Оюн басаңдатылган темпте башталат. Окуя бийик тоолуу кичинекей айылда өтөт. Сахнада күүгүм. Анда уйку-соонун ортосунда жаткан үч муун өкүлү.
Мында адамдар жылдын тогуз айын коркунучта жашап өткөрөт. Ал - көчкү коркунучу. "Көчкү жүрүп кетпесин" деген коркунуч ушунчалык: катуу күлүшпөйт, катуу дабыш да, добуш да чыгарышпайт.
Айылда тартиптин сакталышына катуу көзөмөл кылып турган Аксакалдар кеңеши бар. Кеңеш билмейинче жаштар никеге турбайт. Эгерде үйлөнүп алышса, анда аларга биринчи нике түнүн ымыркайдын төрөлүшү жайкы үч айга туура келгендей кылып, аныктап беришет. Спектаклде каармандардын бири ал мыйзамды сактабагандардын тагдыры кыйын болуп каларын кайра-кайра эскертип турат:
- Мен анда сенин келинчегиңдей жаш болчумун. Жаңы турмушка чыгып жаткан кыздардан төртөө элек. Нике түнгө дагы үч ай бар болчу. Аксакалдар биздин кулагыбызга куюп жакшы эле түшүндүрүштү. Биз үчөөбүз аксакалдардын айтканын уктук. Бир курбум аксакалдардын айтканын укпай коюп, күйөөсү менен күндө жолугушуп жүрүптүр. Анан боюнда болуп калып атпайбы. Балээ басты. Анан дароо эле төрөт кабыл алган аялды чакырып, аксакалдар келип, тиги чалга казылган көргө курбубузду тирүүлөй көөмп салышты.
Бул спектаклде бардык окуялар перзенттин көз жарышын күтүп жаткан жаш жубайлардын тегерегинде өнүгөт. Коопсуз мезгилге бир нече күн бар. Бирок келиндин толгоосу башталат:
- Кагылайын балам, келиндин толгоосу башталып калган окшойт.
- Жок, жок бул толгоо эмес, азыр өтүп кетет...
- Болду, мен мындан ары чыдай албайм...
Жаш жубайлар толгоону жашырып койгусу келет, бирок ата-энелери "толгоо эместир" деген үмүт менен төрөт кабыл алган аялды чакырууга аргасыз болот. Окуя Аксакалдар кеңешине билинип, бул келин да тирүүлөй көмүүгө буйрулат. Бирок күйөөсү келинчегин жасоолдорго бербей, аларга мылтык кезейт. Келин төрөйт. Мылтык да атылат. Бирок көчкү жүрбөйт. Көрсө көчкүдөн коркуу маанисиз эле экен.
Спектаклдин режиссеру Элвира Ибрагимова коюлган пьесанын жөн-жайы тууралуу мындайча кеп салды:
- Бул пьеса 2006-жылы жазылган экен. Быйыл аталган спектаклди эмнегедир мурдагы Кеңеш өлкөсүнө кирген республикалардын дээрлик баары массалык түрдө коюп жатышат. Маселен, Өзбекстанда, Украинада, Беларуста, Орусияда коюлганын билем. Демек учурда бул тема заманбап театр режиссерлору үчүн актуалдуу болуп жатат десек болот.
Театрга келген көрүүчүлөрдүн бири Хабибулла Арзыкулов спектакль жаштарга коркунучтардан кутулуп, жигерденүүгө багыт берет деген ойдо:
- Бул жерде коркуу сезимдери ойлонууга, жаңы ачылыштарга жолтоо кылаары берилген. Кээ бир эски түшүнүктөр адамдарды таш боор кылып коеру айтылган. Чындыгында сабак ала турган көптөгөн жагдайлар бар экен.
Режиссер Элвира Ибрагимова өзү бул спектакль негизинен Кыргызстандагы айрым маселелерге үндөшөт деген ойдо:
- Мында мен Кыргызстандын азыркы абалын чагылдырдым деп эсептейм. Бирок бул образдуу эле. Эгер түз айта турган болсок, анда жашаганга мүмкүнчүлүк бербеген адаттардын, заманбап чен-өлчөмдөргө, эркиндикке ылайык келбеген коркунучтардын кимге кереги бар?
Театр ишмерлер бирикмеси ”Көчкү” спектаклин акыркы жылдардагы эң кызык оюндардын катарына кошуп, жакында үч номинация боюнча улуттук "Эргүү" сыйлыгын тапшырган.