Прагадагы улутчулдарга каршы акция

Демонстрациянын катышуучулары Праганын "Розтули" метро бекетинин кире беришине чогулуп, улутчул күчтөрдүн конференциясы өтчү мейманканага чейин жөө жүрүш жасашты. Айрымдары Украинанын мамлекеттик желегин көтөрүп алышкан. 

Улутчул күчтөрдүн конференциясына каршы акциянын катышуучуларынын арасында жашы жете элек балдар да активдүүлүгүн көрсөттү.

Улутчул күчтөрдүн конференциясы өтүп жаткан мейманкананын алдында Чехиянын SPD саясий партиясынын аты жазылган жашыл кемсел кийген жигиттер конференциянын катышуучуларын тизме аркылуу имаратка киргизип жатышты. 

Прагада өткөн улутчул күчтөрдүн конференциясына каршы акциянын катышуучулары колдоруна плакаттарды кармап алышты.

Улутчул күчтөргө каршы өткөн нааразычылык акциянын катышуучуларынын бири беделдүү эл аралык уюмдун аты жазылган плакатты көтөрүп жүрдү. 

Прага шаарынын мейманканаларынын биринде өткөн улутчул күчтөрдүн конференциясына каршы нааразычылык акциясы. Катышуучулардын бири "Европада жек көрүүгө орун жок" деген жазууну кармап турду. 

"Улутчулдарга" каршы тургандардын арасында Чехиянын SPD партиясынын төрагасы, популист саясатчы Томио Окамуранын бир тууганы жүргөнү байкалды. 

Нааразылык акциясынын катышуучулары жөө жүрүш алдында борбор калаанын "Розтули" метро бекетинин жанында чогулууда. 

Жарандык активистер жөө жүрүш маалында. Чогулгандар Прага шаарынын мейманканаларынын биринде өтүүчү Европадагы улутчул күчтөрүнүн конференциясына каршы нааразылык акциясын өткөрүүдө. 

Прагадагы нааразылык акциянын айрым катышуучулары үй жаныбарларын да жетелеп алышкан. 

Нааразылык акциянын катышуучуларынын жөө жүрүшү. Прага, 2017-жылдын 16-декабры