Коронавирус жана аялдар маршы
Аялдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы "Зөөкүр" аталышындагы акцияга чыккан кыз. Бухарест.
8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» жүрүшүнө катышуу үчүн келген кызды милиция кызматкерлери кармап бара жаткан учур.
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын армиясынын абадан урган соккуларынан кийин жараат алган сириялык жаш бала, Маарет-Мисрин шаарындагы ооруканалардын биринде отурат.
Кабулдагы жардыруудан тууганы каза болгонун уккан эркектер ыйлап жатат. Ооганстан.
Индиялыктар Ганг дарыясынын жээгинде өрттөлгөн сөөктөрдүн күлүн чачып жатышат.
"Делик" кыймылынын мүчөлөрү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдардын сүрөтүн кармап турушат. Бухарест.
Румыниянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин имаратынын астына каршылык акицясына чыккандар противогаздарды кийип жатышат.
Түштүк Кореялык аскерлер коронавирустун жыйылып кетишинин алдын алуу үчүн Сеулдун көчөлөрүн дезинфекциялоодо.
Мигрант Түркиянын түндүк-батышындагы Эврос дарыясынын боюнда кеменин келүүсүн күтүп жатат. Ал кеме аркылуу Грецияга кетүүгө аракеттенүүдө.
Масленица майрамы учурунда мелдешке катышып жаткан киши. Орусия.