Польшанын вокзалдары качкындарга толду

Украиналык качкындарга толгон темир жол вокзалы.

Кайда барарын билбей айласы кеткен качкындар. Аларга ыктыярчылар жардам берүүдө. 

Украинанын желегин оронуп алган аял. 

Польшалык ыктыярчылар украиндер үчүн вокзалдын өзүндө эле тамак-аш пункттарын орнотушуп, келгендерге ысык чай, тамак-аш беришүүдө.

Польшанын дин кызматкери украиналык качкынга жардам берип жатат.

Бул шаарга келген качкындар Польшанын башка шаарларына жанан Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө чыгып кетүүдө. 

Мындан улам вокзал Украинадан келген жана башка шаарларга кетип жаткан качкындарга толгон. 

Качкындардын көпчүлүгүн аялдар, балдар жана кары-картаңдар түзөт.

Украиналык качкындар келген вокзалда ыктыярчылар күнү-түнү иштеп жатат. Алар качкындарга ысык тамакты кайдан ичип, түнөк жана траспортту кантип табуу керектиги жөнүндө маалымат берүүдө. 

Перемышлге негизинен Украинанын Львов, Киев шаарларынан качкындар келишүүдө.

Качкындар Польшанын аймагындагы поезддерде акысыз жүрө алат. 

Вокзалдын өзүндө эле оорулууларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. 

Украиналык качкындар Польшанын аймагында бекер дарылана алат. 

Вокзал "жумуш издейм" деп украинче жазылган жарнамаларга толгон. 

Польшага келген үй-бүлөлөрдү көбүнчө туугандары же тааныштары тосуп алууда.

Жолдон чаалыккан балакай.

Ыктыярчылар балдарга ар кандай оюн-зоокторду уюштурууда.

Вокзалдан үй жаныбарлары үчүн да тамак-аштар берилүүдө.

Үй жаныбарлары жолдо жүрүүнү көп жактыра бербейт. Мындан улам алардын көпчүлүгүнүн көзү алайып, коркуп баратканы байкалат.

Качкындарды биринчи кабыл алган Польшанын Перемышл шаары тилектештиктин белгиси катары калаанын борборуна Украинаны колдогон баннерлерди илип коюшкан. 

Польшанын Украина менен чектеш Перемышл шаары согуштан качкан украиналык качкындарга толгон.