Орусиянын президенти Владимир Путин Мариуполдогу украин күчтөрүнүн акыркы бастионуна айланган "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну токтотууну буюрду. Бирок заводдун айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" тапшырды. Украин аскерлери багынып берүүдөн баш тартууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Мариупол шаарындагы "Азовсталь" зоводуна сокку урбай, тескерисинче анын айлана-тегерегине бөгөт коюуну 21-апрелде коргоо министри Сергей Шойгунун отчетун уккандан кийин айтты.
Анын алдында Шойгу орус күчтөрү Мариуполго көзөмөлүн орнотконун, украин аскерлеринин акыркы чордонуна айланган "Азовсталь" 3-4 күндүн ичинде алынарын билдирген эле.
Путин заводго чабуул коюу планын "максатка ылайыксыз" деп атады.
"Токтотууну буйрук кылам. Бул - биздин аскерлер менен офицерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо жөнүндө ойлоно турган учур. Биз бул тууралуу дайыма ойлонушубуз керек. Бул өндүрүш жайларындагы жертөлөлөргө кирүүнүн жана жер алдында жөрмөлөп жүрүүнүн кажети жок. Өндүрүш аймагын чымын учуп өтпөгөндөй кылып бөгөттөгүлө", - деди орус президенти.
Путин орус күчтөрүнө багынып берген украиналык аскерлердин өмүрүнө кепилдик берилерин кошумчалады.
Украин күчтөрү багынуудан баш тартууда
Ар кыл эсептерге ылайык, "Азовсталь" заводунда 1,5 миңден 3 миңге чейин украин аскери бар. Алардын көбү "Азов" полкунун жана 36-деңиз аскерлер бригадасында кызмат кылгандар.
Шаршембинин кечинде "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь видео кайрылуу таратып, украин аскерлери куралын таштабай турганын, бирок коопсуз жайга чыгып кетүүгө даярдыгын, катуу бомбаланган заводдо жайкын тургундар да бар экенин айтты.
"Биз өзүбүзгө ишеним арткан өздүк курамды сактап калуу үчүн, жараат алгандарды коопсуз жайга көчүрүү үчүн, өлгөндөрдүн сөөгүн, Орусия көзөмөлдөбөгөн аймактарга алып барып, сый-урмат менен жерге берүү үчүн курал-жарактарыбыз менен эвакуация болууга даярбыз", - деди "Азов" полкунун командиринин орун басары Святослав Паламарь.
Шаршембинин кечинде расмий Киев украин күчтөрүн жана жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн курчоодогу Мариупол шаарында сүйлөшүүлөрдүн атайын айлампасын өткөрүүнү сунуштады. Украин делегациясынын жетекчиси, президенттин жардамчысы Михаил Подоляк Киев сүйлөшүүнү алдын ала шарт койбой өткөрүүгө макул экенин белгиледи.
Азырынча Орусия бул сунушка жооп бере элек. Буга чейин Кремл согушту токтотуу үчүн Орусиянын талаптары камтылган документ Киевге берилгенин билдирген. Бирок деталдарын ачыкка чыгарган эмес.
Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 21-апрелде айткандай, бир күн мурда жарыяланган гуманитардык коридордун алкагында Мариуполдон мурда пландалгандай 90 эмес, төрт автобус менен гана жайкын тургундарды чыгарып кетүүгө мүмкүн болду.
Верещук бир күн мурдагы 6 миңдей кишини чыгарып кетүү планы орус тараптын "шалаакалыгынан жана ишти уюштура албаганынан улам" ишке ашпай калганын айтты. Ошол эле учурда аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды эвакуациялоо бейшемби күнү да уланышы мүмкүндүгүн ишарат кылды.
Украин өкмөтүнүн маалыматына ылайык, согушка чейин 400 миңден көп калк жашаган Мариуполдо учурда 100 миңден ашык жайкын тургундар бар. Шойгу Азов деңизи аркылуу бул порттон 142 миң киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады. Бирок украин бийлиги 24-февралдан бери шаардан аз сандагы гана качкындар чыгып кеткенин билдирип келет.
Донбасс үчүн кармаш
Орусия 24-февралда Украинага кол салган. Марттын аягында орус күчтөрү Украинанын түндүгүнөн чыгып кетип, соңку бир канча күндөн бери чыгыштагы чабуулдарын күчөтө баштады.
Британиянын Чалгын кызматы билдиргендей, 21-апрелге караган түнү Орусия Донбасска сокку урууну улантты жана орус күчтөрү Краматорск шаарын көздөй жылып баратат.
"Орусиянын аба күчтөрүнүн жогорку активдүүлүгү уланууда. Ал Украинанын чыгышындагы чабуулуна абадан колдоо көрсөтүүнү жана Украинанын абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууну көздөйт", - деп айтылат Британ Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.
Украинада согуш башталгандан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. 5 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду.
Буча сыяктуу шаарларда жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтар тарагандан кийин Орусиянын дарегине сын күчөдү.
Батышдын бир катар лидерлери орус президенти Владимир Путинди согуш кылмыштарына айыптап чыгышты. АКШ лидери Жо Байден орус күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин геноцидге теңеди.
өз күчтөрү Украинада жайкын тургундарды эмес, аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет.