Пенсия көбөйдү, жашоо жеңилдедиби?

иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң азы 6900 сом болду. Баш мыйзамда эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган.

Бул жобо өткөн жылы парламентте кызуу талкууланып, аны аткарбаганы үчүн өкмөт кызматтан кетиши керек деген талап айтылганы бар. Бирок Конституциялык сот муну максаттуу багыт катары гана кароо керек деп чечмелеген.

Социалдык фонддун өкүлү Адилет Абдылдаев президенттин тапшырмасы менен пенсиянын көлөмү пенсионерлердин жашоо минимумунан кем эмес деңгээлге жеткирилгенин билдирди:

“2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 18%, бирок миң сомдон кем эмес жогорулады. Андан тышкары, пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсиялар 6900 сомго жеткирилип, 1-октябрдан тартып пенсиялар 6900 сомдон кем болбойт. 2001-2002-жылдары кирген электр энергиясы үчүн компенсация пенсияга кошуп төлөнүп, чектеле баштаган. Ушул жарлыкка ылайык ал компенсация дагы алып салынууда. Пенсияны жогорулатуу жалпысынан 787 500 адамга жүргүзүлдү. Бул үчүн 2024-жылдын үч айына (октябрь, ноябрь, декабрь айларына) 3 млрд 927 млн сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, калган 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат”.

Социалдык фонддон маалымдагандай, буга чейин 1-июлда пенсиянын базалык бөлүгү жогорулап, минималдуу пенсия 3500 сомго жеткирилген. 1-октябрдагы камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу пенсияны көбөйтүүнүн экинчи этабы болуп эсептелет.

Жашоо минимуму өлкөдөгү жарандардын күнүмдүк жашоого кетирген чыгымынын минималдуу эсебин көрсөтөт. Ал тамак-ашка, азык-түлүк эмес товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана салыктарга жумшалган төлөмдөрдү камтыйт. Жашоо минимумунун суммасы өлкөдөгү инфляцияга жана башка факторлорго жараша өзгөрүп, көбүнчө өсүп турат.

Расмий кабарлангандай, 2021-жылга чейин пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алгандардын саны 349 миң адамды же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49% түзүп келген. 2023-жылга карата бул көрсөткүч 306 миңге азайган. Социалдык фонд 1-октябрдан тарта жашоо минимумунан төмөн пенсия алган жарандардын саны жокко чыкканын билдирүүдө.

Арийне, эң соңку көтөрүүлөрдөн кийинки минималдуу пенсиянын көлөмү дагы деле пенсионердин жашоо минимумуна жете элек.

Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматына ылайык, 2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандагы жашоо минимумунун көлөмү 8144 сом болгон. Анын ичинен пенсионердин жашоо минимуму 7252 сом деп эсептелген. Андан бери жашоо минимуму тууралуу жаңы маалымат жарыялана элек. Бул ыңгайдан алганда, өлкөдөгү минималдуу пенсия соңку көтөрүүлөрдөн кийин деле пенсионердин жашоо минимумуна жете элек деп эсептесе болот. Чүй облусун эске албаганда, бардык аймактарда азыркы пенсиянын көлөмү жашоо минимумуна 8,2% чейин жетпейт.

Социалдык коргоо боюнча эксперт Жамийла Тогузбаева мурда жарандар социалдык төлөмдөрдү төккөнүнө жараша пенсия алып келгенин, аз иштеген же аз төлөгөндөр пенсияны аз алууга мажбур болуп келишкенин айтты:

“Мурда минималдуу пенсия деген түшүнүк такыр болгон эмес. Соцфонддо бул базалык деп айтылчу. Базалык бөлүгү 3170 сом болчу. Ал дагы баарына ошончодон берилчү эмес. Стажына карап берилет эле. Аялдар үчүн 20, эркектер үчүн 25 жыл стаж болсо, ошол 3170 сомду алчу жана соцфондого которгон төлөмүңө карап анын үстүнө 300-500 сомдон кошулчу. Эмне үчүн мурда пенсия 6000 сомдон аз болчу? Анткени ал социалдык төлөмдөрдү төккөн эмес, эки-үч жыл иштеп, анан өзүнчө иштеп соцфондго эч нерсе төккөн эмес. Же төрөп, жумушка чыкпаган көп балалуу эне болгон. Мындан улам аларга 2000-3000 сомдон минималдуу пенсия чегерилген. Азыр ошол пенсиянын базалык бөлүгүнөн берилген пропорционалдуулуктан кетип, баарына 3170 сомдон берип жатышат. Анан кимдин пенсиясы жашоо минимумунан аз болсо, анын баарын ошого теңеп коюшту”.

Өлкөдөгү минималдуу пенсиянын көлөмүн жашоо минимумунан кем эмес деңгээлде кармоо талабы 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда коюлган. Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган. Ал жобо 2023-жылы январь айында күчүнө кирген. Ошол замат Министрлер кабинети ал берененин аткарылышына түшүндүрмө сурап Конституциялык сотко кайрылган. Парламентте ошол кездеги депутат Адахан Мадумаров өкмөттүн иш-аракетин Конституциянын талабына ылайык келтирүү керектигин айтып чыккан.

Арийне, апрель айында Конституциялык сот Баш мыйзамдагы бул талапты мамлекет кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү эмес, аны максаттуу багыт катары кароо керек деп чечмелеп, Министрлер кабинетинин пайдасына чечим чыгарган. Бирок бул чечимди бир катар депутаттар менен укук коргоочулар сындап чыккан.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда пенсионерлердин саны жыл сайын 3-4% өсүп келет. Социалдык фонд 2024-жылдын октябрына карата өлкөдө 787 500 пенсионер бар экенин билдирди.