Кувейт-АКШ: коңшулар чырын жоюуга аракет

Катар мамлекетинин картасы.

АКШ менен Кувейт Катар менен бир катар араб өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык чырды токтотууга ортомчу болуп берүүгө даярдыгын билдиришти.

Кувейт араб мамлекеттеринин ортосундагы пикир келишпестикти чечүүгө ортомчу болууга ниеттенип жатканын 6-июнда Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдулрахман ал-Тани билдирди. "Ал-Жазира" телеканалы аркылуу жасаган билдирүүсүндө министр Доха бул чырдын мындан аркы эскалациясына жол бербей турганын айтты. Ал кризисти чечүү үчүн “ачык жана акыйкат диалогго” чакырып, Катар Кошмо Штаттар менен дагы мамилесин бузбай турганын билдирди. Перс булуңундагы бул чакан өлкөдө АКШнын ири авиабазасы жайгашкан.

- Кошмо Штаттар менен мамилебиз стратегиялык болуп саналат. Биздин ортобузда да пикир келишпестик бар. Бирок кызматташтыгыбыздын мааниси пикир келишпестиктерден алда канча чоң, - деди Абдулрахман ал-Тани.

Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдулрахман аль-Тани.

Өз кезегинде АКШнын расмий өкүлдөрү тараптар ортосундагы чыңалууну басаңдатууга аракет көрүшөрүн билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысынын орун басары Сара Хакаби-Сандерс да 5-июнда өткөргөн маалымат жыйынында айтты:

- АКШ президенти Дональд Трамп бул процесске катыштыгы бар бардык тараптар, бардык мамлекеттер менен сүйлөшүүгө даяр. Биз бул кризисти чечүүгө болгон аракетибизди улантабыз жана бардык өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшөбүз.

АКШ президенти Дональд Трамп эки апта мурда Сауд Арабияга алгачкы тышкы сапары менен барган. Анда Кошмо Штаттардын лидери экстремизмге каршы күрөшүү үчүн мусулман мамлекеттеринин биргелешкен фронтун түзүүгө чакырып, Иран жана анын союздаштарын аймактагы чыңалуунун булагы катары белгилеген.

АКШ президенти Доналд Трамп эки апта мурда алгачкы тышкы сапары менен Сауд Арабияга барган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоганды абалды талкуулоого чакырган соң, Анкара кризисти токтотуу үчүн активдүү киришкенин билдирди. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 5-июнда Германиянын тышкы иштер министри Сигмар Габриел менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

- Соңку кырдаал бизди кабатырлантты. Биз алакалардын ордуна келишин колдойбуз. Биз бул суроону бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө да талкууладык. Германия дагы ошондой эле көз карашта экенин байкадык.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 5-июнда кризисти жайгаруу үчүн тараптарды диалогго чакырды.

"Коңшулар туруктуу. Географияны өзгөртө албайсың. Бир нерсеге мажбурлоо эч качан жакшы чечим болгон эмес", - деп Зариф Твиттердеги баракчасына жазды

Дагы бир ирандык аткаминер анын өлкөсү Катарга азык-түлүктү деңиз аркылуу экспортторун маалымдады. Анткени Сауд Арабия Катарга кетчү кургактагы жалгыз жолду жаап салган. Бул жол аркылуу негизги азык-түлүк келгендиктен, Катардын өзүндө бир күн мурда дүкөндөрдө эл азык-түлүк алуу үчүн узун кезектерге турууга мажбур болушту.

Ирандын жарым-жартылай мамлекеттик "Фарс" агенттиги Айыл чарба продукциясын экспорттоо союзунун төрагасы Реза Нураниге шилтеме жасап, Тегерандан Катарга азык-түлүк 12 саатта жетиши мүмкүндүгүн жазды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 5-июнда Беларустун баш калаасында өткөргөн маалымат жыйынында Москва Жакынкы Чыгыштагы кризистин жайгарылышына кызыкдар экенин билдирди.

- Албетте ар кандай пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Башка мамлекеттер ортосунда чыр чыгып жатканы бизди кубандырбайт. Биз бардык өлкөлөр менен, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер менен жакшы алакада болууну көздөйбүз. Бул аймакта азыр бардык күч баарыбыз үчүн чоң коркунучтуу эл аралык терроризмге гана каршы багытталышы керек.

Катар менен байланышын үзгөн төрт мамлекеттин катарына бир күндөн кийин Ливия, Йемен жана Малдив Республикасы да кошулду. Алар Катарды экстремисттик уюмдарды колдоп, аларга каржылык колдоо көрсөтүп, аймактагы туруксуздукка жол берип жатат деп айыпташты. Йемендеги Ирандын колдоосуна ээ шиит козголоңчулары - хуситтерге каршы согушуп жаткан Араб мамлекеттеринин коалициясынан Катардын аскерлери чыгарылары да маалымдалды.

Аймакта Катарды изоляцияга алуу процессине кошулбаган Кувейт менен Оман мамлекеттери калды.

Бириккен Араб Эмираттарынын Etihad, Fly Dubai жана Air Arabia авиакомпаниялары, ошондой эле Саудиянын Saudi Airlines компаниясы 6-июндан тарта Катарга бардык каттамдарын токтото турарын жарыялады. Ал эми Катардын Qatar Airway авиакомпаниясы да 5-июндан тарта Сауд Арабияга учпай калганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.