Төө менен ойногон балдар

Лахордо пакистандык балдар жамгырда төө менен ойноп жатышат.

Орусиянын Конституциясы кепилдик берген тынч митинг өткөрүү укугун коргоп чыккан митингдин катышуучусу. Москва, 31-июль.

Батыш Гренландияда эрип жаткан муздан агып чыккан чоң дарыялар.

"Настоящее времянын" алып баруучусу Тимур Олевский Москвадагы митингге чыккан кишини полиция кармап жаткан учурда андан интервью алганга аракет кылууда. 3-август.

Киевдеги акча алмаштыруучу жайдын алдында уктап жаткан киши.

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы көчөлөрдүн биринде балмуздак сатып жүргөн бала.

Өспүрүм узундугу 100 метрге жеткен желекти жайганга аракет кылууда. Румыния Улуттук гимн күнүн белгилеген күн.

Чыйырчыктар Беларустун борбор калаасы Минскидеги талааларда учуп жүрөт.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын баллистикалык ракета учурулуп жатканын карап турат. Сүрөт кайсы жерде тартылганы белгисиз.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ооруканада отурат. Саясатчы дарыгерлер ага уу берип койду деп шек саноодо. Навальный "Митинг өткөрүү тартиби жөнүндө" мыйзамды бузганы үчүн кайрадан 30 күнгө камакка алынган.

Пакистандык балдар жамгырдан кийин көчөдө ойноп жатышат. Карачи шаары.

Апта ичинде дүйнө жүзүндө тартылган сүрөттөрдүн ичинен мыктыларын иргеп алдык.