Коронавирустан коргонгон Прага

Прага шаарындагы "Пражский Град" аталган тарыхый жайдын дарбазасы. Адатта бул дарбазанын эки тарабында эки сакчы тураар эле.  Эми сакчылардын орду ээнсиреп бош калды. 
 

Праганын жаңы тарыхында бул жай саналуу гана учурда жабылып, сакчылар ордун узакка таштап кетишкен. 

Прагадагы демейде эл жайнаган ушул тарыхый имараттарда эки турист гана сүрөткө түшүп жүрөт. 

Праганын "Мала Страна"  бөлүгүндөгү ээнсиреген өткөөлдөр.  

Баласын бооруна кыскан эне да, ага удаа келаткан аял да медициналык беткап тагынышкан. Негизи, Чехиянын баш калаасында беткапчандар анда-санда эле кездешет.  
 

Жергиликтүү ресторандын кызматкери жаңы иштөө убактысы тууралуу маалыматты жазып жатат. 13-марттан тарта Чехияда ресторан-барлар кечки саат сегизге чейин эле иштей баштаган болчу. Эми Чех өкмөтү 14-марттан тарта коомдук тамактанчу жайларды 10 күнгө жапты. 

Праганын "Эски шаар"  ("Староместка") бөлүгүндөгү ресторан. 13-мартта кечки саат жетиде биздин сүрөтчү бул ресторанга баш багып, мында эки гана киши тамактанып жатканына күбө болду. 

"Праганын уламыштары" деп аталган жана туристтерге шаардын ажайып жайларын  көрсөткөн фирманын кызматкери саякаттап жүргөн үч-төрт кишини ээрчитип, борбор көчөлөрүн аралап жүрөт. Маалыматка караганда, коронавируска каршы чаралар башталгандан бери Прагага келген туристтердин саны  мурдагыга салыштырмалуу 75% кыскарды. 

Прагадагы туристтердин сүйүктүү чордону саналган жерлердин бири  13-марттын кечинде. 

Оозу-мурдун моюн орогуч менен жапкан аял Праганын "Мала Страна" аймагын кезүүдө. 
 

Прага шаарындагы жүргүнчү ташып жүрчү автобус токтоп турат.

Борбор шаардын "Пражский Град" бөлүгүнүн ээнсиреген короосунда турган куралчан кароолчу.  

Беткапчан туристтер Прагадагы тарыхый имараттардын жанында эстеликке сүрөткө түшүп жатышат.

Праганын "Народни Тржида" аянтындагы соода борборунун ээн калган тамактанчу жайы. 

Праганын атактуу "Карл көпүрөсү"  13-марттын кечинде. 

Праганын "Эски шаар" бөлүгүндөгү ресторан.

Праганын "Эски шаар" бөлүгүндө ресторанын жаап жаткан ишкер. 
 

Праганын чордонундагы "Теско" (Tesco) дүкөнүнүн бош текчелери. Мында колду дезинфекциялаган каражаттар менен самын тизилчү текчелер бош турат. Адатта бул көп тармактуу дүкөн тамак-аштын түрүнөн тарта кийим-кече, идиш-аяк, күндөлүк керектелчү нерселерге ж.б. палан-пайдыбан товарларга чейин тирелип турчу. 

Праганын тарыхый бөлүгүндөгү бул ресторан да бош турат. 
 

Праганын түштүк тарабындагы метро бекети кечки саат сегизден кийин. Жүргүнчүлөрдүн азайганына карабастан, борбордогу коомдук унаа түрлөрү үзгүлтүксүз иштеп жатат.   

Праганын метросундагы беткапчан жүргүнчүлөр. 2020-жылдын 14-марты.

Праганын "Панкрац" соода борборундагы ресторан-кафелер жайгашкан кабатка көтөрүлчү эскалатор тосулуп турат.  

Коронавируска байланыштуу Чехияда 12-мартта чукул кырдаал киргизилгенден бери өлкөнүн туристтердин чордону саналган баш калаасы - Прага шаарында жашоо кандай?