Өзөктүк курал-жаракка тыюу салган келишим күчүнө кирди

Америкалык алааматтуу өзөктүк бомба жардырылган соң. Нагасаки, Жапония. 1945-жылдын 9-августу.

Дүйнө жүзүндөгү өзөктүк курал-жаракка тыюу салган эл аралык келишим 22-январда күчүнө кирди. Бирок өзөктүк куралдары бар делген мамлекеттер андан оолак кала берип жаткан чакта, бул келишимдин тагдыры суроо жаратууда.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш 22-январда жарыялаган билдирүүсүндө “Өзөктүк куралдарга тыюу салуу тууралуу келишим” (ӨКТК) “өзөктүк куралдардан эркин болгон дүйнөгө жетүү максатын карай олуттуу кадам” болуп саналаарын жана өзөктүк куралсыздандырууга жетишүү үчүн көп тараптуу турумга карата эл аралык коомчулукта кубаттуу колдоо бардыгын айгинелеп тураарын баса белгиледи.

Гутерриш акыркы 20 жылдан ашуун мезгил ичинде өзөктүк куралсыздандыруу жаатындагы алгачкы көп тараптуу келишим күчүнө кирип жатканына канааттангандыгын айтты жана бардык өлкөлөрдү жалпы коопсуздук жана жалпы эсенчилик үчүн ушул келишимди жүзөгө ашырууга чакырды.

1945-жылы августта Хиросимадан кийин экинчи болуп өзөктүк соккунун алааматын баштан кечирген Нагасаки шаарындагы Тынчтык айкелинин айланасында көгүчкөндөр учуп жүрөт. 2010-жылдын 9-августу.

Бул келишим өзөктүк куралдарды өнүктүрүү, өндүрүү, сыноо жана колдонууга тыюу салат. 2020-жылы 24-октябрда аны 50-өлкө (Гондурас) ратификациядан өткөргөн.


Андан бери 90 күн өттү да, бул эл аралык мыйзам күчүнө кирди.


Африкадагы Бенин Республикасы 2020-жылы 11-декабрда келишимди ратификациялаган 51-өлкө катары тарыхта калды.


Түштүк-Чыгыш Азиядагы Камбожа падышалыгы 22-январда бул келишимди ратификациядан өткөргөн 52-өлкө болуп калды.

1945-жылы 6-августта Хиросимадагы жана 9-августта Нагасакидеги АКШнын учактары таштаган өзөктүк бомбанын жардырылышынын айынан 200 миңден ашуун киши набыт кеткен. Өзөктүк бомба үйүнүн азыркы көрүнүшү. Хиросима, Жапония. 2020-жылдын 6-августу.


2017-жылы Бириккен Улуттардын Башкы жыйынында 122 мамлекет тарабынан дал ушул өзөктүк курал-жаракка тыюу салган эл аралык келишим жактырылган. Бул – БУУга мүчө өлкөлөрдүн дээрлик үчтөн экиси маанилүү келишимди колдогонун көрсөтөт.

Казакстандагы Семей шаарынан анча узак эмес жайгашкан, бир кезде жабык аймак болгон Курчатов шаарынан 45 чакырым алыстыкта советтик өзөктүк куралдын сыноолору жүргүзүлгөн. Азыр ал жер какырап бош турат. 2009-жылдын 18-июну.


Бирок ошол добуш берген өлкөлөрдүн ичинен 88и (2021-жылдын 22-январына карата) келишимге кол коюшту жана алардын ичинен 52си гана аны ратификациялап, өздөрүнүн мамлекеттик мыйзамына айландырышты.

Ал эми ушул тапта өзөктүк согуш куралы бар деп саналган тогуз өлкөнүн – АКШ, Израил, Индия, Кытай, Орусия, Пакистан, Түндүк Корея, Улуу Британия жана Франциянын – эч бири өзөктүк курал-жаракка тыюу салган эл аралык келишимди азыркыга чейин колдоого алган жок.

СССР маалындагы Семейдеги өзөктүк жардыруулардын айынан жапа чеккендердин бири, колу жок сүрөтчү Карипбек Күйүков музейде өзү тарткан боёк сүрөттөрдүн жанында. Алматы. 2019-жылдын 18-октябры.


Семейде совет доорундагы өзөктүк жардыруулардын өлчөөсүз зор кесепетин көргөн Казакстан бул келишимди 2019-жылы 29-августта ратификациядан өткөргөн болчу.

Кыргызстан болсо азырынча дүйнө жүзүндөгү бул келишимди колдоого ала элек мамлекеттердин арасында турат. Кыргызстан советтик өзөктүк куралдар жана өзөктүк отун үчүн уран өндүрүлгөн жумурияттардын бири болгон.

Дагы караңыз Уран калдыктарын көчүрүүгө акча тартыш


Кыргызстандын эколог адистери өлкө аймагында СССРдин аскердик өнөр жайынан мураска калган уран калдыктары толтурулган жана радиоактивдүүлүгү боюнча чочулаткан 28 таштанды сактагыч жай бар экендигин, алардын Майлуу-Суу таштанды кампасы сыяктуу айрымдарынын абалы жалпы чөлкөм үчүн өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын айтып келишет.

Томсоргон Миң-Куш


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка Миң-Куш, Шакафтар, Кара-Балта, Кажы-Сай, Ак-Түздөгү уулу зат калдыктары сакталган жайларды оңдоп чыккан.

Бирок экологдор жер титирөө коркунучу бар бул өлкөдө узак мөөнөттүк коопсуздук камылгаларын андан ары күчөтүү керектигин баса айтып келишет.