Дүнүйөпараздын шумдуктуу вазасы ай!

Жазуучу Талант Разаков. 2011-жылдын 20-апрели.

Киши баласынын өз ара мамиле-катнашынын кандайлыгын күндөлүк көр турмуштун өзү эле сындан өткөрүп, баасын берип коёт. Артынан көңүл калуу, нааразылык, таарынычтар чыгат. Талант Разаковдун “Ваза” деген аңгемесинин көмүскө өңүтүн адабиятчы Бекташ Шамшиев эсибизге салат.

Курулуш достук

Эмилбек менен Эргешбайдын достук мамилеси мындан үч жыл илгери башталган. Экөө бу күндөлүк турмуштун түгөнбөгөн түйшүктөрү менен жүрүшүп таанышып калышкан.

Бирөөлөр аркылуу албетте, бирок да жылдыздары келишип калган экен, тез эле ынтымак достордон болуп калышты. Эмилбек кара жумушка жок, өзү айткандай, “советтик интеллигенсия” өкүлү, тер чаччу жерге келгенде тез эле ташыркап, кетмен-күрөктү башка бирөөлөргө берип, өзү баш-көз болуп жанында турганды жакшы көрчү.

Дагы караңыз Кызык бул жакта...

Шаардагы кабат үйдө жашаганы менен түйшүк деле биртоп го. Дача салмай, анын толгон иштери, алары аз келгенсип мончосу. Мына бүгүн базарда досун машинесине салып алып ошол дачасына баратты. Эргешбай кара жумушка бышкан, бирөөгө бейчеки сөз сүйлөбөгөн, колунан келсе адамдардын баарына жакшылык гана кылсам деген карапайым жигит.

Колдору апакай үлбүрөгөн Эмилбек менен кез-кез сүйлөгөнү болбосо дугдуюп алып иш кыла берчү Эргешбай экөөнүн аккан доско айланып кетиши башкалар эмес, өздөрүнө да табышмак болчу. Бири экинчисине коошпогон эки адамдын кантип жана кандайча дос болуп калышы дачанын курулушунан башталды окшойт.

Дача турмушунан. Татарстан, Орусия.

Эргешбай үлбүрөгөн досунун колунан эч нерсе келбешин көргөн соң курулушту өзү баштап, аягына чыкты.

“Көңүлү түз кишинин кылаары ушул да. Учуң узарып дегендей эле дүнүйөң түгөл, көңүлүң кушубак мындай досуң болсо. Анын үстүнө Эргешбайдай устага кара жумуш эмне, көнүп калган иши да. Эмилбек Турсунбаевич деле түшүнүктүү киши эмеспи, Эргешбайдын адамгерчилигин көрүп жетине албай сүйүнгөн. “Жамандын досу көп, жанына бир тыйын пайдасы жок” деген аялынын каңкуу сөзүнөн кутулуп, эки сөзүнөн бир сөзү Эргешбай. Каерде болбосун, оң келбесе да кошот Эргешбайды сөзгө, бир ооз жакшы сөз айтмайын жаны тынбайт. Эргешбайдын өзүн көрбөсө да ал жөнүндө укпаган таанышы калган жок. Эмилбек Турсунбаевичтин жоролору өзүнө окшоп устачылыкка жок, кол учу менен оокат кылган кишилер эле. Андай болгондон кийин баары Эргешбайдын элесин алп мүчөлүү, жаркын мүнөздүү, ичиндеги кысталыш ишти өзү билип шашылыш бүтүрүп жибере турган бир укмуш азамат катары элестетишип, “тү ата-а, иши оң келгендин ити чөп жейт деген ушу да, карасаң, кээ бир кишиге кудайым достун устасынан айтат экен, биздики балчык кечкендей бир сөзүн унутуп миң кайталап, мээңди кагып колуңа карматканга гана караманча уста” дешип ичтеринен сызгандары канча.”

Алардын антип шыпшынып Эмилбекке суктанганынчалык бар. Досунун үлбүрөгөн апакай колу кара жумушка таптакыр жок экенин көргөн соң Эргешбай дачанын кышын өзү эле коюп, сыртынан көргөн кишини ыраазы кылчудай тыкан үйдү куруп койду.

Дача дегениндин деле түйшүгү биртоп, шаардан ташына бересиң, ташына бересин деле аягына чыкпаган узун жумуш. Мына бүгүн эки дос дачага мончо курганы кетип атышат.

Эмилбектин кыздай буралган сулуу аялы тамак-ашты машинеге болушунча жүктөп, үчөө жолдо жыргап бакылдап баратышат. Эмилбек мончону ашар кылып дубалын тургузуп койгонго тааныштарын да чакырган. Алар келгиче Эргешбай керектүүлөрүн бир жерге жыйып, шаймандарын белендеп отурду эле көпчүлүк түшкө жетпей чакан дубалды тикелеп коюшту.

