Тегерандагы азыркы абал

Тегерандагы акция учурунда күйгөн имараттар. Өкмөт күйүүчү майга болгон баа жогорулаганын айткандан кийин өлкөдө демонстрация башталган. 

 

Ислам революциясынын коргоочулары корпусунун мүчөсүн акыркы сапарга узатуу. Ал Шахрияр провинциясында болгон нааразылык акциясында каза тапкан. 

 

Тегерандагы май куючу станция. Ырасталбаган маалыматтарга караганда, демонстарция учурунда өлкөдө 200дөй адам өлгөн. 
 

Шахриярдагы бузулган соода борбору. Ирандыктардын көбү, мындай жайлар 2018-жылы америкалык санкциялар күчүнө киргенден кийин "жабыр тартты" деп эсептешет. 

 

Аялдар ирандык Шахриярдагы акция учурунда күйгөн Shahr банкынын жанынан өтүп баратышат. 

 

Коопсуздук кызматынын каза болгон кызматкерин акыркы сапарга узаттуу. Шахрияр.
 

Шахрияр иштен чыккан банкомат. 

 

Сүрөттөрдүн көбү 20-ноябрда тартылган. 

 

Өрттөн кийинки имарат. 

Ирандын улуттук банкынын Шахриярдагы филиалы нааразылык акциясынан кийин күйгөн. Ирандын өкмөтү атайын билдирүүдө нааразылык акциясын Тегеранга каршы Сауд Арабия, Израил жана АКШ уюштурган "кутум" деп сыпаттаган.