Айыпсыз жерден атылган айылдык жигит

Репрессияланган Абдыкадыр Абдраимов 33 жашта болчу.

Абдыкадыр Абдраимовдун кыска өмүр жолу кендирди кескен жокчулукка, каргадайдан башталган кара жумушка, комсомолдук иштерге арналып, жогорку билим алып, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү камылгасына киришер чагында - 33 жашында атылып кеткен.

Өмүр баянга катылган өкүт

1937-жылдын 10-августунда Фрунзе шаарында Абдыкадыр Абдраимов өз колу менен кыскача өмүр баянын жазган. Машинкаланган текстти кийин башка бирөө көк түстүү сыя менен оңдоп, бир топ кыскарткан. Ушул кагазга кол коюлгандан бир жылдан кийин жалындуу комсомолдук, партиялык кызматкер атууга кетип, сөөгү баш калаанын түштүк тарабындагы Чоң-Таш айылындагы эски кыш заводунун чуңкурунан табылып, 138 кишинин катарында 1991-жылы мамлекеттик сый-урмат менен кайра көмүлгөн. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөр катарында эмнеге жана кандайча атылганын жакшы деле билбей социализмге берилген, Таштактан келген жаш жигит репрессиянын курмандыгына айланган.

Абдыкадыр Абдраимов 1905-жылы Жалал-Абад аймагынын Таштак кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ушу тапта Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Ош-Бишкек жолунун боюндагы чакан кыштак. Сузакта Таштак аттуу кыштактан экөө, ошондой эле аталыштагы айыл - Ачыдан да экөө.

Абдыкадыр Абдраимов 12 жашка чыкканда ата-энесинен ажырап, жетимчиликтин оор турмушу башталган. Таштактагы Мырзакарим Бегалиев деген байдын малын багып, ишин кылып күн көргөн. Ал байдын урпактары ушу тапта айылда турушат. Абдыкадыр аймакка белгилүү байдын колунда 1920-жылга чейин иштеген. Ата-энесинен эрте ажырап, чиедей эки карындашын багуу түйшүгү каргадай балага жүктөлгөн. Айла жок, көчөт кыздардын бирөөнү эртелеп алыс туугандарынын бирине күйөөгө берип, эң кичинекей карындашын өзү чоңойткон.

Жетишпеген турмуш зирек баланы ошентип эрте жетилткен, бала кезинде чоң кишинин түйшүгү мойнуна түшүп, каргадай чагында катаал турмушка бышкан. Мырзакарим байдын колунда мурда атасы иштеген, анын ордун баласы басып, кыйын кезеңде өлбөстүн күнүн өткөрүшкөн. 1917-жылы Орусияда бийлик алмашып, мурдагыдай бай-манаптардын заманы жүрбөй, колунда жок кедейлерге жол ачылган. Абдыкадыр да жаңы замандын шары менен билим алып, өз алдынча турмуш арабасын тартууга киришкен. Антпесе жайды жайлата байдын эгинин карап, күзүндө данын бастырып, кышкысын малын карап өмүрү мандикердик менен билинбей өтө бермек.

Жаңы замандын деми менен 1920-жылы Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасы башталганда саясий маанилүү бул ишке тартылган Түлөбаев деген ыкчам кызматкер Абдыкадыр Абдраимовду балдар үйүнө барууга үндөйт, билим алышына жардам бермек болот. Ошол кишинин кеп-кеңеши менен Абдыкадыр байдын ишин таштап Көгартта ачылган балдар үйүнө келип кирген. Сузак районунун Октябрь айылындагы республикага белгилүү балдар үйү ал кезде ири билим мекемеси болчу. Бул жерде кыргыздын белгилүү акындары Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев билим алган.

Дагы караңыз 1938–2018: Бабалар биримдикке чакырат

Социализм жаңыдан жайылып аткан учурда билим алуу азыркыдай узакка созулчу эмес. Окууну тың окуган, сабактарды тез өздөштүргөн зирек балдар-кыздар бир жыл ичинде эки-үч классты аяктап, башталгыч же орто билимге ээ болуп чыгышкан. Билим алууга дилгир тестиер Көгарттагы балдар үйүндө эки жыл окугандан кийин Ташкенге Түркстан АССР НКВДсынын алдындагы болуштук революциялык комитеттин (Волревком) кыска мөөнөттүү 8 айлык курсуна окууга жөнөтүлгөн. Бул 1922-жыл болчу.

