Катар тың мигрантка эшигин ачат

Катардын борбору Доха шаарынын көрүнүшү

Катар дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн бири. Бул жакка акыркы жылдары кыргызстандыктар көбүрөөк кызыгууда. Иштеп, каражат тапканга мүмкүнчүлүк издеп жатышат. Жол-жобосу, шарттары кандай? "Элдик экономика" түрмөгүндө сөз кылалы.

Тажикстан Катардын тилин тапты

Катар Перс булуңундагы чакан мамлекет. Аянты Баткен облусунан кичирээк. Анын да негизги бөлүгү - чөл. Буга карабастан Катар бир нече жылдан бери ички дүң жыйымын (ИДП) жан башына эсептегенде дүйнөдө алдыда келатат.

Акыркы статистика боюнча, катарлыктын жылдык орточо кирешеси 130 миң доллардан кем эмес. Дүң жыйымдын жарымынан көбүн газ менен мунай түзөт.

Катарда курулуп жаткан жаңы стадиондордун бири.

Катар чет элдик инвесторлорду энергетикадан башка да тармактарга тартууну көздөөдө. 2022-жылы дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүүгө камылга көрүп жатат. Бул үчүн ондогон ири курулуштарды баштаган. Албетте ал тармактарда иштөөгө, аларды тейлөөгө экономикасы чабал өлкөнүн жарандары агылып келүүдө. Учурда негизинен Индия, Пакистан, Непал, Филиппин, Бангладештен келген мигранттар басымдуу. Борбор азиялыктар да өз мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатышат.

3-февралда Тажикстан менен Катар бийлиги атайын келишимге кол коюшту. Ага ылайык, коңшу өлкөнүн жарандары быйылкы жайдан тарта Перс булуңундагы бул өлкөгө мамлекеттин көмөгү менен жумуштарга жөнөтүлүп турат.

Тажикстандын Эмгек министрлигинин миграция башкармалыгынын башчысы Саидасрор Саидов келишимдин чоо-жайына токтолду:

- Ресторанда, мейманканада иштегендер керек экен. Ошондой эле медициналык персонал - медайымдар жана орто деңгээлдеги дарыгерлер. Мындан тышкары жогорку билимдүү, англис же араб тилин орточо билген инженерлерге муктаж экен. Биздин эмгек мигрантттарыбыздын көбү курулуш тармагында дасыккан эмеспи. Бирок катарлыктар курулушка тартпайбыз дешти. Анткени климаты катаал экен. Биздин жарандар андай шартта иштей албашы мүмкүн, анын үстүнө айлыгы да тейлөө тармагына караганда азыраак дешти. Ошондой эле алар жеке күзөт мекемелеринде иштесе болот деген сунуш түштү.

Ошол эле маалда канча тажикстандык барып иштей турганы белгисиз:

- Катарлык кесиптештердин маалыматында, азыр ал жакта дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген 1 миллион 800 миң эмгек мигранты бар экен. Бул өлкөнүн жергиликтүү элинен бир нече эсе көп. Ошондуктан сүйлөшүү учурунда катарлыктар биздин мигранттар үчүн кандайдыр конкреттүү квота бербейбиз дешти. Баары биздин жарандардын квалификациясынан көз каранды, – деди Саидасрор Саидов.

Кыргызстан сүйлөшүп бүтө элек

Кыргызстан-Катар ортосунда мамлекеттик атайын келишим жок. Дохадагы элчи Нуран Ниязалиев ага жетишүү үчүн 2016-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Алигиче натыйжа чыкпай жатканына мындай жүйө айтты:

- Себеби кыргыз тарап мүмкүн болушунча жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын ушул долбоорго киргизүүнү каалап жатабыз. Катарлыктар “бул бардык башка мамлекеттер менен кол коюлган долбоор, ошондуктан ушул документке кол коёлу” деген сунушун айтып атышат. Эми бул сүйлөшүүнүн негизинде чечилет да.

Ага чейин Миграция кызматынан лицензия алган жүздөн ашуун жеке компаниянын төртөө-бешөө кыргызстандыктарды Катарга жумушка жөнөтүү менен алектенет.

Алардын сайтына баш багып, дээрлик баарында “англис тилин жакшы билиши керек”, “курагы 30-32 жашка чейин болсун” деген негизги талапты окудук. Тейлөө жагында тажрыйбасы болсо андан жакшы дейт “Араб борборунун” директору Гүлнара Мурзабекова:

- Бул негизинен жаштар үчүн программа. Анткени алар официанттарды, бармендерди, мейманкана тейлөөчүлөрүн алышат. Отуздан жашы өтүп кеткендер башка, айлык акысы жогору жумуштарга тапшырса болот. Биз негизинен мейманкана, ресторан, дүкөн, дюти-фри жана аэропорттордогу иштерге жөнөтөбүз.

