Украина: Киевдеги метро коргонуу жайына айланды (сүрөт баян)

Орусиянын Латвиядагы элчилигинин алдындагы Украинаны колдогон митингдин катышуучулары көтөргөн сүрөт.  Орус президенти Владимир Путиндин элеси. Рига, 17-март, 2022-жыл. 

Орусия. Ленинград облусу. Ладога көлүнүн жээгинен түндүк жаркырагын карап турган аял. 

Украина, Киев. Орусиянын чабуулунда жарандардын бомбадан коргонуучу жайына айланган метро станция.  

Пакистандык колукту. Үлпөт тоюнун алдында анын колдору зер буюмдарга толуп, хна менен боелгон. Исламабад. 16-март, 2022-жыл.

Чымын-чиркейди тосчу тор саткан адам. Пакистан, Пешавар. 

Ооганстан, Кандагар. Апийим талаасында иштеген киши. 

Оштун самсасы. Кыргызстан. 

Киев кезектеги аткылоодон кийин. 15-март, 2022-жыл.

Британия, Лондон. Орусиялык олигарх Олег Дерипаскага таандык делген имаратты басып алгандар. Алар украин желегин жана Москванын аракеттерин сындаган жазууларды илип коюшкан.  14-март, 2022-жыл. 

Ооганстан, Кандагар провинциясы. Апийим талаасы.

Эки жашар Оливия. Майя деп аталган келемишин кармап турат. Орусиянын басып кирүүсүнөн кийин наристе жакындары менен Киевден качып чыгууга мажбур болгон. Азыр Польшадагы качкындар жайында. 

Киев. Орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан кийин курман болгон аялдын сөөгүн чыгарып жаткандар. 15-март, 2022-жыл. 

Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.