Путин пенсия реформасын "жумшартты"

Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушуна көп киши нааразы болгон.

Орус президенти талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын 29-августтагы телекайрылуусунда жарыялады. Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу өлкө боюнча нааразылык акцияларын жаратып, быйыл жазда кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркын төмөндөткөн.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун буга чейин биринчи окуудан жактырган. Бирок, Путиндин айтымында, эми жакын арада ага алымча-кошумча киргизилип, аялдардын пенсия курагы 60ка түшүрүлөт:

Путиндин телекайрылуусу.

- Мыйзам долбоорунда аялдардын пенсияга чыгышын сегиз жылга – 63 жашка чейин узартуу сунушталууда. Ошол эле убакта эркектердин пенсия курагы беш жылга көтөрүлүп жатат. Албетте, мындай болбойт, бул туура эмес. Бизде өлкөдө аялдарга мамиле - өзгөчө, аяр. Алар өздөрүнүн негизги жумушунан тышкары, үйдүн түйшүгүн алышат. Үй-бүлөнү кароо, балдарды тарбиялоо, неберелердин түйшүгү бар. Аялдардын пенсия курагын көтөрүү эркектердикинен ашпашы керек. Ошондуктан мыйзам долбоорунда каралгандай аялдардын пенсия курагын сегиз жылга көтөрүүнү кайра беш жылга кыскартууну сунуш кылам.

Иштеп жаткан мыйзам боюнча Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Орус өкмөтү июнь айында жарыялаган планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлмөк. 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгары айтылган.

Путин пенсия реформасынын зарылдыгын демографиялык көйгөйлөр, анын ичинде Ата Мекендик согуштагы жоготуулар жана 90-жылдардагы төрөттүн азайышы менен негиздеди.

Мамлекет башчысы 2000-жылдары пенсия курагын көтөрүүгө каршы болуп келгенин, анткени ал кезде Орусия экономикалык жактан "али жандана элек өлкө" болгонун эске салды.

“Азыр пенсия реформасын кечеңдетүүгө болбойт, антпесе бир канча жылдан кийин пенсияны төлөп турууга Пенсиялык фонддун бюджетинде каражат жетпей калат, канчалык артка жылдырылган сайын чечимдер ошончолук катаал болушу мүмкүн” деди Путин:

- Келечекке кенен карай келгенде, биз азыр чечкинсиздик кылсак, анда бул коомдун туруктуулугуна коркунуч келтириши ыктымал, демек өлкөнүн коопсуздугуна да коркунуч болот.

Пенсиялык реформага каршы нааразылык акциясы.

Путин негизинен өкмөт сунуш кылган пенсиялык реформаны "жумшарткан" беш өзгөртүү киргизди. Ага ылайык көп балалуу аялдар пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгууга укуктуу болот. Мисалы, үч баласы болсо үч жыл эрте, төрт баласы болсо төрт жыл эрте, беш баласы болсо анда 50 жашында чыга алат.

Путин жашы 50дөн өткөн адамдарга эмгек кепилдиктерин камсыз кылууну, аларды жумуштан бошоткондорду кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки жаза киргизүүнү, пенсия курагына жакындаган ишсиз адамдарга жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатууну сунуш кылды.

Мындан тышкары, зыяндуу кесиптин ээлерине: шахтерлорго, жогорку температурадагы цехтерде, химиялык өндүрүштө иштегендерге жана башка адамдарга жеңилдиктер мурдагыдай сакталат. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу боюнча эмгек стажы эркектер үчүн 45тен 42 жылга, аялдарга 40 жаштан 37 жылга ылдыйлатылат.

Ошондой эле Путин реформа учурунда жер жана кыймылсыз мүлк салыктарына жеңилдиктер сакталаарын, аны мурдагыдай эле 60 жаштан өткөн эркектер жана 55 жаштан өткөн аялдар колдоно алаарын белгиледи.

Орус өкмөтүнүн июнь айында 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүү тууралуу киргизген сунушун Мамлекеттик Дума 19-июлда биринчи окууда колдоп берген.

Пенсия реформасына каршы нааразылык акциясы.

Андан бери өкмөттүн пенсиялык реформасына каршы ондогон шаарда оппозициянын, ошондой эле парламентте отурган Коммунисттердин жана ЛДПР партиясынын миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өтүп, Путиндин кадыр-баркы төмөндөп кеткенин көрсөткөн.

Нааразылык митингинде оппозиционер Алексей Навальный өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү сунушун "каракчылык" деп атаган:

- Мен бул жерге катардагы жаран катары салык же пенсия реформасы деп аталган маселеге каршы туруу үчүн келдим. Чындыгында бул элдин он миллиондогон акчасынын түздөн-түз каракталышы. Бул элестүү түрдө айтылган каракчылык же коррупция да эмес. Бул элдин жүз миңдеген, керек болсо миллиондогон рублдарынан түздөн-түз кол жуушу.

Москвадагы “Коомдук пикир” фондунун акыркы сурамжылоосу Путинге добуш бергиси келгендер 62ден 47% азайса, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кадыры акыркы он жылдагы эң төмөнкү деңгээлде түшкөнүн көрсөткөн.

- Пенсиялык система, анын ичинде куракты көтөрүү боюнча пикирлер адамдарды ойлондуруп, тынчсыздандырат. Анан албетте, бардык саясий күчтөр, алды менен оппозиция бул кырдаалды өздөрүн таанытып калуу жана өз абалын бекемдөө үчүн колдонот. Бул кайсы гана демократиялык коомдо болбосун учурай турган нерсе. Мен өкмөттөн бардык, анын ичинде оппозициядан айтылган конструктивдүү сунуштарды жакшылап карап, колдонууну өтүндүм, - деди президент Владимир Путин.

Премьер-министр Дмитрий Медведев дароо президент Путиндин пенсиялык реформа боюнча айткандарын тез арада ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи.

​ВВСнин маалыматы боюнча, 14 жылдык президенттик кызматында Путин элге 28 жолу кайрылган. Анын көбү шайлоого же даталуу күндөргө, майрамдарга байланыштуу салттуу кайрылуулар, айрымдары чукул билдирүүлөр болгон. Маселен, орус лидери Ата Мекендик согуштун 60 жылдыгында, Бесланда согушкерлер мектепти басып алганда, Борис Ельцин көз жумганда атайын кайрылуулар менен чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.