Президенттин кайрылуусyнан кийинки like менен dislike

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

9-июлда Сооронбай Жээнбековдун коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкө калкына кайрылуусу "Президент КР" ютуб каналына жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдына "like" белгисине караганда "dislike" көп басылып жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап турушту.  Болжол менен 10 саттан кийин, "жакты" деген белги 300дөн, ал эми "жаккан жок" деген белги 4000ден ашканда видео сайттан алынган. Бир аздан кийин видео көрүүчү комментарий калтырчу жана жаккан-жакпаганын билдирген белги койчу жери жабылып, кайра жүктөлдү. Президенттин басма сөз кызматы 10-июлда бул тууралуу расмий комментарий берип, биринчи видео "фейк аккаунттардын деструктивдүү комментарийлеринин" айынан өчүрүлгөнүн түшүндүрдү.

9-июлда Сооронбай Жээнбековдун коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкө калкына кайрылуусу "Президент КР" ютуб каналына жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдына "like" белгисине караганда "dislike" көп басылып жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап турушту.
Болжол менен 10 саттан кийин, "жакты" деген белги 300дөн, ал эми "жаккан жок" деген белги 4000ден ашканда видео сайттан алынган.

Бир аздан кийин видео көрүүчү комментарий калтырчу жана жаккан-жакпаганын билдирген белги койчу жери жабылып, кайра жүктөлдү.

Президенттин басма сөз кызматы 10-июлда бул тууралуу расмий комментарий берип, биринчи видео "фейк аккаунттардын деструктивдүү комментарийлеринин" айынан өчүрүлгөнүн түшүндүрдү.