Ракка чалдыккан кыз-келиндерге кам көргөн эне

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жашы жетимишке таяган Шайырбү Сагынбаева бир нече жылдан бери онкологиялык диагноз коюлган кыз-келиндердин дарылануусуна жардам берүү үчүн чакан тигүү цехти иштетип келет. Өлкө боюнча жүздөй аялга жетти. Көп учурда Шайырбү онкологиялык ооруга чалдыккан аялдардын тагдырына ортоктош болуп, акыркы сапарга да узатат.