Порошенко: президенттикке кайтып келем

"Биз биргеликте парламенттик шайлоону жеңип чыгабыз. Биз баарыбыз чогуу кийинки президенттик шайлоодон кийин Банковая көчөсүнө келебиз", - деп айтты Порошенко тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайты президенттик шайлоодо урнага салынган бюллетендердин дээрлик жүз пайызы эсептелип бүткөнүн көрсөтүүдө. Бирок расмий жыйынтык жарыялана элек.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызына, Порошенко 24,4 пайызына ээ болду.