Андан кийин албетте, тамак, ачкыл суунун азабын берип, тоо арасындагы таза абада тамаша кептер айтылып, тост сүйлөгөндүн баары Эргешбайды мактап жатышты. Көпчүлүктүн мактоосу да туура эле. Эмилбектин жоролору кара жумушка жок, анткен менен сөзгө кыйын немелер Эргешбайдын эмгегин баалап, баары мактап, отуруш кызуу өтүп жатты.

Палоо (аш) да келди!

Бир маалда алдыга тамак келди, Тургунбү келиштире аш баскан экен ичтейи ачылып калгандар жапырт табакка карашты. Отургандар Эргешбайдын ашты кол менен жейин деген сөзүнө макул болушту, эч кимиси жийиркенбестигин билдиришти. Аштын артынан чай, болгондо да самоордун чайы келип, мончо курулушуна келгендер жыргап отурушту.

Баарынан да шаардын түтүнүнөн чыгып таза абада кенен жерде ачык отурушканына ыраазы болушуп, ортодо сөз кызып, баарынын чечекейи чеч.

Дача тоонун бийик капчыгайынын оозунда, шар аккан чоң суунун боюнда экен. Түркүн-түс гулдөр, адамдын дене боюн сергиткен салкын аба, жашаң чөп үстүндө отургандар ичимдикке кызып, чекесинен нымшып тер чыгып, анан баары жаңы эле колдорунан чыккан ишке - дубалы туруп калган мончону карап, анын тегиз кыналган кыштарын койгон Эргешбайга кандай мактоо айтсак дегендей көңүлдөрү көтөрүңкү болчу.

Деңиз жээгиндеги ваза, гүл, мөмөлөр.

Балакеттүү ваза

Тургунбүнүн тамактары коюлган үстөл үстүндө кооз вазага салынган тоонун гүлдөрү буруксуп, баарысы сонун эле. Отургандардын бири балык көз вазаны айтып, сулуу аялдын буюму деле өзүндөй болорун сүрөттөп, тамак ташып аткан үй кожейкесинин көңүлүн көтөрүп койду.

Ошону менен ваза тууралуу кеп деле болмок эмес. Отургандардын бири “дем албас кылчу экен” деп койбоспу.

Кызыктын баары ушул жерден башталды. Кызып калгандар ишти баарынан мыкты кылган, тамакты да башкаларга караганда өзгөчөлүү (ашты кол менен жеген) Эргешбайды сындан өткөрүүнү каалап калышпаспы. Баарысы бала кезде “дем албасты” көрүп, көрбөсө да угуп калышкан. Кыштын узун түндөрүндө айылда чогулуп бозо ичишчү жоролор кээде кечигип калганды, болбосо ырдай албагандарды, айып кылгандарды чоң аякка толтура бозо ичирип кыйнашчу.

Дагы караңыз Таштанкул Бөрүбаев калтырган «Кыргыз даамы»

Анын үстүнө Эргешбай өзү да “мынабу вазага толтуруп ичсең да тойчудай эмессиң” деп койбодубу, анан башталды.

“ – Дем албас кылайын дегениң го, Эргешбай палван, - деди балык көз кызыгып. – Бала кезде бир көргөнүм бар дем албасты. Чоң кара аякка бозо куюлат. Ошону дем албай жутуу керек, дем алдың кайра куюлат. Кусуп койсоң ыштырабыңы тартып, отургандарды үйүңө чакырасың коюңу союп, бозоңу камдап. Ой илгерки заманда укмуштар көп эле. Азыр андай кызыктын бири жок.

Балык көз Эргешбайды “ ай ушу, сенин колуңан келер бекен дем албас, келбес бекен, сен деле бизге окшоп бир ичеги болсоң керек, күржүйгөнүң менен” деп сынай карады.

- Эргешбайдай жигитке ваза менен дем албас кылыш кеп бекен. Эргешбай оңой жигит көрүнбөйт силер ойлогондой. Илгерки эр-азаматтардын азыр уругу куруп кеткен эместир, - деди отургандардын кимдир бирөө дагы шайтандай болуп.

- Кана, көрөбүз Эргешбайдын күчүн, “мактанган кызыңар тойдо уят болбосо” болду”.

Эргешбай вазага куюлган максымды ичип коюшунан чочубады, анын оюнда мурда-кийин тааныбаган адамдар эмне ойлоп калат деген күдүк турду. Отургандардын биртобу мактап, калгандары сүрөп артка кайтууга болбой калды.

Балык көз апачык эле Эргешбайды тике карап вазадагы максымды ичип ийсе эки бөтөлкө арак коймой болду. Ал кезде ичкиликке тыюу салынып, арак саналуу гана дүкөндөрдө белгилүу гана убакта, анан да бир кишиге эки бөтөлкөдөн ашуун сатылбай калган кези.

Дагы караңыз Текшерүүчү мугалимди уяткарды

Бирок да ваза деле оңой эмес. Аны шыпкай ичкен кишиге эки бөтөлкө коюш болбостугун айтышып, мелдешке беш бөтөлкө коюлмай болду. Мелдешке күбө болгондордун көз акысына дагы эки бөтөлкө кошууну макулдашты.

