Путин кийинки шайлоодон баш тартпайт

Орусиянын Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зоркин жана президент Владимир Путин, 7-май, 2018.

Эгерде орусиялыктар 1-июлдагы жалпы элдик референдумда конституциялык өзгөртүүлөрдү колдосо, президент Владимир Путин кийинки шайлоого барарын четке какпайт. Бул тууралуу 20 жылдан бери бийлик башында турган 67 жаштагы орус мамлекет башчысы жергиликтүү телеканалга айтты.

Мамлекеттик «Россия 1» телеканалы көрсөткөн «Орусия. Кремль. Путин» деп аталган даректүү тасмада президент Владимир Путиндин айткан сөзү 10 күндөн кийин өтчү жалпы элдик добуш берүүнүн алдында анын келечектеги планын айгинелегендей болду.

«Мен өзүм эч нерсени чече элекмин. Эгер Конституция жол берсе, шайлоого катышууну четке какпайм. Көрөбүз», – деди орус президенти.

Путин эгер шайлоого барбаса, көптөр «Бийликтин мураскери ким болот?» деген суроо менен алек болоруна токтолду.

«Мен азыр ачык айтайын, эгер бул ишке ашпаса, өз тажрыйбамдан билгендей, эки жылдан кийин бийликтин ар кайсы деңгээлинде өз ишин аткаруунун ордуна "Ким мураскер болот?" деп алаксый башташат», - деп кошумчалады.

Дагы караңыз Путиндин жергиликтүү кеңештер жериген сунушу


Эксперттердин баамында, Путин ээлеген ордун бошотом десе, бири-бири менен тирешкен топтордун ортосунда бийлик үчүн күрөш башталат деп чочулайт. Ошондой эле Кремлдин көз карашында, бийликти консолидация кыла турган бир дагы саясий фигура жок болушу ыктымал.

Июндун башында Путин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жалпы элдик референдумду 1-июлга белгилеген. Адегенде добуш берүү 22-апрелге пландалып, коронавирус эпидемиясынан улам кийинкиге калган.

Орусияда 1-июль эс алуу күнү болмокчу. Июнь айынын башында Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова «коронавирус эпидемиясынын кескин көтөрүлүү баскычы» өткөнүн, вирустун жайылуу ыргагы басаңдаганын билдирген.

Орусиянын Баш мыйзамына кирчү өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин да 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Демилге Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акцияларына себеп болду. Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам нааразылык акциялары чакан митинг же жалгыз пикет формасында уюштурулду. Тюмень, Екатеринбург, Новосибирск, Омск, Красноярск, Калининград, Ростов-на-Дону, Кемерово, Чита шаарларында көчөгө чыккандардын колдорунда «Мага хандын кереги жок», «Путин жарактан чыктың», «Бул бийликти басып алуу» деген сыяктуу үндөш плакаттар болгон.

67 жаштагы Путиндин бийлик башында отурганына 20 жылдан ашты.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн жалпы элдин референдумда добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдоого тийиш.

Путиндин саясий сапарын узартуу

Бул жараян Орусияда 15-январда башталган. Анда Путин Федералдык жыйынга кайрылып, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган. Ага ылайык, Конституцияга Мамлекеттик кеңеш аттуу жаңы орган киргизилет. Президент түзө турган бул кеңеш мамлекеттик ички-тышкы саясатты жана экономиканын өнүгүү багыттарын аныктоо менен алек болот.

Депутаттар президенттин сунушу менен өкмөт башчыны, ал эми премьердин сунушу менен вице-премьерлерди жана министрлерди бекитет. Ошол эле учурда президентте өкмөт башчыны кызматтан алуу укугу сакталат. Ал эми Конституциялык сот парламент кабыл алган мыйзамдардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерип турууга милдеттендирилет.

Бардыгы оңунан чечилсе, Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат жана 2024-жылы да президенттикке талапкерлигин коё алат.

Владимир Путин 1999-жылдын соңунан 2008-жылга чейин мамлекет башында турган. 2008-2012-жылдары өкмөттү жетектеп, төрт жылдан кийин кайра президент болуп шайланган. Ошондон бери Орусияда бийликти колдон чыгарбай башкарып келет. Эгер ага эки жылдан кийин эки мөөнөткө шайланууга жол ачылса, Путин жалпы жонунан 32 жыл бийлик башында тура алат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​