Прокуратура Абдылдаевдин абактагы өлүмүн иликтейт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абакта каза тапкан Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) менен коштошуу зыйнаты 7-январда Бишкектеги өз үйүндө өтүп, сөөгү Сокулуктун Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду. Маркумдун жакындары бийликке кайрылып, анын өлүмүн кылдат териштирүүнү суранышты.

Башкы прокуратура абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен таанымал Абдылдаевдин өлүмүнүн себептерин териштире баштаганын билдирген. Жаза аткаруу кызматы дагы ички иликтөө жүргүзүп жатат.