Орусияда чиркөөдө ойногон блогер соттолду

Блогер Руслан Соколовский сот залында. 11-май, 2017-жыл.

11-майда блогер Руслан Соколовскийди Екатеринбург соту үч жарым жылга шартуу кесип, аны коомдук жумуштарга тартууга чечим чыгарды.

Ага чиркөөдө Pokemon Go оюнун ойногону үчүн “диний ишенимге шек келтирди жана жашыруун үн жаздыруучу аппаратты мыйзамсыз алып жүрдү” деген айыптар тагылган.

Екатеринбургдун Верх-Исет соту Соколовскийге үч жыл сыноо мөөнөтүн берди. Сот чечимине ылайык, ал үч жыл ичинде кандайдыр бир акция, массалык иш-чараларга катыша албайт жана интернеттеги видео-блогдорун өчүрүшү керек.

Соколовский соттун чечимине кайра даттануу жактоочулары менен кеңешкенден кийин чечилерин айтты. Сот залында блогер түрмөгө камалбай калганына журналисттер, жакындары, активисттер салым кошконун белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди. Кабарчылар интернетте миңдеген көрүүчү топтогон блогердин мындан кийинки ишмердүүлүгүнө кызыгышты.

- Мен сотто акталам деп күткөн эмесмин. Ишти карап жаткан соттун тарыхында эч бир актаган иш болбоптур. Азыркы учурда мен эркиндикте калганыма сүйүнүп турам. Учурда менде коомчулук үчүн кызыктуу жана пайдалуу иш кылганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Азырынча аябай токтоо болом, эч кандай видео тартуу боюнча планым жок. Себеби, кайра отургузуп коюшу мүмкүн. Кийин балким пайдалуу, мыйзамдуу контенттеги видео тарта баштайм. Азыр башка иштерди ойлонуп жатам.

Ал эми Соколовскийдин жактоочусу Алексей Бушмаков сот чечимине даттанарын билдиргенин “РИА новости” агенттиги маалымдады.

Прокурорлор шарттуу мөөнөт айыпталуучу үчүн жеңил жаза болуп каларын белгилеп, Соколовскийди үч жарым жыл түрмөгө кесүүнү өтүнүп келген. 11-майдагы соттун чечиминен кийин Верх-Исет райондук прокуратурасынын өкүлү Екатарина Калинина журналисттерге мындай деди:

- Күнөөлүү деп, бирок шарттуу кесилди. Албетте чечим чыгаруу мыйзам боюнча соттун ишмердүүлүгүнө кирет. Чечимди сыйлайбыз. Менин оюмча жаза акыйкат болду окшойт.

Анткен менен блогер коюлган айыптарга макул эместигин билдирип, 23-апрелде соттук отурумундагы акыркы сөзүндө буларды айткан.

- Күнөөмдү моюнума албай жатканымдын негизги себеби, мен өзүмдү экстремист деп эсептебейм. Балким мен келесоо чыгармын, бирок экстремист эмесмин. Илгери коммунизм жана Сталин жөнүндө анекдот айткандарды көп жылга лагерге отургузушкан. Азыр эми патриарх Кирилл жөнүндө анекдот айтканым үчүн мени үч жарым жыл түрмөгө отургузуу керекпи? Бул караңгылык жана мен муну эч качан түшүнбөйм.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Покемон" ойногон блогер шарттуу кесилди

Өткөн жылдын күз айларында Руслан Соколовский Екатеринбургдагы орус православ чиркөөсүндө Pokemon Go оюнун ойноп, ал видеону интернетке жарыялаган. Соколовскийдин Ютуб каналындагы бул видеонун көрүүчүлөрүнүн саны 300 миңге жетип, социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Ага чейин телеканалдардан ошол кезде абдан популярдуу болуп жаткан покемон кармоо оюнун чиркөөлөрдүн ичинде ойноого уруксат берилбей турганы кабарланган эле.

Көп өтпөй сентябрь айында блогер динзарлардын сезимине акарат келтирди деген айып менен кармалган. Андан тышкары ал патриарх Кириллдин аброюна шек келтирген деп дагы күнөөлөнгөн. Орусиянын Екатеринбург шаарынын соту аны 23-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Блогердин иши боюнча соттук териштирүү бир нече айга созулду. Соколовский тергөө абагында ага басым болуп жатканын айтып чыккан.

"Эл аралык мунапыс" уюму (Amnesty International) Соколовскийдин камалышын “өз пикирин билдирүүгө каршы фарс түрүндөгү чабуул” деп атаган. Бул уюм 11-майдагы соттун чечимин дагы айыптады. Ал эми "Мемориал" укук коргоо борбору 22 жаштагы Соколовскийди саясий туткун деп тапкан.

"Покемонду" 2016-жылы Жапониянын "Нинтендо" компаниясы иштеп чыккан. Pokemon Go'нун түзүүчүлөрү КМШ өлкөлөрүнө оюнду расмий кое бербесе да Орусияда мунун ышкыбоздору арбын болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.