Майк Помпео 27-апрелде эртең менен Брюсселде болуп калды. НАТОнун баш катчысы менен учурашып жатып ал кызматтык антын берери менен Брюсселге келгенин баса белгиледи:
- Буга олуттуу себеп бар. Бул жерде бүгүн жасала турган иш баа жеткис. Маанилүү максаттар бар. Ошон үчүн бул миссия Америка Кошмо Штаттары үчүн зор мааниге ээ. Президентибиз бул жакка келишимди абдан каалады. Келе алганыма мен да кубанычтамын. Жемиштүү жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам.
Аскердик альянс НАТОго кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жылдык саммити июлда өтөт. Тышкы иштерди тейлеген министр, жетекчилер ошону утурлай чогулууда. Буга чейин АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлү негизинен Орусиянын Украина, Грузия жана Сирия боюнча саясатына көңүл бурулааарын айткан эле. Батыш Кремль бул аймактарга чоңдугун салып, басым жасап жатат деп эсептейт.
Ошондой эле жыйында Европанын түштүк ыптадагы чек араларында коопсуздукту күчөтүүгө маани берилмей болууда. Күн мурунтан пландалган бул темаларды сүйлөшүү менен катар эле башка министрлер үчүн Помпео менен таанышып, баш терисин байкап көрүү да кызык.
- Ал киши менен жолугууну чыдамсыздык менен күтүп атам. Ант бергенден бир түндөн кийин эле биякка келиши жакшы таасир калтырат. Менимче бул таасирдүү башталыш, - деди Голландиянын башкы дипломаты Стеф Блок.
НАТОдогу жыйындан чыгып, жаңы мамкатчы АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Сауд Арабиясына, Иорданияга жана Израилге жол тартат. Помпео кыска мөөнөттө кеңири масштабдагы, маселен Сирия менен Ооганстандагы узакка созулган согуштар, Йемен менен Сириядагы Ирандын ролу тууралуу, андан тышкары Орусияга байланыштуу эл аралык маселелерди талкуулаганы турат.
Помпео мурдагы баш катчы Рекс Тиллерсондон кыйла жаш, 55те. Президент Дональд Трамп да аны "кубаты, таланты, акыл көрөңгөсү мол" деп мактап жүрөт. "Баштатан жакшы пикирлешим, ишенимдүү адамым" деп да тааныштырган. Анын үстүнө Тиллерсонго караганда Помпеонун саясий жолу узагыраак. 2011-жылдан бери конгрессмен, 2017-жылдан бери чалгын кызматынын жетекчиси болуп иштеди. Деген менен Помпео деле Тиллерсон сыяктуу дипломатияга жаңыдан келип жатат.
Сын айткан сенаторлор ал Трамптын эл аралык маселелерди чечүүдөгү катаал жана кескин саясатын колдоп, улантабы деп чочулашууда. Помпео "түйүндүү маселелерди сүйлөшүү менен гана чечебиз" деп аларды жайгарып жаткан кези. Ал "аскердик аракет эң акыркы гана чара болот" деп билдирген.
Шайланардан үч жума мурда Помпео тымызын Түндүк Кореяга барып, Ким Чен Ын менен жолугуп келиши да ошол сөзүн ырастап тургандай. Ал жолугушуу июндун башындагы АКШ-Түндүк Корея лидерлеринин сүйлөшүүсүн уюштурууга байланыштуу деп түшүндүрүлгөн.