17 жаштагы боз уландын жаңы бийлик тушундагы кызматы мына ушул курстан башталган. Ташкендеги окууну аяктап келгенден кийин Абдыкадыр Абдраимов 1923 – 1924-жылдары Анжиян шаардык аткаруу комитетинин Ханабад болуштук аткаруу комитетинин катчысы кызматында иштеген. 1924-жылы андан Жалал-Абад шаарына которулуп, ал жердеги округдук комитеттин буйругу менен Базар-Коргон райондук комсомол комитетинин катчысы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин Жалал-Абадга облустук комсомол комитетинин экономикалык бөлүмүнүн башчысы, андан Кант райондук комсомол комитетинин катчысы болуп шайланган. 1925-жылдан 1928-жылга чейин Кант райондук комсомол комитетин башкарып, 1928-жылы облустук комсомол комитетинин чечими менен Орусиянын Тверь шаарына партиялык окууга жиберилген. Комсомолдук, партиялык кыскача курстарды окуп келгендер ишине жараша кызмат тепкичтерине көтөрүлүп, партиялык комитет жумшаган жерде иштей беришкен.

Кайнатасы менен катышпай калган

Абдыкадыр Абдраимов Твердеги окууну бүтүп келгенден кийин 1930-жылы партиянын Ош округдук комитетинин маданий үгүт бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Аз өтпөй округдар ордуна облустар түзүлө баштаганда мурдагы кызматы жоюлуп, Абдраимовду Базар-Коргон райондук партия комитетинин катчысы кылып жөнөтүшкөн. Жалал-Абад облусундагы ири аймактын партиялык жетекчисинин кызматына дайындалганда ал болгону 25 жашта экен. 1931-жылдан тартып Сусамыр өрөөнүндө жайлоо комитетинин башчысы, андан партиянын Чүй райондук комитетинин катчысы болуп 1933-жылга чейин иштеген. Чүй райондук партия комитетинин имараты ал кезде Токмок шаарында турчу. Ошол жерден партиянын Кетмен-Төбө райондук комитетинин катчылыгына дайындалган.

Кетмен-Төбөдө иштеп турган кезинде Таш-Көмүрдөн Кетмен-Төбөгө чейинки дарыя бойлоп кеткен жолду курууга ири салым кошкон. Абдыкадыр Абдраимов комсомолдук, партиялык кызматтардын баарында жан-дилин берип иштеген. 1937-жылы Кыргызстан КП(б)нын биринчи курултайында Борбордук комитеттин соода бөлүмүнүн башчысынын кызматына которулган. Кийинчерээк республиканын дыйканчылык эл комиссары, андан соң «эл душманы», репрессия курмандыгы болуп, адам чыдагыс азап-тозокторго туш келип, мыкаачы тергөөчүлөр койгон айыптардын негизинде 1938-жылдын ноябрында атылган.

«Ата-Бейит».

Абдыкадыр Абдраимов өз колу менен толтурган өмүр баянында революциялык кыймылдарга катышпаганын, революциялык ийримдерге кошулбаганын, революцияга чейин эч бир куугунга кабылбаганын, жарандык согушта болбогонун атайын белгилеген. Бири экинчисине ишенбей турган калтыс учурда кагазга түшүрүп жазгандарынын тууралыгын ошол 1937-жылы Карасуу райком партиясында инструктор болуп иштеп аткан Саркеров, Жалал-Абад райондук райзонун башчысы Түлөбаев ырастап бере алышарын маалымдаган.

«Жашырбай баарын ачык жазыш керек» дегенге өзгөчө үмүт арткан жаш партиялык кызматкер 1932-жылы кайнатасы кулакка тартылып кеткенин, аялына үйлөнүп атканда ал киши андай «жат элементке» кирбеген жөн-жай бир киши болгонун билдирген. Сабатсыз караңгылыктын айынан ал киши макул болбогонуна карабай 13 жаштагы кызын күйөөгө берип ийген экен. Секелек кыздын укугун коргоп, аны айылдан шаарга алып келип тарбиялап, окутуп, кийин бойго жеткенден кийин ага үйлөнүп, кийин деле тарбиялап жатканын белгилеген. 1932-жылы аялы партия мүчөлүгүнө талапкер болуп катталып, бирок мүчөлүккө өтөрдө атасы кулак экенин жашырбай айта коём деп партияга өтпөй калганын, социалдык «жат элемент» болуп калган атасы менен байланыш-катышты толук үзүп койгонун жазган. Мына ушул кеңседе калчу жөнөкөй иш кагазынан 1930-жылдары аябай күчөп кеткен «тап күрөшүнүн» суук илеби уруп турат. Атасын баласына каршы кылып, бирин экинчисинен ажыратып, адам тагдыры түккө арзыбай, сталиндик куугунтук күчөп кеткенин архивдеги сары кагаз азыр да айгинелеп турат. Абдыкадыр Абдраимов аялы жалаң атасы эмес, башка шектүүлөр менен да мамилесин үзүп салганын белгилеген.

Абдыкадыр Абдраимов 4 балалуу болгонун, алардын чоңу сегизде, калганы кичинекей экенин, өзү болсо оорукчан болуп калганын, бутунун муундары какшап ооруп, ашказанында дарт бар экенин билдирген.

