Орусия Сирияда коопсуз аймак түзүүгө каршы эмес

Трамп кеңешчилери менен.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сирияда “адамдар үчүн коопсуз аймак түзөрүн” жарыялаган. Вашингтондун бул сунушун Түркия, Сауд Арабиясы колдоого алды. Сирияда аскерий операция өткөрүп жаткан Москва да АКШнын сунушуна жалпысынан оң көз карашын билдирди.

Президент Трамп 25-январда ABS телеканалына курган маегинде Сирияда коопсуз аймак курарын билдирген. Ал качкындарды ошол аймакта кармап, миграциялык кризистин кайрадан пайда болушуна жол бербөө максатын көздөйт.

Түркиянын "Анадолу" маалымат агенттиги Сирияда коопсуз аймак түзүүнү Анкара алда качан эле сунуштаганын эске салды. Түркия сириялык качкындарды эң көп кабыл алган өлкө. Алардын саны 3 миллиондун тегереги экени айтылып келет.

Америка президенти Трамп Сауд Арабиясынын падышасы Салман Абдал Азиз менен 29-январда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияда коопсуз аймак түзүүнү талкуулаган. Ак үйдүн кабарлоосу боюнча, падыша Салман Сирия жана Йеменде коопсуз аймак түзүү жана согуштун айынан үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон качкындарга жардам берүү боюнча сунушту колдоого алды.

Сирияда 2011-жылдан бери токтобой жаткан жарандык согуштан 300 миңдин тегерегинде адам өлсө, Йеменде шииттик хуситтер менен Сауд Арабиясы колдогон суннит өкмөттүк күчтөрүнүн кагылышуусунда 10 миңдей адам набыт болгонун Улуттар уюму жакында эле кабарлаган.

Дональд Трамп менен Сауд Арабия падышасынын сүйлөшүүсү Трамптын жети мусулман өлкөсүнөн мигрант, качкын, атүгүл АКШда жашоого уруксат алган "жашыл картасы" бар жарандардын келишине да чектөө киргизген чечими менен удаалаш болду. Бирок ал чектөөнүн Сауд Арабиясына тиешеси жок.

Трамптын бул чечими чет өлкөлөрдө көп сынга кабылууда. Аны Сауд Арабиясы мүчө болгон Араб лигасы да сынга алды.

Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спейсер жети өлкөдөн мигранттарды кабыл алууга тыюу салуу чечими АКШ жарандарынын коопсуздугу үчүн кабыл алынганын билдирди:

- Бул 90 күндүк тыюу, көзөмөлдөп-өткөрүү системасы өлкөгө кимдин келип жатканын так аныктап, кепилдик беришине жетишүү максатын көздөйт. Америка жарандарынын коопсуздугу, биздин өлкөнүн коопсуздугу биринчи орунда туруш керек. Ошондуктан кечээ күнү президент кабыл алган чечим өлкөгө келген адамдын ниети таза экенине жана бизге зыян келтирбей турганына кепилдик берүү максатын көздөйт.

Сауд Арабиясынын расмий маалымат каражаттары Сирия жана Йеменде коопсуздук аймак түзүү боюнча кабар берген эмес. Болгону сүйлөшүүдө эки тарап “терең жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк мамилени” бекемдөөнү көздөшкөнүн кабарлады. Вашингтондун маалыматы боюнча, эки лидер “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштү күчөтүүнү макулдашты.

“Ислам мамлекетине” каршы күрөштү Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен 28-январда телефон аркылуу сүйлөшүүдө да талкуулаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү күнү орус тарап Кошмо Штаттардын Сирияда “мигранттар өзүн коопсуз сезе турган аймак түзүү сунушун” Орусия тарап түшүнүү менен кабыл алганын билдирди. Лавров Сирияда коопсуз аймак Дамаск менен макулдашылып, Улуттар уюму менен кызматташуу аркылуу түзүлүш керектигин кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министри Москва менен Вашингтон “Ислам мамлекетине” каршы Сирияда эле эмес, Иракта дагы биргелешип каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бар деди:

- Иракта Багдаддын макулдугу менен америкалыктар жетектеген коалиция иштеп жатат. Эгерде Ирак бийликтеринин кызыгуусу болсо, анда биз аларга кошумча жардам бере алабыз. Бери дегенде чалгын маалыматтарын алмашуу жана башка жактар боюнча. Бул маселелер боюнча Багдадда төрт тараптуу - Орусия, Ирак, Иран жана Сирия катышкан борбор бар экенин эсиңиздерге салгым келет. “Ислам мамлекетине” каршы күрөштү дагы натыйжалуу координациялоо үчүн ал механизмди толук иштетүүгө болот.

Орус бийликтери президенттер Владимир Путин жана Дональд Трамп июль айында Гамбург шаарында боло турган "Чоң жыйырманын" жыйынына чейин жолугушуусу мүмкүн экенин билдирди. Президенттер ал жолугушууда терроризмге каршы күрөшүү жана башка орчун маселелерди талкуулашмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.