Орусиянын президенти Владимир Путин Азиядагы энергетика агымдарын өзгөрткүдөй газ куурун куруу боюнча дымактуу долбоорду ишке ашырууга Кытайды көндүрө алабы?
Путин Бээжинде 17-18-октябрда кытайлык кесиптеши Си Цзинпин менен жолугушканда жана "Бир алкак – бир жол" үчүнчү форумуна катышуу учурунда Кытайга баруучу "Сибирь күчтөрү – 2" газ куурун куруу үчүн колдоо табууга аракеттенет деп күтүлүүдө.
Долбоор Батыш Сибирдеги табигый кендерге бай Ямал жарым аралынан энергия ресурстарын дүйнөдөгү эң ири керектөөчү жана көмүр-суутекти көп сатып алуучулардын бири болгон Кытайга газды жеткирүү үчүн болжолдонуп жатат.
Акыркы айларда Орусиянын аткаминерлери Кытайдагы жана Монголиядагы кесиптештери менен бир нече жолу жолугушкан (Монголиянын аймагынан газ кууру өтүшү керек). Сентябрь айында вице-премьер-министр Александр Новак куурдун багыты үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин биротоло макулдашылат деп билдирди.
Reuters агенттигинин Путин Бээжинге үлкөн энергетикалык компаниялар "Газпром" жана "Роснефттин" башчылары Алексей Миллер жана Игорь Сечин менен бирге барары жөнүндө билдирүүсү сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экендигинен кабар берет.
"Миллер жана Сечиндин Путин менен болгон сапарын, монголдор менен жакында жолугушканын карап таң каласың", – деди "Азаттыкка" берген комментарийинде Atlantic Council Глобалдык энергия борборунун улук илимий кызматкери Жозеф Вебстер.
Орусия Украинага жапырт кол салгандан бери Путин Кытайга биринчи жолу барууда. Бул сапары Орусиянын Батыш менен экономикалык алакасы начарлап, Москва Азия менен соода-сатыкты жандандырууга аракеттенип жаткан учурга туш келди.
Согуш шартындагы Кремлдин эң негизги саясий жана экономикалык өнөктөшү болгон Кытай бул карым-катышты кеңейтүү стратегиясында омоктуу орунду ээлейт. Жаңы газ кууру курулса, Орусиянын экономикасына чоң дем бериши мүмкүн.
Украинадагы согуштун кесепетинен Европа рыногуна чыкпай калган экспорттун жок дегенде бир бөлүгүн калыбына келтирүү максатында керек болгон "Сибирь күчтөрү – 2" газ куурун курууга азыр Бээжиндин анча кызыкдар эместиги Москваны кыжалат кылууда.
Энергетика жаатындагы талдоочулардын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн олуттуу экономикалык, каржылык жана техникалык кыйынчылыктарды жеңип өтүү керек. Украинадагы согуштан улам Москванын экономикасы күчтүү кошунасы менен сүйлөшүү жүргүзүүдөгү туруму алсырады. Мындан тышкары, "Газпромдун" татаал инфратүзүмдүк долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүгүнө байланышкан маселелер да бар.
Газ куурун куруудан түшкөн киреше кандай болору белгисиз, анткени долбоор калыбына келтирилүүчү энергия булактарына улам көбүрөөк өтүп жаткан Кытай тараптын атаандаштыгына тушугат.
"Ушундай көз көрүнөө чочулоо болсо да, газ кууруна "жол ачылышы" мүмкүн" деп белгиледи Вебстер.
Бул газ куурунун туруксуз экономикалык келечегине байланышкан тобокелдиктерге карабастан, Москванын геосаясий салмагын Си Бээжин үчүн артыкчылыктуу кылып алгысы келеринен кабар берет.
"Экономикалык жагымсыз жагдайга карабастан, орусиялыктар бир топ убакыттан бери келишим түзүүнү талап кылып келет", – деди Вебстер. – Орусия менен Кытайдын мамилелери абдан бекем, кыязы, Си дагы, Путин дагы өздөрүнөн кийин деле туруп калгыдай пайдубал түптөп коюуну көздөшөт".