«Мени партиялык иштерге пайдалануу максатка ылайык келет эле деп ойлойм, ошол эле учурда окууга мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептейм. Мен дайым эле райондордо иштеп, билим жагынан кыйла артта калдым, ошондуктан теориялык жактан билимди тереңдетүүгө дагы эле кеч эмес деп ойлойм, ал үчүн мага окууга мүмкүнчүлүк бериш керек», - деп жазган Абдыкадыр Абдраимов.

Дагы караңыз Репрессия эч кимди аяган эмес

Абдыкадыр Абдраимовдун мындай ачык жазылган өмүр баянын окуган партиялык төбөлдөр кандай баа беришкенин айтыш кыйын. Андагы жазылгандар кийин НКВДнын тергөөчүлөрүн кызыктырып, анын ар бир үтүр-чекитине чейин кадалып окуп, партиялык билимин тереңдетүүгө куштар кызматкердин үмүт-тилегине жазанын эң оору – атууга кетирүү менен жооп беришти. Саясий көшөгөнүн артындагы былык-чылыктардан кабары аз, турмушта бийик нерселерге жетиш үчүн терең билим зарыл экенин туйган карапайым айылдык азаматтын жаңыдан башталып келаткан өмүр жолун орто жолдон кыркып, эртелеп жок кылып коюшту.

Барпы акындын айылдашы

Абдыкадыр Абдраимов - айтылуу Барпы акын чыккан жердин кулуну. Кызмат, билим алуу абыгерчилиги менен жүрүп ал улуу таланттын жашоо-турмушун деле билбей калган болуш керек. Жер-суу реформасы, ага тушташ басмачыларга каршы уруш, катаалдыгы андан кем калбаган «тап күрөшү», «эл душмандарын» жок кылуу өнөктүгү күчөп турганда кылымда бир жаралчу Барпыдай улуу акындын жашоо-тиричилигине, турмушуна кызыккан киши ал учурда чыккан эмес. Улуу талант унутта калган. Айтса, эл башына түшкөн кыйынчылыктарды Барпы акын да көрүп, кыргыз мамлекетинин пайдубалын коюшуп, анын кабелтең турушуна колунан келишинче аракет кылган алгачкы муун кыргыз азаматтарын бир четтен жок кылып, совет асманын коркунуч, үрөй учурган жазалоо өнөктүгү күчөп, кандай жигиттер курмандыкка чалынып жатканын угуп-билген болуш керек.

Абдыкадыр Абдраимов тууралуу ушул материалды даярдап жатканда аны билген айылдаштары дээрлик калбаганын, ал өзү каргадай кезинде кызматын кылып, үйүндө жүргөн Мырзакарим Бегалиевдин урпактары айылда бар экенин, анын бай экенин айылдаштары кеп кылышарын уктум. Кийинки муун арасында Абдыкадыр Абдраимов тууралуу уккандар, анын өмүр баянынан кабардар кишилер табылбады. Абдыкадыр Абдраимов атасынан эрте жетим калып, кичинекей карындашын өзү чоңойткон, карандай эмгеги, мээнеткечтиги менен учурунда билим алып, кыргыз советтик мамлекетин түптөгөндөрдүн катарында болгон. Архивдик маалыматтарда анын өз ишине ушунчалык тыкандыгын, эч нерсени жашырбас ачыктыгын байкоого болот.

Жанатан бери кеп кылып аткан жеке баракчасын толтурган кезде Абдыкадыр Абдраимов Фрунзе шаарынын Дзержинский көчөсүндөгү 116-үйдө турарын маалымдаган. Репрессия толкунуна туш келген кыргыз каймактарынын көпчүлүгү баш калаанын ушул борбордук көчөсүндө жашашкан. Ошол кыргыз элитасынын үйүнө НКВД кызматкерлери түн жамынып келип, элейген бала-чакасынын көзүнчө үйүндө болгон буюм-тайымын алып, чиедей балдары менен жалгыз калган жарын көчөгө чыгарып, үйдү жаап, эшиктин сыртына кагаз чаптап кетишчү. Эшикте жамгыр жаап атканы же кар сампарлап турганы коопсуздук кызматкерлерин ойлонткон эмес. «Эл душманына» эч кимисинин боору оорубай, алардын атылышын көпчүлүк жыйындарда дуулдап колдоп, кечээки жалындуу коммунист бүгүн душман болуп чыга келген.

Заман өзгөрүп доор алмашпаса большевиктер партиясынын жетекчиси баштап берген канды булоондун ачуу чындыгы билинбей эле калмак. Дүйнөнүн түркүгү болчудай бекем турган социализм урап түшүп, Кыргызстанга эркиндик, аны менен кошо айкындык келбесе кийинки муундун көбү кандуу окуялардан кабарсыз калмак. Мезгил бүктөмүндө унутулуп калган андай алааматтар адамзат тарыхында көп болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.