Сирия оппозициясы Астана сүйлөшүүсүнө даярдыкты токтотту

"Эркин Сирия армиясы" уюмунун мүчөсү

Сирия оппозициясы Астана сүйлөшүүсүнө даярдыкты токтотконун 2-январда жарыялады. Алар мындай чечимин Сириянын өкмөттүк күчтөрү ок атууну токтотуу келишимин бузганы менен байланыштырды.

Сирия өкмөттүк күчтөрү Дамаск жана Алеппо шаарынын айланасына чабуулун күчөтүп, анын максаты шаар калктарын суу менен камсыздоону жакшыртуу деп билдирген.

"Эркин Сирия армиясы" деп аталган оппозициялык күчтөр 2-январда тараткан билдирүүдө, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн жана Иран колдогон күчтөрдүн ээлеген жерин кеңейтүү багытындагы ар кандай аракети Орусия жана Түркия ортомчулугу астында жетишилген тынчтык сүйлөшүүсүн токтотууга алып келет деп айтылган. Билдирүүдө “режим жана анын тарапкерлери ок атууларды улантып, жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө” деп белгиленген. "Эркин Сирия армиясынын" астында бир катар куралдуу оппозициялык топтор биригишкен.

Сирия

Түркия оппозициялык "Эркин Сирия армиясын" колдойт. Бул күч менен биргеликте Анкара Сириянын түндүк регионунда “Ислам мамлекетине” жана күрт топторуна каршы операция жүргүзүп жатканы маалым.

Орусия менен Түркия 30-декабрдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу келишими менен бирге Казакстан борбору Астанада тынчтык сүйлөшүүсүн жарыялаган. Анкара жана Москванын Сирияда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоо аракетин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 31-декабрда карап, колдоого алган. Бирок тынчтык сүйлөшүүсү үчүн шарт түзө турган ок атышууну токтотуу келишими айрым жерлерде бузулуп жатканы көп өтпөй кабарланган.

31-декабрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында БУУдагы АКШ өкүлүнүн орун басары Мишел Сисон ок атышууну токтотуу, тынчтык сүйлөшүүсү баштоо демилгесин абайлаган оптимизм менен колдоп жатышканын айтып, ошол эле учурда Дамаска жакын Вади Барада жергесинде ок атууну бузууга тынчсыздануусун билдирген:

- Вади Барадага өкмөттүк күчтөрдүн “Хизбалланын” колдоосу менен чабуул жасаганы тууралуу маалыматтар бизди тынчсыздандырууда. (БУУнун) Коопсуздук Кеңеши кабыл алган чечим андай аракеттер токтотулууга тийиш деген катуу белги болуш керек.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин Орусия менен Түркиянын ортомчулугу астында Сирия боюнча келишимди Коопсуздук Кеңештин колдоосун жогору баалаган эле:

- Орусия жана Түркия тараптан жасалган аракетти Коопсуздук Кеңешинин колдоосу өтө маанилүү. Бүгүн эч кандай сын сөздөрдү айткым келбей турат, бирок баары бир бул жерде айтылгандарга карап, абайлай коллегаларыма белги бергим келет. Бул өтө татаал жараян, ага жетишүүнүн өзү өтө татаал болуп, эбегейсиз эмгек талап кылынды. Ошондуктан туман каптатпаңыздар, жардам бериңиздер, эгерде жардам бере албасаңыздар же жардам берүүнү каалабасаңыздар, анда жок дегенде туман каптатпаңыздар.

Виталий Чуркин

Анкара менен Москванын ортомчулугу менен жетишилген Сирия бийлигинин жана оппозициялык күчтөрдүн келишимине ылайык, январь айынын аягында Казакстан борбору Астанада тынчтык сүйлөшүүлөрү башталууга тийиш. Бирок ал үчүн ок атууну токтотуу келишими так аткарылышы керек. Козголоңчулар ал бузулуп жаткандыктан, Астана сүйлөшүүсүнө даярдыкты токтотконун билдиришти. Алар ошондой эле Орусия Сирия өкмөттүк күчтөрүн жана Иран колдогон топторду ок атууну токтотуу келишимин аткарууга мажбурлай алабы деген суроону коюп жатышат.

Орусиянын жана Сириянын расмий бийлиги тараптан мындай айыптоого азырынча жооп боло элек.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.