ПУТИНДИН САПАРЫНДАГЫ БАШКЫ МАКСАТЫ ЭМНЕ?
Орусиянын камдоолорду диверсификациялоо курсунун бир бөлүгү катары 10 жылдан ашуун убакыт мурда ойлонулган газ кууру 2022-жылдын февралынан кийин, Европада орус газын керектөө кескин төмөндөп кеткенден кийин жаңы мааниге ээ болду да, сатуу үчүн тез арада альтернативдүү базарларды издөөгө Кремлди мажбур кылды.
Аталган долбоор боюнча сүйлөшүүлөр Бээжин Олимпиадасы учурунда Путиндин Кытайга жасаган иш сапарында, Орусиянын Украинага жапырт кол салуусунан бир нече жума мурда жүргүзүлгөн. Андан бери Москва "Сибирь күчтөрү – 2" курулушун баштоого даяр экенин дайыма баса белгилеп келет, бирок Кытай бул маселе боюнча унчуга элек.
Март саммитинин жүрүшүндө Си газ куурун куруу сунушу тууралуу кеп кылган жок, ал эми Путин эл алдында чыгып сүйлөп жатып, бул жөнүндө "иш жүзүндө баардык параметрлер... биротоло макулдашылды" деп, келишимге жетишилгендей айтты.
Саммиттен кийинки орус тараптын билдирүүсүндө маселе талкууланды, бирок келишим түзүлбөгөнү айтылды. Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин май айында Кытайга барып, газ кууру боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок Бээжин тараптан так жооп ала албай кеткен.
"Сибирь күчтөрү – 2нин" айланасында жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн нугунда Си Цзинпин Украинадагы согушта негизинен Путинди колдойт. Кытай-орус соодасы кол салуудан кийин кескин өсүп, Орусия Азиянын державаларына, анын ичинен Кытайга санкциялардын айынан мындан ары Батышка өткөрө албай турган ири көлөмдөгү мунайын сатууда.
Кытай менен Орусияда Москва Крым жарым аралын аннексиялап алып, Орусия жикчилдерди колдогон Украинанын чыгышында чыр-чатак чыккандан көп өтпөй, 2014-жылы Путин менен Си Цзинпиндин ортосунда макулдашылган жана 2019-жылы курула башталган "Сибирь күчү" түтүк кууру азыр бар. Бул газ куурунун кубаттуулугу 2025-жылга карата жылына 38 миллиард куб метрге жетет деп күтүлүүдө. Бул түтүк аркылуу Чыгыш Сибирдеги жаңы кендерден чыккан газ өтөт.
Андан айырмаланып, "Сибирь күчтөрү – 2" Кытайга Ямал жарым аралынан газ жеткирүүнү көздөйт.
Ал жерден мурда газ түтүктөрү аркылуу газ Евробиримдик базарына, анын ичинен – 2022-жылы үзгүлтүккө учураганга чейин – бир нече жылдар бою талаш-тартыштардын негизги чордону болуп келген "Түндүк агымга" жеткирилип турган. Орусиянын эсептөөлөрүнө ылайык, экинчи Сибирь газ кууру жылына 50 миллиард кубометрге чейин газ ташый алат.
"Путин Украинага кол салганга чейин Европага сатылып келген газга жаңы кардарларды издөөгө мажбур болуп жатканда, Кытай – шашып кетпесе эле – "Сибирь күчтөрү-2" долбоорунан газдын баасын кыйла төмөн баада ала алат", – деди кытай-орус мамилелери боюнча австралиялык талдоочу Жон Юань Цзян.
Кытай менен Орусия жаңы багыт боюнча газды жеткирүү шарттары жана баасы тууралуу али макулдаша элек.
