Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:01

FH: Орусияда куугунтук күчөдү


Эксперттер акыркы 10 жылда КМШдагы демократия арка чегингенин белгилешет.
Эксперттер акыркы 10 жылда КМШдагы демократия арка чегингенин белгилешет.

Freedom House укук коргоо уюму “Өткөөл учурдагы өлкөлөр - 2015” деген жылдык докладын жарыялады.

Чыгыш Европадан баштап Борбор Азияга чейинки 29 өлкөдөгү абалды талдаган баяндамада Орусиядагы демократия үчүн өткөн жыл мурда болуп көрбөгөндөй начар болгону белгиленет.

"Орус президенти Владимир Путиндин Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинада Киев өкмөтүнө каршы согушуп жаткан жикчилдерди колдоо саясаты өз өлкөсүндөгү демократиянын басмырланышына түздөн түз байланышкан", - деген бүтүмгө келет уюм.

Докладдын авторлору белгилешкендей, Москва бир жагынан кошуна өлкөнүн жаңы демократиялык бийлигин дестабилдештирүүгө аракеттенип, экинчи жагынан өлкө ичиндеги репрессияларды күч алдырууда.

- Орусиянын рейтинги былтыр 10 жылдан берки эң төмөн деңгээлге түшкөн. Украинадагы жаңы демократиялык өкмөттү дестабилдештирүүнү көздөп, Кремл ошол эле маалда өлкө ичиндеги башкача ой-пикир кармангандарды куугунтуктап жатат. Ал үчүн интернет басылмаларды, оппозициядагы ишмерлерди, жарандык коом өкүлдөрүн жасалма кылмыш иштеринин, башка ыкмалардын жардамы менен бутага алууда. Украинадагы агрессияга кошумча орус пропагандасынын жаңы түрү пайда болду. Мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары өзгөчө орус тилдүү азчылык көп өлкөлөрдө жалган маалымат таратууга адистешти. Орусия ал өлкөлөргө жакын жерлерде аскердик машыгууларды өткөрүп, коопсуздукка көлөкө түшүрүүдө, - дейт Freedom House уюмунун “Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр” долбоорунун директору Сильвана Хадбанк-Колашовска.

Баяндамада айтылгандай, Орусиянын аскердик күч колдонуусу жана агрессивдүү үгүт өнөктүгү башка өлкөлөрдөгү сөз эркиндиги жана башка жарандык эркиндиктерге коркунуч жаратууда.

"Бүтүндөй Европада орус акча каражатынын жардамы жана ураандар, ксенофобиялык жана либералдуу эмес саясий кыймылдардын пайда болушуна шарт түзүлүүдө. Ошол кыймылдар адам укуктарын коргоо жана тышкы саясаттагы маанилүү маселелерде Европанын биримдигин бүлүндүрүүгө кудуреттүү.

Евразиянын бай автократиялары европалык саясатчылар менен бизнесмендерди коррупцияга аралаштырып, муну менен ошол режимдерди сындоого бөгөт коет, санкциялардын алдын алууга жетишет жана өз өлкөлөрүндөгү институционалдык кепилдиктерди алсыратууда”,- деп жазылган докладда.

Укук коргоочулар Орусиянын Украинадагы агрессиясы Путиндин режими Евробиримдиктин стратегиялык өнөктөшү боло алат деген үмүт куру кыял экенин далилдегенине басым жасап, ал адамдын фундаменталдык укуктарын жок кылган бийлик системасынын жактоочусу, - деген жыйынтыкка келишет баяндама авторлору.

Биринчи жолу мындай доклад мындан 20 жыл илгери жарыяланган. Ал кезде Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан гана “туруктуу авторитардык режим” деп таанылган. Бирок ошондон бери кырдаал начарлап, андай режимдердин саны дээрлик эки эсеге көбөйгөн. Евразияда ушу тапта 13 демократиялык, 6 өткөөл жана 10 авторитардык режим бар.

Freedom House ар бир өлкөдөгү абалга бир нече көрсөткүчтүн негизинде баа берет. Маселен, шайлоо процесси, жарандык коом, эркин пресса, коррупциянын деңгээли, башкаруунун сапаты жана башкалар.

Уюмдун изилдөөчүлөрү акыркы 10 жыл ичинде олуттуу чегинүү байкалганын белгилешет.

Мисалы, Эстониянын азыркы рейтинги 1,96 балл, Латвияныкы – 2,07, Грузияныкы – 4,64, Украинаныкы – 4,75, Кыргызстандыкы – 5,93, Орусияныкы – 6,46, Казакстандыкы – 6,61 баллды түзөт. Кыргызстанда жарандык коомдун абалы начарлаганы айтылат. Бирок өлкө региондогу калган жумурияттардан алдыда турат.

XS
SM
MD
LG