"Түтүнгө тумчугуп, колдорун күйгүзүп..."

2021-жылдын август айында Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан кийин өлкөдө жакырчылык күчөгөн. Өлкө экономикалык кризиске кептелип, кургакчылык өкүм сүрүүдө. Мунун баары калктын жашоосун кескин начарлатты. 

Лондондогу Save the Children деп аталган бейөкмөт уюмдун баамында Ооганстандагы үй-бүлөлөрдүн дээрлик жарымы жакырчылыктан улам балдарын иштетүүгө мажбур. Кирпич жасаган заводдо жалданган төрт жашар балдар. 


 

Рахим менен бул жерде беш жана 12 жаштагы үч бала иштейт. "Башка жол жок. Жегенге наныбыз жок, алар кайдан окумак эле? Жанды аман алып калуу баарынан маанилүү", - деди Рахим. 

Бул заводдо балдар суу ташып, кирпич куюп, жумуштун бардык түрүн жасашат.

Айрым балдар кирпичти чоң арабага жүктөп ташып, акча табат. 

Башка балдар иске тумчугуп, мештен чыкан ысык күлдүн арасынан чала күйгөн көмүрдүн калдыктарын издешет. Алар терген көмүрдү жагып жылынышат.

Балдардан оюнчук же оюн тууралуу сурасаң жылмайып, ийинин кушуруп тим болушат. Алардын дээрлик бардыгы мектепке барган эмес. 

Мындагы жумушчуларга миң кирпич жасаганы үчүн төрт доллар төлөнөт. Чоң киши мынча кирпичти бир күндө жасай албагандыктан, балдарын кошо иштетет. Үй-бүлөсү менен чогуу иштегендер күнүнө 1500 кирпич жасап үлгүрүшөт.  

Save the Children уюму кыздардын тагдырына кабатыр. Анткени кыздар балдарга караганда мектепке эки эсе аз барышат жана көпчүлүк учурда ачка калышат. 

Save the Children ооганстандыктар ачарчылыкка тез эле кептелгенин белгилейт. Ушул жылдын июнь айындагы сурамжылоого катышкан үй-бүлөлөрдүн 77% кирешесинин жарымынан көбүн жоготконун айтышкан.   

Иштен чарчаган төрт жашар кыз уктап жатат. 
 

12 жаштагы кыз араба менен кирпич ташып жатат. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 27-октябрда өлкөдөгү жумушсуздуктун жана жакырчылыктын бат жайылышынан улам көпчүлүк оогандыктардын жашоосу "жан чыдагыс оор" болуп калганы тууралуу билдирүү жасаган. Ооганстанда жакырчылык 97% өскөн. Өлкөдө 10 адамдын тогузу курсагы тоюп тамактанбайт. 

 

Тогуз жаштагы ооган кыз жумуш учурунда.