Мындай тейлөө жагында иштегендер үчүн баштапкы айлык акы 450-500 доллардан башталат. Айлык аз, бирок анын үстүнө кардардын берешендигине, жумушчунун ишиндеги мыктылыгына карап “чайлык” акча, сый акы да кошулушу мүмкүн. “Sun Rise” компаниясынын жумушка орноштуруу долбоорлорунун жетекчиси Урмат Боронбеков дагы кошумча шарттарды санады:

- Жатаканасы, тамак-ашы бекер. Виза, медициналык камсыздандыруунун баарын жумуш берүүчү төлөп берет. Биз жөнөткөнүбүз үчүн гана акы алабыз. Кээде акысыз жөнөтүп да калабыз. Мисалы, эки жума мурда 60 жараныбызды Катарга акысыз эле жумушка орноштурдук.

Боронбековдун айтымында, бардык эле араб өлкөлөрүнө жумуш келишими эки жылга түзүлөт. Кайсы бир кесиптерге талап да, айлык да жогору:

- Медайымдарды, тиш доктурларды жөнөткөнбүз. Тиш доктурдун айлыгы 4 миң доллардан көбүрөөк. Ал эми медайымдардыкы 2 миңден башталат. Ар бир кесиптики ар кандай. Биздин диплом ал жакта каралат.

Кирешеге жараша чыгаша

Жогоруда сөз болгондой, айрым жумуш берүүчүлөр жатакана жана тамак-ашын камсыздап берет. Ал эми андай шарт түзүлбөгөн учурдагы бир кишинин айлык чыгымы канча? Катарда бир нече жылдан бери жашаган, активист Азамат Кармышаковдун эсеби мындай:

- Эң кымбаты - батир ижарасы менен транспорт. Бир бөлмө батирди 800-1000 долларга беришет. Албетте аны бир нече киши алып, бөлүп төлөсө болот. Метрону эми ачканы жатышат. Коомдук транспорт тартыш. Жумушка көбүнчө такси менен барышат. Такси менен барып келүү орточо 60 риал (1150 сом). Азык-түлүктү сатып келип үйдөн тамактанып, жумушка үйдөн жасап барса болот. Ага деле 200-300 доллар кетет.

Ошон үчүн медицина, энергетика, IT ж.б. тармактарга ишке чакырылган дипломдуу адистерди мына ушул чыгымдарды күн мурдатан келишимге коштуруп алууга чакырат Азамат.

Катардагы кыргызстандыктар

Элчи Нуран Ниязалиев да келе жатканда келишимди кылдат карап, текшерүүнүн зарылдыгын айтат:

- Айта кетчү нерсе, жарандарыбыз жумуш сунушталып жатканда көбүнчө жарым бет барактан турган документке кол коюшат. Ал жерде кыскача гана жазып коет. Келгенден кийин берилчү жатаканасы кандай абалда болот, жумуш убактысы канча жана башкасын тактап алыш керек. Аны сүйлөшпөй келип алганда көйгөй жаралып жатат. Катарга келерде кадимки жумуш келишимине кол коюу керек. Ал беш-алты беттен турган документ. Жумуш боюнча маселелер майда-чүйдөсүнө чейин жазылат.

Эң негизги проблемалардын бири - жумуштан чыгып кетүү. Анткени “500-600 доллар айлык” десе кыргызстандыктар үчүн көп сезилет. Бирок Катарда жашоо кымбат. Жумуш берүүчү "жатакана, үч маал тамак-аш" деши мүмкүн. Ошондо да 500-800 доллар азыраак. Ошон үчүн келип эки-үч ай иштегенден кийин “Кыргызстанга кетем, бул жумушта иштебейм, же башка жумушка которулганга жардам бергиле” деп кайрылышат. Ал эми жумуш берүүчү “бул келишимге кол койгон. Визасына, учак билетине төлөгөм, ошон үчүн иштеп бериши керек” деп талап коёт. Ошондо биз кийлигишип, тиешелүү министрлик же жумуш берүүчү менен байланышып, чечүүгө аракет кылабыз.

Элчи Нуран Ниязалиев жана Катардын эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани

Деген менен Дохадагы мекендештер алгач аз айлыкка чыдап иштей турууга чакырышат. Бир жумуш келишими бүткөнчө - эки жыл ичинде тартибине көнүп, тилди дагы дурустап үйрөнгөн соң айлыгы да, шарты да жакшыраак жумушту табууга мүмкүнчүлүк бар дешет алар.

Катарга жөн гана эс алганы барууга да виза алуу керек болот. Андай туристтик виза менен барып иштеп калууга дээрлик мүмкүн эмес дешти биздин маектештер. Атайын чакыруу менен баргандарга жумуш картасы берилет. Элчинин айтымында, ал карта болбосо ооруканага көрүнүү, батир ижарага алуу, жада калса чөнтөк телефонго номур да алалбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.