Азияда араздашкандардын жакындашуу аракети

Жапон премьери жана Түштүк Корея президенти.

Жапония менен Түштүк Корея акыркы үч жылдан ашуун убактан бери алгачкы саммитин өткөрүштү. Бир күн алдыда жогорку деңгээлдеги үч тараптуу жыйынга Кытай дагы кошулган.

Тарых боюнча пикир келишпестиктерге жана жер талаштарга карабай Азиянын кубаттуу бул үч өлкөсү соода-экономикалык кызматташтыкка жаңы дем беребиз деп ырасташууда.

Жапон премьер-министри Синзо Абэ аймактагы эки коңшунун лидерлери менен Борбор Азия чөлкөмүн кыдырып барган соң жолукту.

Абэ менен Түштүк Корея президенти Пак Кын Хенин Сеулдагы сүйлөшүүлөрү эки өлкө лидерлеринин акыркы үч жарым жылдагы алгачкы кездешүүсү болду. Жапон лидери жолугушуудан кийин:

- Быйыл Түштүк Корея менен Жапониянын мамилеси нормалдашканынын 50 жылдыгы. Ушуну эске алуу менен биз ортодогу маселелерди мүмкүн болушунча тез жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү күчөтүүнү чечтик. “Ыңгайлуу аялдар” маселесине байланыштуу мен келечекке таянган кызматташтыкты курууга аракеттенип жаткандыктан биз өз артыбызда биз болочок муун үчүн кыйынчылык калтырбашыбыз абзел деп санайм.

Абэ айткан “ыңгайлуу аялдар” түшүнүгү Жапония -Түштүк Корея ортосунда тарыхтан калган кара так.

20-кылымдын биринчи жарымындагы согуштар учурунда жапон армиясы тарабынан сойкулукка мажбурланган корей аялдардын маселесин Токио 1965-жылдагы дипломатиялык келишим жана жапон өкмөтүнүн 1993-жылдагы расмий кечирим суроосу менен чечилген деп эсептейт.

Бирок кореялыктар көбү жапон бийлиги тарыхтагы бул кылмышты актагыдай чара көрө элек деген көз карашта.

Сеул менен Токио ортосунда акыркы үч жылдан бери маңыздуу сүйлөшүү болбогону жапон премьери Синзо Абэнин улутчул туруму менен да байланыштырылат.

Сүйлөшүүлөрдө олуттуу бурулуш байкалбаганы менен Түштүк Корея президенти Пак Хын Ке саммит эки коңшунун алака-катышын алга жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүк жаратканына ишеним билдирди.

Премьер Синзо Абэ Сеулда Түштүк Кытай деңизи боюнча да маселени көтөрдү. Бээжин менен Чыгыш Кытай деңизи боюнча талашы бар Жапония премьеринин айтымында, Токио деңиздерде ары-бери каттоо эркиндигин кепилдеш үчүн Сеул менен Вашингтондун тыгыз кызматташтыгын каалайт.

Өткөн аптада АКШнын аскерий кемеси Түштүк Кытай деңизиндеги аралчалардын ордунда куруп жаткан жасалма аралдын жанынан өткөндө Бээжин муну аймактык бүтүндүккө шек келтиргендик катары ачуулануу менен кабыл алган.

Түштүк Кытай деңизи.

Вашингтон болсо алардын кемеси деңиздин Кытайга караштуу бөлүгүнөн эмес, эл аралык суулардан өттү деп санаган.

Кытай тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин дүйшөмбү күнү Бээжиндеги басма сөз жыйында Түштүк-Кытай деңизи боюнча маселе жок жерден чыгып жатат деп билдирди:

- Кытайда коркконго кош көрүнөт деген макал бар. Биз тынчсыздануулар үчүн эмне жүйө бардыгын чынында билбейбиз. Мына силер кемелердин эркин каттоосу деп жатасыңар. Түштүк-Кытай деңизи аркылуу жылына ар кайсы өлкөлөрдүн 100 миңдей кемеси эч көйгөйсүз эле өтүп жатканын баары көрүп турат. Биз бул өлкөлөр азыркы маселеде объективдүү, адилет жана рационалдуу көз карашты карманат жана Кытай менен чогуу Түштүк Кытай деңизи аймагында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү коргоо үчүн конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү роль ойнойт деп үмүттөнөбүз.

Ушул дем алыш күндөрү Сеулда Түштүк Корея, Жапония, Кытай лидерлеринин да акыркы үч жылдагы алгачкы үч тараптуу сүйлөшүүсү өттү. Саммитке Бээжинден премьер Ли Кецян келди.

Үч өлкөнүн саммитте илинген желектери.

Өзү 2008-2012-жылдардын аралыгында бул үч мамлекет лидерлери үч тараптуу саммитке беш ирет чогулган, бирок 2012 –жылы Жапонияда бийликке Синзо Абэ келгенден кийин токтоп калган эле.

Талдоочулар саммиттен олуттуу жыйынтык күтүшкөн эмес, бирок Жапония, Кытай, Түштүк Корея лидерлеринин жолугушуусу тарых боюнча пикир келишпестиктерине, аймактык талаштарына карабай үч өлкө экономикалык өсүш үчүн бири-бирине көз каранды экенин ачык айтып олтурат.

Конок ээси, Түштүк Корея президенти Пак Хын Ке белгилегендей, алардын саммитинин тарыхый мааниси үч өлкө ортосунда кызматташтык системасын калыбына келтирип жатканында.

Токио, Бээжин, Сеул ошондой эле опурталдуу коңшусу Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасын токтотуу багытында иштөө, үч тараптуу соода келишими боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү убада кылышты.