Египет: Мурси генералдарга "укурук" салууда

Президент Мухаммед Мурси (ортодо) фелдьмаршал Хусейн Тантави (солдо) жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын зардалы Сами Аннан менен Аскерий академиянын бүтүрүүчөлөрүнүн салтанатында сүйлөшүп отурат. Каир, 17-июль 2012

Египет коргоо министри Тантави жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын акими Сами Аннан кызматтан алынды.
Президент Мухаммед Мурси эки мартабалуу аскерий жектекчини кызматтан алууну - “улут үчүн пайдалуу” болот деп билдирди 12-августта жасаган билдирүүсүндө:

- Мен бүгүн кабыл алган чечимдер кайсы бир адамдарга каршы багытталбаган. Менде кайсы бир мекемелерге каршы мүдөөм жок. Менде Кудай эркин жараткан адамдардын эркиндигин чектейин деген ниет да жок.

Мухаммед Мурси эми армия “ыйык вазийпасы - өлкөнү коргоо” менен алек болорун астейдил кошумчалады.

Египеттин коргоо министри Мухаммед Хусейн Тантави жана куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын акими, генерал Сами Аннан президентке кеңешчи болуп дайындалды. Жаңы коргоо министри жана куралдуу күчтөрдүн командачысы болуп генерал Абдел Фаттах ас-Сисси дайындалды. Ас-Сисси буга дейре Аскерий чалгындоо кызматын башкарчу.

Фельдмаршал Тантави былтыр февралда Хосни Мубарак бийликтен оодарылгандан быйыл июнда эл шайлаган жаңы президент бийликке отурганга чейин Египетти башкарган Жогорку аскердик кеңеш же утурумдук өкмөттү жетектеген.

Президент Мурси жекшемби күнү дагы бир кайбар кадам жасады: Жогорку аскерий кеңештин президенттин бийлик укугун чектеген чечимин жокко чыгарды.

Жогорку Аскерий кеңеш быйыл жайда кабыл алган конституциялык декларацияга ылайык, президент армияга байланыштуу олуттуу чечимдерди өз алдынча жасай албайт болчу. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн башчыларын дайындоого укугу жок эле.

Аскерий кеңеш исламчылар көпчүлүктү түзгөн парламентти да таркатып жиберген.

Мухаммед Мурсинин миңдеген жактоочулары анын таасирлүү генералдарды кызматтан алуусун жана президенттин бийлик укугун чектеген конституциялык жарлыкты жокко чыгарганын колдошуп, жекшемби күнү Каирдин Тахрир аянтына чыгышты.

“Ырас, бул даанышман кадам адамдарга укуктарын кайтарып берет,- дейт Тахирир аянтына митингге чыккан Рафаат Абул Шену.- Себеби президенттин колун береги конституциялык декларация байлабаш керек жана президентти ага баш ийген адамдар башкарбоого тийиш.”

Июнда жалпы элдик шайлоодо президенттикке шайланган Мухаммед Мурси “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлү. Мубарак бийлигин жоготкондон бери “Агайындар” менен армиянын алакасы начар.

Мурсинин жекшемби күнкү дайындоолору анын Египетти жарым кылымдан ашык бийлеген жана мамлекет ичинде өзүнчө чоң корпорацияга айланган армияны көзөмөлдөө үчүн батыл кадамдарга баруу ыкласы күчтүү экенин да күбөлөйт.

Президент Мурси менен генералдардын мамилеси согушчандардын 5-август күнкү Синайдагы чабуулунан египеттик 16 чек арачы өлгөндөн кийин ого бетер курчуган эле. Анткени кол салуудан соң Мурси Египеттин чалгындоо кызматынын башчысы, генерал Мурад Муфави кызматтан алган.