АКШдагы Pew изилдөө борбору 5-августта жарыялаган баяндамада 40 өлкөнүн 30% гана Орусияга ишеним артышары маалымдалган. Изилдөөдө Орусиянын Крымды басып алгандан кийинки кадыры аябай түшүп кеткени ырасталат.
Pew изилдөө борбору быйыл 25-27-мартта 40 өлкөдө сурамжылоо жүргүзгөн, ага 45 миң 435 адам катышкан. Изилдөө 2012-жылы Владимир Путин экинчи жолу президенттик орунду ээлегенден кийинки жылдары Орусиянын эл аралык кадыр-баркы төмөндөй баштаганын көрсөттү. 26 өлкөдө Орусия менен Путинге ишенишпейт. Эки гана өлкөдө сурамжылангандардын теңинен көбү президент Путин туура саясат жүргүзүп жатканын ырасташкан. Андай адамдар Вьетнамда - 70%, Кытайда - 54%, Орусияда - 88%. Жалпысынан вьетнамдыктар менен кытайлыктардын, ганалыктардын Орусия жүргүзүп жаткан саясатка мамилеси оң.
Орусия жүргүзүп жаткан саясатты жактырбагандар Польша менен Иордания жарандарынын арасында арбын (80%). Польшада Орусияга каршы маанай падышалык замандан, кийинки коммунисттик Москва доорунан бери келатса, иорданиялыктардын жек көрүүсүн социологдор Москванын Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдогонунан улам чыгып жатышы мүмкүн деп эсептешет.
Сириядагы уруштан улам Иорданияга жүз миңдеген качкындар ооп барган. Орусияны жактырбагандар Израилде (74%), Жапонияда (73%), Германияда (70%) жана Францияда (70%) да арбын.
Батыш өлкөлөрү менен Орусия ортосундагы мамиле Украинадагы кризистен кийин татаалдашып кетти. 2014-жылы мартта Орусия Крым жарым аралын басып алып, анын артынан Донбасстагы жикчилдерге аскерий колдоо көрсөтө баштагандан кийин Батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Москва да каршы чараларга барып, өлкөдө антибатыштык уу-дуу күчөгөн. Орусияда демократиялык баалуулуктар урматталбай калганын эл аралык Freedom House уюму жарыялаган иликтөө да көрсөттү. Бул жөнүндө Freedom House уюмунун демократия жолундагы өлкөлөр боюнча долбоорунун башчысы Силвана Хабданк-Колажковска “Азаттык” үналгысына 22-июнда курган маегинде мындай деген:
- Орусия Евразия сыяктуу эле бир нече жылдан бери, айрыкча Путин 2012-жылы кайра президент шайланып, куугунтуктоолорду баштагандан бери Freedom House уюмунун иликтөөсүнүн чордонунда турат. 2014-жылдын айырмасы Орусиянын эл аралык агрессиясынын күчөөсү жана жаңы формада жүргүзүлүшүнө байланыштуу деп ойлойм.
Орусия Крымды басып алуу алдын-ала ойлонулганын башында танып жүрдү. Бирок Путин быйыл 9-мартта “Россия 1” телеканалы көрсөткөн берүүдө Крымды басып алуу планы 2014-жылы 23-февралда Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Януковичти өлүмдөн сактап калуу операциясына удаа эле пайда болгонун моюнуна алды:
- Мен Кремлге биздин атайын кызматтардын жана Коргоо министрлигинин жектекчилерин чакырып, Украинанын президентинин өмүрүн сактап калуу жөнүндө тапшырма бердим... Бул 22-фералдан 23-февралга оогон түнү болду. Биз таңкы жети ченде бүттүк. Мен кесиптештерим менен коштошуп жатып: “Биз Крымды Орусиянын курамына кайтаруу боюнча жумушту баштоого мажбурбуз” деп айттым.
Путиндин “Кремл кутумун” ашкерелеген даректүү тасма “Крым. Ата журтка жол” деп аталат.
Pew изилдөө борборунун иликтөөсү дүйнөдө Владимир Путинге болгон ишеним АКШ президенти Барак Обамага караганда алда канча төмөн экенин аныктады. Эгер европалыктардын төрттөн үчү Обаманын тышкы саясатын колдосо, Путиндин саясатын жактагандардын саны 15% тегерегинде.
Африка, Азия жана Латын Америкада Обамага ишенгендер Путинге ишенгендерден эки эсеге көп. Бир гана Жакынкы Чыгышта эки лидер ортосундагы ажырым 14% барабар. Ошондо да Путинди сурамжылангандардын 25%, Обаманы 36% колдошкон.
Жалпы сурамжылоого катышкандардын 24% Путиндин эл аралык саясатын туура дешкен. Путин саясатын жактырбагандар 58%. Орусия жетекчисинин аброю Испанияда өтө төмөн, испандардын 92% Путинге ишенишпейт. Бул көрсөткүч Польшада 87%, Францияда 85%, Украинада 84%.