Вулканга ыргытылган мал, чачылган темир

Орусиялык Светлана Ромашина Сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында өнөрүн көрсөтүүдө. Түштүк Корея.

Братиславада элдин алдына чыгардын алдында жалаң аялдардан куралган Ооганстандын эң алгачкы оркестринин мүчөсү башын колуна жөлөп, эс алып олтурат.

Теңгер эли жана туристтер Бромо вулканынын жанына Касада аземине чогулушууда. Жыл сайын индуизмди карманган Индонезиянын динчилдери өз кудайларын даңазалап, жүгөрү же мал жандыктарды вулкандын кратерине ыргытышат.

Элдик артисттер ысыган темирдин чогун асманга чачып жаткан учур. Кытай, Хунан провинциясы.

Эл аралык космос станциясы өзүнүн орбитасын айланып тегеренип жаткан учуру. Байкоңур космодрому, Казакстан.

Ооганстандагы бала Кабулдун чет жакасында сууга бышкан жумурткаларды сатып жүрөт. Ооганстанда көптөгөн балдар окуусун таштап, акча табууга мажбур.

Мумбайдын тургуну терезесинен эшикти карап турат. Ал арада куткаруучулар урап түшкөн имараттын алдында калгандарды издеп жатат.

Катуу муссон жамгырдан жапа чеккен үй-бүлө буюм-тайымдарын чогултуп отурат. Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймагы.

Индиянын Ассам облусунун Нагаон аймагындагы селден улам жергиликтүү тургундар башка аймакка көчүрүлүп жатат.

Буддизмди жаңы кабыл алган жаш балдар суу ичип жатышат. Мармар Ибадатканасы, Бангкок.

Пакистандык сатуучу базарды аралап келе жатат. Бул өлкөдө акыркы күндөрү сатуучулар баалардын көтөрүлүшүнө нааразы болуп чыгышкан.

Апта ичинде дүйнө жүзүндө тартылган сүрөттөрдүн ичинен мыктыларын иргеп алдык.