«Инклюзияны ата-энелер түзөт»

Елена Гионис.

Америкалык окумуштуу, профессор Елена Гионистин демилгеси менен Кыргызстанда балдардын психикалык кемчиликтерин, дарттарын төрөлгөндөн тартып аныктап, өнүгүү программасын түзө турган лаборатория Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетте ачылды.

Профессор Елена Гионис АКШдагы Түштүк Каролина штатында жашап иштейт. Ал Кыргызстанга Европа Биримдигинин билим берүүдөгү инклюзивдүү жагдай түзүүгө багытталган долбоорунун негизинде өлкөдөгү биринчи психикалык-клиникалык лаборатория ачып, адистерди окута баштады.

Адис бул жайда кандай оорулар аныкталарын, эмне иш жүргүзүлөрүн айтып берди. Ал алгач эле өз сөзүн Кыргызстанда аныкталып жаткан балдардын психикалык ооруларынан баштады.

«Алкоголдук синдромду көп учураттым»

Елена Гионис: - Медицинада «түйүлдүктүн алкоголдук синдрому» деген түшүнүк бар. АКШдан ага байланыштуу китептерди алып жатып «Кыргызстанга кереги тиймек беле, жөн эле жүк кылып жатам го» деп ойлогом. Бирок жаңылышыпмын. Себеби боюнда бар учурда бир стакан эле шампан же шарап ичүүдөн да балада алкоголдук синдром аттуу психикалык мүшкүл болушу толук мүмкүн. Мындай паталогиянын баарын Бишкектеги студенттериме көрсөткөнүмдө көпчүлүгү чылым менен шарапты ташташты. Мен алып келген лабораториялык тесттер өтө жөнөкөй, баары сүрөттөр менен белгиленген. Кайсы бир баланын диагнозун аныкташ үчүн анын бет түзүлүшүнөн эле психикалык кемчилигин же кандайдыр бир ооруну аныктаса болот. Кызыгы, мен Кыргызстандын аймактарын кыдырганымда дал ушул түйүлдүктөгү алкоголдук синдром менен төрөлгөн балдарды өтө көп кезиктирдим. Жаштар ичкилик ичерин, ушундай балдар көп экенин билип таң калдым. Ошондой эле адамдагы генетикалык проблемаларды аныктоочу да тесттерди алып келдим.

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмнеге бул китеп психологдор менен атайын педагогдор үчүн керек? Маселен, бир баладагы проблеманы байкашат. Бирок анын илимдеги так диагнозун биле албай кыйналышат. Ошондо бул тест жардамга келет. Мисалы, Даун синдромундагы хромосомалык кемтикти айталы. Ата-энелердин көбү «бул оору айыгат» деп жаңыла беришет. Бул тесттер аркылуу оору айыкпай тургандыгын, бала чоңойгон сайын кандай физиологиялык, психологиялык өзгөрүүлөр болорун жөнөкөй адистер эле ата-энеге айтып бере алат. Тестте илимий этиология, оорунун андан аркы өнүгүүсү фактылар, сүрөттөр менен берилгендиктен, ата-эне үчүн кийинки келечекти көрө билүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аутисттерге жардам берүүнүн ыкмалары

«Азаттык»: - Сизди Кыргызстандагы ата-энелердин айрымдары аутизмди аныктаган, аутист балдарды окутуу программасын түзгөн адис катары таанып калышты. Жаңы лабораториядан да бул багытта иштерди күтсө болобу? Аутизмди аныктоочу тесттерди да алып келдиңизби?

Елена Гионис: - Албетте, Кыргызстанда бул багытта маалыматтын жоктугун байкай алабыз. Аутизмдин азыр бир нече түрү бар. Бул оору генетикалык дарттардын катарына кирет эмеспи. Илимде аутизмдин гени катары 450-генди айтышууда. Бирок дүйнө окумуштуулары азыр да гендик изилдөөнүн аягына чыга элек. Кээде ата-энелер «менин балам генетикалык аутист» деп айтышат. Мындан тышкары аутисттик белгилерге кирген хромосомалык кемтиктер да бар. Ушундай талаш-тартыштуу учурда мына бул тесттердин, илимий китептердин жардамы менен баладагы аутизмдин формасын бир карап эле аныктаса болот. Маселен, мен Кыргызстанга келгенде атайын мектеп-интернаттарга көп барамын. Ал жактан аутизмдин генетикалык формасы менен жабыркаган балдарды көп жолуктурам. Адистер алар барган сайын ачуулуу болуп, башкаларга кол салып жатканын айтышып: «Мындан ары бул балдардан эмне күтсөк болот?» деп сурашат. Тилекке каршы, тукум куучу аутизмди дарылоо өтө кыйын. Ушундан улам жергиликтүү адистерге баланын жагдайына карай, андан ары иш алып баруучу усулдук программасын түзүп беребиз. Менин максатым - мындай балдардын өнүгүшүн эле карап олтурбай, алар акыбалы начарлап бара жатканда адистер тез арада жардам бере алгыдай деңгээлге жеткирүү. Себеби Кыргызстанда азырынча мындай усулдук программалар дээрлик жокко эсе. Аутизм болгон айрым балдардын башкалар менен карым-катыш түзүшү жыл өткөн сайын начарлаганын Кыргызстанда көп жолуктурдум. Баланын сырткы дүйнөгө карата агрессиясы күчөй берет. Капыстан эле тура калып классташтарын, мугалимдерин уруп же чаап ийиши ыктымал. Ушундан улам кыргызстандык педагог, психолог адистер балага сүрөттөрдүн жардамы менен сезимин көзөмөлдөгөндү үйрөтүшү керек. Жекече окуу программасын түзүп, мындай балдардын акыл-эси барган сайын начарлай турганын эске алып, ага ал тургай жалаягын да өзү алмаштырганды үйрөтүш керек болот. Ушунун баарына биз педагог-адистерди даярдап жатабыз.

