2021-жыл эмнеси менен эсте калды?

АКШда Трампты колдогон топтун Капитолийге чабуулу. 6-январь, 2021-жыл. (Рейтер, Леа Миллис)
 

Эла Губбиотти 10 күндөн бери ооруканада жаткан түгөйү Жанкарло Ваннимартини COVID-19дан дарылаган бөлмөдө желим пленка менен корголгон жерде кучактап жатат. Римдин жанындагы Арричиа шаарындагы оорукана. 20-январь, 2021-жыл. (AP Сүрөт/Алессандра Тарантино)
 

Жыгач кайыкка толуп алган африкалык мигранттар жана качкындар Ливиянын жээгинен 122 мил алыстагы Жер Ортолук деңизинде Испаниянын Опен Армс издөө жана куткаруу кемесинен келе турган жардамды күтүп жатышат. 12-февраль. 2021-жыл.  (AP Сүрөт/ Бруно Тевенин)
 

Москвада кармалган оппозиция лидери Алексей Навальный менен анын жубайы Юлия Навальнаяны колдоп, чөнтөк телефондорун жандырып, жүрөкчөлөрдү тарткандар. Навальныйдын командасы тургундарды тышка чыгып, уюлдук телефондун жарыгын күйгүзүүгө чакырган. Бул Навальныйды колдоонун белгиси жана нааразычылык акциясынын жаңы форматы болчу. Башында көптөр тамаша катары кабыл алышканы менен мындай акциялар эки дем алыш катары менен өтүп, орус бийлигинин назарын бурдурткан. Анан бийлик бул нааразылык акцияларын токтотуу үчүн жең түрө киришкен. 14-февраль, 2021-жыл. (AP Сүрөт/Павел Головкин)
 

Дамаскынын чыгыш четиндеги Дума шаары. Талкаланган имараттын жанынан өтүп бара жаткан аял. Сирия. 9-март, 2021-жыл. (Рейтер, Омар Санадики).
 

Индиянын Нью-Дели шаары. COVID-19дан каза тапкандарды акыркы сапарга узатууда оттун аптабынан качып бараткан киши. 29-апрель, 2021-жыл. (AP Сүрөт/Амит Шарма)
 

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылында үйдүн урандыларын аралап жүргөн балалуу аял. 2021-жылы жазында эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжал болуп, андан ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Куралдуу кагылышуу он жылдап чечилбеген маселелерден келип чыкканын эки өлкө тең ырастаган. 4-май, 2021-жыл (AP Сүрөт/Владимир Воронин)
 

Германиянын Шульд шаарындагы суу ташкыны. Бул табигый кырсык Европа менен Түндүк Америкаданы климаттык кризистин кесепеттерин дагы бир ирет эске салды. 15-июль, 2021-жыл.
 

2020-жылкы Токио Олимпиадасынын жабылыш аземине даярдык. Жапония. 8-август, 2021-жыл. (Рейтер, Павел Копчински).
 

Кабул аэропортунда мекенинен чыгып кетүүнү күткөн ооган жеткинчек. Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан кийин аэропортко киши батпай, тополоңго чейин жеткен. 16-август, 2021-жыл. (Вакил Кохсардын фотосу / AFP)
 

Азери аскерлери Баку шаарынын борборунда экинчи Карабак согушунда курман болгон жоокерлер менен карапайым жарандардын сүрөттөрүн көтөрүп баратышат. 27-сентябрь, 2021-жыл. (EPA-EFE Сүрөт/ РОМАН ИСМАЙЫЛОВ)
 

Будапештте өткөн Борбордук Европанын сулуулук жумалыгына катышкан модел, 17-октябрь, 2021. (EPA-EFE/MTI, Золтан Балог)

Польша менен Беларус чек арасындагы мигранттар башкалкалаган лагер. 10-ноябрь, 2021-жыл. (Рейтер).
 

Паранжа жамынган ооган аялдары сулуулук салонунун алдында отурат. Дубалга тартылган аялдардын сүрөттөрү өчүрүлгөн. Желалабад. 13-декабрь. 2021-жыл. (Вакил Кохсар /AFP)
 

2021-жыл дүйнөдө ар кыл окуяларга бай болду.