Митингчилер Ак үйдө
Алар президентин илинген сүрөтүн дубалдан алып, иш бөлмөнү ээлеп отурушат.
Учурда Ак үйдө "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров баштаган топ кишилер жүрөт.
6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган Ак Үйдүн жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти.
Митингчилер Ак үйдө, 6-октябрь 2020-жыл.
Митингчилердин бири Ак үйдө, 6-октябрь 2020-жыл.
Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери акцияга чыгышкан.
Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш чыкты. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланып жатты.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуялардан 120дан ашык ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.
Митингчилер Ак үйдө, 6-октябрь 2020-жыл.
Ак үйдүн эшиктеринин бириндеги жазуу, 6-октябрь 2020-жыл.