары жектөөдөн тажаган жаш акын кийинчерээк чыгармачылыктан четтеп кеткен. Ошондон улам анын жазгандары 1927-жылы Москвадан чыккан «Кызыл гүл» китебине кирген 19 ырынан тышкары өзүнчө китеп шекилинде деле чыккан эмес, автордун аты көп жылдар бою аталбай унутта калып келген. Мына ушул жагдайга ичи чыкпаган Зияш Бектенов кыргыз акындарынын ичинен «өтө көркөм жана кооз ырларды көп жазган» автор унутта калып кетеби деп, замандаштары тууралуу эскерүүсүндө өкүнүч менен белгилеген.

«Кызыл гүлдөгү» «Боло албайм» деген ыры үчүн Кененсариевге саясий айып тагылып, адабий ийримден эле чыгарылбай, партиялык катаал сынга туш келген. Бөрүбайдын «Кызыл гүл» жыйнагындагы ырлары, Касым Тыныстановдун Москвадан чыккан айтылуу «Касым ырларынын жыйнагы», Сыдык Карачевдин «Эрксиз күндөр» повести, Касымалы Баялиновдун «Ажар» аңгемеси менен ырларында «контрреволюциячыл улутчул бай-манаптык идеология бар» экендиги айтылып, ВКП(б) Кыргыз обкомунун 1932-жылы 7-марттагы отурумунда катуу сынга алынган. Андай сындын арты кандай болору ал кезде элдин баарына дайын болчу. «Эл душманын» ашкерелөө, кой терисин жамынган «манап тукумун» ачыкка чыгаруу айрымдар үчүн эң маанилүү ишке айланып калган эле. Айтса, «бай-манап, бий-болуштун тукуму» деген жаалы катуу айыпка ал кезде кыргыз интеллигенциясынын көбү туш келген. Жаңы заманды жан дили менен тосуп алып ага аянбай кызмат кылгандардын эмгеги, эли үчүн жасаган аракети мындайда түккө арзыбай заматтын ичинде контрреволюячыл-улутчул, кайсы бир партия мүчөсү же «эл душманы» болуп чыга келген. Бөрүбай Кененсариевдин этияттанып, жер которуп, борбордон алысыраак болушунун себеп-жагдайы ушундай эле.

Жакындап келаткан куугунтуктан алыс болуш аргасын издеп акын Нарын жакка оогон. Анан 1933-жылы Кыргыз обкомунун колдоосу менен пролетар акын Аалы Токомбаевдин акындык чыгармачылыгынын он жылдыгы белгиленген. Мына ушул маданий турмуштагы маанилүү датага карата пролетар акындын тарапкерлери, санаалаштары мактоо ырларын жарыялашкан. Аалы Токомбаевдин каршылашы Касым Тыныстанов да атаандашына куттуктоо жиберген. Ал эми анын тилектештеринин бири Бөрүбай Кененсариев кандай да болсо саясий куугундан кутулуп каламбы деген илгери үмүткө алданып, Балка акынга арнап Владимир Маяковскийдин стилинде саптарды сындырып, узун кулач ыр жазган.

Касым Тыныстановдун тарапкери катары эсептелген акындардын текши баары ал кезде башын ийип экинчи тарапка өтүүгө же чыгармачылыгын таштап, адабият жүгүн дымактуу калемдештерине таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бөрүбай Кененсариев чыгармачылыгын өзүнөн кыйла кийин баштап, бирок бийликтин сүймөнчүгүнө айланган кесиптешин аргасыздан мактоого алышын мына ушундай субъективдүү себептерге байланыштуу гана түшүндүрүүгө болот. Айла жок ушундай аракети менен менен репрессиянын жаалы катуу чалгысынан аман калуунун аргасын издеген. Аалы Токомбаевге арналган ырында жаңы адабият милдетин Бөрүбай Кененсариев мындайча түшүндүргөн:

Калеми ок,

Сөзү жебе.

Тап душманды,

Жеңе-жеңе

Эмгекчинин

Болот деп бир арстаны,

Байкаган жок,

Анда эч ким,

Эмгекчинин

Булбулун –

Тап мүдөөсүн

Талыкпастан сайроочу.

Бул Бөрүбай Кененсариевдин каламдаштарына арналган биринчи жана акыркы чыгармасы болуш керек. «Тап күрөшүнүн талыкпас сайроочусу» атыккан Аалы Токомбаев ал кезде саясий маселеге такап, улут адабиятын коммунисттик идеологиялык куралга айлантууга опсуз эмгек өтөп, ошонусу менен башкалардан бийик да, ыйык да болуп, ал эми андан мурда, кийин чыккан бир топ таланттардын аттары аталбай, алардын кыргыз совет адабиятындагы бары-жогу билинбей, кыйла жылдар бою кыргыз совет адабиятынын тарыхы саналуу акын-жазуучулардын саналуу гана чыгармаларынын айланасында сыпатталып келди. Бөрүбай Кененсариев катаал сынга кабылбай, манап тукумунан экени эскерилбей, чыныгы чыгармачылыкка шарт түзүлүп, калемгерлер арасында саясий атаандаштык эмес, эстетикалык баалуулук алдыга коюлса, акындык таланты бар көркү менен баркырап ачыларында шек жок эле.