Цзян "Азаттыкка" сүйлөшүүлөр оор болуп жатканын айтты. 2030-жылдан кийин Кытайдын табигый газга болгон керектөөсү анык болбогондуктан, кошумча кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн. Кытайда ушул учурда калыбына келтирилүүчү энергия булактарын пайдалануу көбөйүп, газды керектөө көлөмү акырындык менен азайышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Орусиянын жыйынтык кирешеси Кремл тарабынан түзүлгөн башка газ куурларын куруу бүтүмдөрүнө салыштырмалуу аз болуп калышы жана Европада сатуудан түшкөн чыгымдын ордун толтура албашы мүмкүн.
BCS Global Markets инвестициялык компаниясынын маалыматында, "Сибирь күчтөрү – 2" "Газпромго" жылына 12 миллиард доллар киреше алып келет. Мунун ичинен 4,6 миллиардга жакыны мамлекетке салык катары төлөнөт. Бул сумма Орусиянын 2023-жылдагы энергия ресурстарын сатуудан түшкөн орточо айлык кирешесинин жарымынан азыраагын түзөт, бирок бул каражат Кремлге Украинада чыгымы өтө көп согуш жүргүзүп жаткан кезде абдан керек.
КЫТАЙДЫН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СТРАТЕГИЯСЫ
Бээжин өзүнүн энергетикалык коопсуздугун артыкчылыктуу деп эсептейт, андыктан бир экспортчудан көз каранды болбоо максатында газды өзүнүн керектөөлөрүнөн ашыкча көлөмдө алуу үчүн келишимдерди ыкчам түзүп жатат.
Учурда Орусиянын газы Кытайдын жалпы керектөөсүнүн аз гана бөлүгүн түзөт, калган бөлүгүн Борбор Азия аркылуу өтүүчү Түркмөнстандан кургактык менен тартылган куурлар, ошондой эле Катар, АКШ, Австралия жана башка энергетикалык оюнчулар менен суюлтулган табигый газды (СТГ) жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү түзүлгөн келишимдер камсыз кылат.
Диверсификация (карым-катыштарды кеӊейтүү) мүдөөсү Кытайдын газ келишимдеринин өзөгүн түзөт, ошондуктан май айында Борбор Азия лидерлери менен болгон саммитте Си Цзинпин "D сызыгы" деп аталган түркмөн газын Кытайга жеткирүүчү төртүнчү куурдун курулушун колдоону да сунуш кылды.
Европаны кытай саясаты боюнча кеңешинин эл аралык мамилелер жаатындагы эксперти Алисия Бачульска "Азаттык" менен маегинде Кытай "келечекте Орусиянын газына суроо-талабы кандай боло тургандыгын ачык айткан жок" деп белгилейт. Анын ою боюнча, Бээжин "газды импорттоо маселесинде Орусияга ишенип-ишенбей" турат.
Газ куурунун курулушу жактырылса деле, "анын толук аякташы бир нече жылга созулат жана баа жана башка маселелер боюнча дагы бир канча жолу оор сүйлөшүүлөр жүрөт" да, долбоордун Кытайдын энергетикалык рыногуна жана Орусиянын мамлекеттик казынасына ар кандай таасирин кечеңдетет.
Atlantic Councilдин изилдөөчүсү Вебстер белгилегендей, газ куурунун курулушу жактырылбай калышы да ыктымал. Орусиянын лидери Бээжинден "Сибирь күчтөрү – 2" долбоору боюнча так милдеттенмелерге жетишпей эле кетиши мүмкүн. Бирок, анын айтымында, сапар учурунда Кытай эки тараптуу тыгыз карам-катнашты көрсөтүү үчүн колдоонун бөлөк түрлөрүн сунуш кылышы ыктымал.
"Балким, Кытай Орусияга табигый газ менен байланышпаган башка тармактарда пайдалуу нерселерди сунуштайт, – дейт Вебстер. – Бул мунай же башка тармактарда жардам көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттар болушу мүмкүн. Кытайда Орусияны тынчтандыруу үчүн "Сибирь күчтөрү – 2" менен байланышпаган көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар".