Польша президенти талаштуу мыйзамга кол коёт

Киевдеги Польшанын элчилигинин алдындагы акция. 5-февраль, 2018-жыл.

Польшанын президенти Анджей Дуда Холокост тууралуу талаштуу мыйзамга Израилдин, АКШнын жана Украинанын каршылыгына карабастан кол коёрун 6-февралда билдирди. Бул мыйзамга ылайык, Польшаны фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланышта карагандар жана украиналык улутчулдардын поляктарга каршы жасаган кылмыштарын жокко чыгаргандар жазага тартылышат. Польша мындай мыйзам өлкөнүн беделин коргош үчүн керек экенин айтууда.

Эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабастан Польшанын президенти Анджей Дуда талаштуу мыйзамга кол коёрун шейшембиде билдирди:

- Мен бул мыйзам долбооруна кол коёюн деп чечтим. Бул меним чечимим. Мыйзам бир четинен Польшанын кызыкчылыгын коргойт, биздин беделибизди, тарыхый чындыкты коргойт. Анткени бизди мамлекетти жана улутту айыптоого болбойт, ​- деген Дуда алгач мыйзам долбоорун Конституциялык сотко жиберерин кошумчалады. Ал жактан беренелердин Баш мыйзамга шайкештиги жана сөз эркиндигине каршы келер-келбеси дагы бир сыйра текшерилет.

Польшанын президенти Анджей Дуда Варшавдагы маалымат жыйынында. 6-февраль, 2018-жыл.

Мыйзам күчүнө кирсе фашисттик Германия учурундагы концентрациялык лагерлерди поляктар менен байланыштыргандарга же "ошол доордогу кылмыштарга салым кошту" деп Польшаны күнөөлөгөндөр айыпка жыгылып, үч жылга чейин түрмөгө камалышы мүмкүн. Андан тышкары, мыйзамда бир кезде украиналык улутчулардын башында турган Степан Бандеранын идеологиясын туура көрүп, анын тарапташтарынын 1925-1950-жылдары поляктарга каршы жасаган кылмыштарын жокко чыгаргандар да жазага тартылары белгиленген.

6-февралда Украинанын парламенти - Жогорку Рада бул мыйзамды айыптаган резолюция кабыл алды. Украин депутаттары Польшанын президенти Анджей Дуданы мыйзамга вето коюуга чакырышты.

- Мындай мыйзам чынчыл диалогго, эркин пикир алмашууга жана академиялык эркиндикке бөгөт коёт. Анткени бул мыйзам бир эле Украинада эмес, АКШда, Израилде жана Европа мамлекеттеринде нааразычылык жаратты. Бул мыйзам демократиялык баалуулуктарга каршы келет жана поляктардын украиналыктарга каршы маанайынын күчөшүн бекемдейт, - деди украин Радасынын мүчөсү Анна Хопко.

Депутаттар Варшаваны "Украинанын эгемендиги үчүн күрөшкөн айрым адамдардын аракеттерин ХХ кылымда коммунисттик жана нацисттик режимдер жасаган кылмыштарга теңеп жатат" деп айыпташты.

Польшада ар кыл эсеп боюнча бир жарым миллиондон эки миллионго чейин украин жашайт. Украинанын президенти Петро Порошенко да бул тууралуу тынчсыздануусун билдирген.

5- февралда болсо Украинанын ашынган оңчул партиялары болгон "Улуттук корпустун", "Эркиндиктин" жана "Оңчул сектордун" өкүлдөрү Польшанын Киевдеги, Одессадагы, Львовдогу, Луцктагы жана Харьковдогу дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдында митингдерди өткөрүштү.

Киевдеги Польшанын элчилигинин алдындагы акция. 5-февраль, 2018-жыл.

Талаштуу мыйзамды февраль айынын башында Польша парламентинин эки палатасы - Сенат менен Сейм жактырган. Польша өкмөтү мындай мыйзам нацисттик агрессиясынын курмандыгына айланган польшалыктардын беделин коргош үчүн зарыл деп эсептейт. Израил мыйзамды тарыхты кайра жазуу аракети катары баалап, Варшаваны андан баш тартууга чакырган. Вашингтон бул мыйзам долбоору сөз эркиндиги менен илимий изилдөөлөргө зыянын тийгизерин эскерткен.

1939-жылы фашисттик Германия Польшаны басып алгандан кийин анын аймагында миллиондогон адамдар, көбүнесе жөөттөр өлтүрүлгөн лагерлер жайгашып, иштеп турган.

Алардын эң белгилүүсү - Освенцим да Польшанын аймагында болгон. Варшава ошол өлүм лагерлеринин “поляк лагерлери” деп аталышына каршы экенин билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.