Тамаша сөз чынга айланып баратканына Эргешбайдын жини келип, колун шилтеп кетип калгысы келди. Бирок Эмилбектин көңүлү, анан да оозунан жаңылып алганын ойлоп макул болду. Анын үстүнө шарты да жеңил болгону турат.

Эгер Эргешбай иче албай калса отургандар бир бөтөлкөдөн коюп мөрөйү үстөм болчу балык көзгө куюп беришет. Жеңсе да, жеңилсе да Эргешбай утулбайт, эки жагынан тең сый көрөт. Кызып калгандар утулгандар аракты ушу азыр алып келиши керектигин айта башташты эле, балык көз “менин эмне арак зоотум бар беле”, утулсам, эмдиги базарда жети бөтөлкөнү алып баарыңарды чакырам, деп уу-дууну басты.

Болду анан вазадагы сууну төгүшүп, мелт-калт кылып максым куюшту. Эргешбай аны колуна алп кылкылдатып жута баштады.

“Айланага саамга “курк-курк” этип максымдын жутулганы гана угулуп калды. Эргешбай күртүлдөтүп жутуп атат, жутуп атат, тез эле жарымынан эңшерип ийди.

- Өлдүң, - деди кимдир бирөө.

Жарданып тургандар бул сөз Балык көзгө чыгарылган өкүм экенин түшүнүшүп, жагымдуу жылмайып алышты. Балык көз болсо таң калгандай Эргешбайдан көзүн албайт.

Эргешбай дем албай максымдын баарын жутуп, аягында “карк-карк” кекирип алды. Бирок жакшы, кускан жок. Өзүнө өзү ыраазы болгондой курсагын сылап койду, бир колу менен. Бир колунда ваза.”

Балык көз жеңилгенин мойнуна алып, эмдиги сый өзүнөн болорун жарыя кылды. Отургандар жанданып, Эргешбайды жылмая карап, баары мактоо айта баштаганда ойдо жок иш болуп кетти.

Дагы караңыз "Орусияга таянсак да, өзүбүзгө сак бололу"

Жана аш жегенден кийин колунун майын жакшы аарчыган эмеспи, сүйүнүчтө колундагы ваза шарак этип жерге түшүп сынып калбаспы.

Кайненесинен калган эстелик буюм экенин айтып отурган Эмилбек жарым миң сомдук вазасынан ажыраганга катып калган Тургунбүнү жектеп кирди.

Сурданып: “айткамын, мынабу ээленген катынга, калтыргын эй, калтыргын, сынат, койгун” деп, чарк эткени, “э, сынса буюм экен, башы-көздөн садага” деп бозоргон күйөөсүн жайгарып коюштун ордуна өң-алеттен кетип, көзүнөн салаа-салаа жаш төгүп аткан аяшын карап Эргешбай аябай осол абалда калды.

Дагы караңыз СОЛТОНБЕК ШАРШЕНОВ: «Кыргыз көркөм өнөрүнүн каймактары" менен бирге болдум

Баарынан да Эмилбектин аялына: “Эми башыңды ташка койгуласаң да ваза жок. Ушуну көрмөксүң” деп каракөк болуп алганы таң калтырды.

Оо, Кудай, бир буюмга эрдик-катын ушунча күйөбү! Уялганынан эмне кыларын билбей, “айланайын аяш, буюм сынса табылар, мынчалык кейибеңиз, шайтандай болуп кайдан да ала койдум эле” деген Эргешбайдын жайкатма сөзү талаага кетти.

Баарынан да балык көзгө эмне жок: “Сага киши экен деп берсе кыларың ушул беле, ой бала”, - деп атпайбы акылдуусунуп.

Жети бөтөлкө аракка жыгылыштуу болуп, ичи ачышып турган неме бир ваза максымды кенебей тартып ийген устадан ушинтип өчүн алайын деди окшойт. “Бирөөнүкү да, өзүнүкүн антпей калсын”, дегеничи.

Дагы караңыз МИСМИЛДИРИК: Канабайрамдын карттанган жарасы

Эргешбай ачууга буулуккан досунан да, көз жашы мончок болуп төгүлүп аткан сулуу аяшынан да көңүлү калып, чыдай албай шарт бурулуп жөнөй берди.

Көңүлүнүн тээ тереңинде бир алдамчы ой досуң “токто, кой” дейт, алдыңа түшөт деп жооткотту. Анын ордуна жайыл дасторкон сулуу аяшынын “колуңа жара чыксын” деген каргышын эшитип, артын карабай бул жерден алыстагысы келип ылдамдай басты.

Талант Разаков.

Бир жума өтүп-өтпөй так ошондой вазаны сатып алып Эргешбай досунун үйүнө келип колуна карматты да, баалуу вазаны этият кучактаган досу менен коштошпой артына кайрылды...

Талант Разаков жөнөкөй бир турмуштук көрүнүш аркылуу өлүү дүйнө азгырыгына алданган көрпенденин элестүү бейнесин түзүп берген.

Деги, бул көр турмушта дагы канчалаган вазалар көңүл сындырды экен?