«Бир кезде Бөрүбай Кененсариев «Эркин-Тоо» гезитинин бетине маани жагынан туруктуу, таланттуу, көркөм ырларды көп жазып жүрүп, кийинчерээк күчөп турган тап күрөшүнүн мезгилинде адабият майданынан негизсиз сүрүлүп калган. Бул авторду кеңирээк изилдесе болот эле, анткени кыргыз совет адабиятынын тарыхын жазуу үчүн да өтө керек», - деп белгилеген Зияш Бектенов.

Аткарылбай калган тилек

1927 – 28-жылдары Кыргызстандын түндүгүнөн 13 манап алыска Оролго сүргүнгө айдалган. Алардын арасында Бөрүбай Кененсариевдин жакын адамдары да болгон. «Бир тууган агасы Жантай менен кайнатасы Мырзабек Оролго айдалганына байланыштуу Бөрүбай Кененсариев 1928-жылы ГПУнун подвалында сегиз-тогуз ай камалып жатып, «Тобурчак» аттуу бир пьеса жазып чыккан эле. Бөрүнүн ал пьесасы үч-төрт жыл кыргыз драм театрынын сахнасына коюлуп жүрдү. Ал ошол кездеги курчуган тап күрөшүнө арналып жазылган мыкты пьеса болучу. ..

1930-жылдын башында, тап күрөшү курчуп турган кезинде:

Болбойт менин тилегим,

Болбосун анык билемин.

Бошко кеткен өмүргө

Боорум ачып күйөмүн,

Деги эчтеке боло албайм, - деп, «Бөрүбай Совет заманынан үмүтүн такыр үзүп жатат» деген кине менен жазуучулардын «Кызыл учкунунан» чыгып калган эле.

Ошондон кийин Бөрүбай ыр, аңгеме, жанытма, чалкан жазганын токтоткон да котормочулук кесипке өткөн болчу»,- деп Зияш Бектенов эскерүүсүндө жазган.

Замандаштарынын айтымында, Бөрүбай Кененсариев орусча мыкты билген, терең билимдүү, көркөм адабиятты сүйгөн адам болгон. Оригинал чыгармачылыктан четтегенден кийин ал «Кызыл Кыргызстан» гезитинде, кийинчерээк эс алууга чыкканча Кыргыз телеграф агенттигинде котормочу болуп иштеген. 1964-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) каза болгон.

Бөрүбай Кененсариев өзү билген, өзү айныксыз ишенген нерсе тууралуу оюн жашырбай ачык айткан. Улут деген бийик атка жамынып, жооптуу кызматты жакшы аткарыштын ордуна салтанат-шаңга көңүл буруп, жашоо-турмушун шапар тебүүгө арнап койгон айрым ишмерлерди акын «Кыргыз азаматтарына!» деген ырында катуу сынга алган. Жооптуу кызматты жыргалга, шайыр-шатманга алмаштырып ийген аткаминерлер социализм заманында деле көп болчу. Тебетейди шапкеге алмаштырган менен эле адам баласы өзгөрүп, мойнуна «маданият ычкырын» – галстукту тагып алса эле пенде баласы акылдуу болуп кетпейт экен. Мажилисте өзүн башкалардан бийик койсо эле ал улуттук маанидеги ишмер болуп калбайт тура. Андай кекирейген аткаминер эч качан «эл кайгысын» эстебейт, аны түшүнө да албайт. Тилекке каршы, кызматтык милдетин унуткан ушундайлар көбүнчө жамы журтка камкор, көпчүлүктүн көөнүнө толгон, улутуна кызмат кылган азамат катары көрүнгүсү келишет, кызматында чалкалап, сөөлөт күтүп, ой-санаасын күнүмдүк жыргал гана ээлеп калат. 1930-жылдары мыктылардын ордуна капыс келип калган кокуйлар заман баатырлары болуп калган. Андайларды Бөрүбай Кененсариев бир эсе өкүнүч, экинчи жагынан шылдың менен белгилеген. Оюнда таң-тамашадан, ичкиликтен, кыз-келиндерден башка эч нерсе жок амалпараздардын ал кезде иши жүрүшүп турган. Улут деп күйгөндөр четтен камалып, жок кылынып, бийликти ушундайлар ээлей баштаган. Акын бекеринен «эл кайгысы» деп баса белгилеп аткан жери жок. Ал мансапкорлорду ойлонтпойт, баш көтөргөндүн баарын жок кылып, кызматына чиренген кокуйлар «эл душмандарынын» ордуна кызматтарды ээлеп, күндүк өмүрүнүн түштүгүнө жорго минүү жоругуна жол ачылган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​