Дарылардан качуу туура эмес

«Азаттык»: - Кыргызстанда аутизмге же башка балдардагы психикалык ооруларга карата адистер көбүнчө психотроптук, депрессиялык оор дарыларды жазып беришет. Көбүнчө ата-энелер мындай дарыларды бербей коюшат. Дарысыз эле баланын акыбалын жеңилдетсе болобу?

Елена Гионис: - Бул жактагы дарыгерлердин баарын сыйлайм. Алар айткан медициналык көрсөтмөнү толук ишке ашырып, ата-эне адистер менен бир команда болушу керек. Ошондо гана баланын өнүгүшүндө ийгиликтер болот. Мындай командага ата-эне, мугалимдер, атайын педагогдор, психологдор, логопед жана невролог сыяктуу адистер кирет. Дарыдан качкан ата-энелердин мүшкүлү Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кезигет.

Иллюстрациялык сүрөт.

Негизи расмий илимде эмне айтылса баарын аткарышыбыз керек деп ойлойм. Маселен, аутист балдардын көбүндө сырткы дүйнөдөн корккон акыбалдар көп болот. Аларда бир нерседен коркуу сезими абдан эле күчтүү. Эл менен аралашып жүргөндө өзүн кандай алып жүрүштү билбей, ар дайым коркуп турушат. Адамдын организми адреналин гормонун улам-улам эле чыгара берсе дени сак адам деле оорукчан кишидей көрүнүп калат. Себеби кишинин денеси адреналинди өтө ашыкча чыгарганда чыдабай кетет. Ошентсе да соо кишинин сезимдерди башкара алган жөндөмү бар. Бирок аутист балдарда дал ушул жөндөм жок. Аларга жардам бериш керек. Коркуп жатканда өзүн алып жүрүүнү акырындап үйрөтүп, коомго аралаштыруу зарыл. Бирок аутист балдардын көбүнө жөн эле педагогикалык сабактар жетишсиз. Ушундан улам адистер дарыларды жазышат. Мындан коркуп, ичирбей коюу туура эмес. Баарын баланын жакшылыгы үчүн жасап жатпайбызбы.

Дагы караңыз Аутист балдарга шарт жок

Инклюзияны ата-энелер түзөт

«Азаттык»: - Эми сиздин Кыргызстанга келишиңиздин башкы себеби инклюзиялык коомду жаратуу экенин билебиз. Бул багытта Кыргызстан эмне кылышы керек?

Елена Гионис: - Биринчи кезекте инклюзия коомдон башталат. Азыр И.Арабаев атындагы университеттин базасында Кыргызстандагы өзгөчө, майыптыгы бар балдарга жардам берген адистердин баарын акысыз окутуп жатабыз. Бирок биз ата-энелерге, баланын туугандарына айрыкча басым жасагыбыз келет. Өзгөчө баланын ата-энелери, туугандары, тарбиячылары жана мугалимдери үчүн тренингдерди акысыз өткөрүүдөбүз. Жакында эле бизге Даун синдрому бар балдардын ата-энелеринен турган чоң топ келип, көп маалымат алып кетти. Ал тургай Даун синдрому менен жаңы төрөлгөн баласы бар эне да келип, бизден кеңеш алып кетти. Бизге кайрылгандардын баарына баладан эмнени күтсө болот, кандай кыйынчылыктар күтүп турат - баарын айтып түшүндүрүп, аларга жардам берүүгө даяр экенибизди айтуудабыз. Баласы майып ата-энелер өзүлөрүн жалгыз сезбеши керек. Бизге келген энелер тажрыйба алмашып, проблемасы жалгыз эмес экенин көрүп, кубанып кетип жатышат. Инклюзия мына ушинтип башталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.