Катар боюнча "кара тизме" жарыяланды

Доха шаарынын тургундары. 6-июнь, 2017-жыл.

Апта башында Катар өлкөсү менен дипломатиялык жана башка байланыштарын токтоткон төрт араб мамлекети өздөрү "террорчу" жана расмий Дохага байланышы бар деп санагандардын тизмесин жарыялады. Бул аралыкта аймактагы азыркы жаңжалдуу кырдаалда Катарды колдогон мамлекеттер да айрым кадамдарга барууда.

Сауд Арабия баштаган төрт өлкө түзгөн тизмеде 59 адам, анын ичинде “Мусулман агайындар” кыймылынын руханий лидери, теги египеттик Юсуф ал-Карадави дагы бар.

Жаш курагы 90дон ашкан ал-Карадави Мусулман аалымдарынын эл аралык биримдиги деген уюмдун да төрагасы жана Дохада жашайт.

Мындан сырткары Катар менен мамилесин үзгөндөр алар террорчу деп санагандардын кара тизмесине бул өлкө каржылайт делген 12 кайрымдуулук уюмун да киргизди.

Юсеф ал-Карадави. 2011-жылы тартылган сүрөт.

"Кара тизмеге" Катардын өзүнөн 18 адам, анын ичинде белгилүү ишкерлер менен саясатчылар, атүгүл башкаруучу үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү да кошулган.

"Кара тизме" жарыяланар алдында Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр Франциядагы сапары учурунда Катар араб коңшулары менен мамилесин калыбына келтиришинин айрым шарттарын, анын ичинде араб дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөсүндө бар “Мусулман агайындар”, Палестинадагы ХАМАС кыймылын колдоосун токтотуусу керектигин айткан болчу:

- Биз Катар саналуу жыл мурда экстремисттик топторду колдоосуна, касчыл массалык маалымат каражаттарына, башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүсүнө байланыштуу берген убадаларын аткаруусун көргүбүз келет. Биз өз чараларыбызга Катар анын мындай саясаты кабыл алынгыстыгын, туруктуу боло албасын түшүнүүсү үчүн абдан кыйналуу менен бардык.

Адегенде Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египеттин Катар менен байланыштарды үзүп, аны обочодо калтыруу чечимин кийин Ливия менен Йемендин өкмөттөрү да колдоду.

Бул аралыкта азыр БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө Египет бул дүйнөлүк органдын жыйынында Катар террорчуларга кун төлөгөнү боюнча маселени көтөрдү:

- Массалык маалымат каражаттарында, башка бардык жердеги жаңылыктарда Катар падышалык үй-бүлөнүн Иракта аңчылыкта жүрүп, кармалып калган мүчөлөрүн бошотуу үчүн бир миллиард доллар кун төлөгөнү айтылган. Эгер бул ырасталса, анда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузгандык болот жана, албетте, терроризмге каршы күрөшүү боюнча аракеттерге терс таасирин тийгизет, - деди Египеттин БУУдагы элчиси Ауд Мустафа. Бул элчи БУУнун Коопсуздук кеңешин аталган маселе боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Ирактын аймагында аңчылыкта жүргөн жеринен уурдалып кеткен 26 катарлык, анын ичинде падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү 18 айдан кийин быйыл апрелде бошотулган экен.

Расмий Доха болсо коңшуларынын баштапкы айыптоолору сыяктуу эле “террорчулар” боюнча "кара тизмесин" да “эч далили жок” деп четке какты.

“Биздин терроризмге каршы турумубуз биргелешкен билдирүүгө кол койгондордун көпчүлүгүнөн алда канча кубаттуу”, - деп айтылат Катар өкмөтү тараткан билдирүүдө.

Өлкөнүн тышкы иштер министри, шейх Мохаммед бин Абдуррахман ат-Тани жума күнү Германиядагы иш сапары учурунда коңшуларынын аларды обочо калтыруу аракетин эл аралык жана гуманитардык мыйзамдарды бузуу катары сыпаттады.

Газа тилкесинде палестиндер тобу Катарды колдогон демонстрацияга чыкты. 09.6.2017.

Араб өлкөлөрүнүн азыркы дипломатиялык чатагында Катар тарапта болгон аймактык оюнчулар да өз чараларын көрүүдө.

Маселен, Катарда аскердик базасы бар Түркия ал жакта аскерлерин жайгаштыруу боюнча мыйзамдын кабыл алынышын тездетип, жума күнү ал мыйзам күчүнө кирди.

Президент Режеп Тайип Эрдоган, ошондой эле, Катар менен аскердик машыгуулар боюнча өз ара келишимди да бекитти.

- Перс булуңу кызматташтык кеңешинин мүчөлөрү ич ара маселелерин баарлашуу аркылуу чечкени туура. Бул жагынан биз Катардын конструктивдүү турумун баалайбыз. Терроризмге каршы, албетте, натыйжалуу күрөшүп жаткан Катарды обочодо калтыруу аракети эч бир көйгөйдүн чечилишие жардам бербейт, - деди президент Эрдоган чет элдик элчилер менен Анкарадагы жыйында.

Иран да азыркы дипломатиялык чатакта Катарга Түркия сыяктуу эле колдоо көргөздү.

Бул эки өлкө Сауд Арабия тарабындагы жер үстүндөгү чек арасы жабылууга дуушар болгон Катарды азык-түлүк менен камсыздоого даярдыгын да айтышууда.

Араб коңшулары Иран менен саясий жана ишкер мамилеси бар Катарды расмий Тегеран колдогон шиит согушчан топторуна да көмөк көрсөтөт деп күнөөлөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.