Коомчулукта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча парламенттин чукул сессиясынан көп нерселерди күтүп жаткандар болгон.
Солтон-Сары кениндеги жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы жагдайлар боюнча кезексиз сессиясы чакыруу тууралуу бир катар депутаттардын чакырыктарынан кийин гана Жогорку Кеңеш араң чогулду. Акыркы сааттарга чейин жыйындын убактысы айтылбай жатып, акыры саат 14:00гө бекиди.
Сааты чыкканда, депутаттардын жарымы гана чогулганы көрүнүп турду. Сырттагы ызы-чуу жана кризиске карабай парламенттин сессиясы да абдан суз башталды. Алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев жана ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков 7-августтагы Атамбаевдин үйүндө жасалган атайын операция тууралуу маалымат беришти. Опумбаев операция учурунда алардын алты кызматкери октон жаракат алганын, 40 курал, 15 тапанча, эки миңдей ок-дары тартылып алынганын айтты.
Депутаттар Мирлан Жээнчороев, Дастан Бекешев жана Алмамбет Шыкмаматов дароо эле күч кызматтарынын жетекчилеринин кызматтан кетишин талап кылышты. Башка бир депутат Максат Сабиров болсо өкмөттүн курамын толук кызматтан кетүүнү талап кылды:
«Чындыгын айтканда Кызыл-Омполдо, Солтон-Сарыда жөндөн эле ушундай нерселер болуп жаткан жок да. Буга өкмөттүн иштей албай жаткандыгы себеп, ошону үчүн "эчак эле кызматтан кетиши керек" деп айтканбыз. Эми буга Кой-Таш да кошулду. Бул кырдаал боюнча жалпы өкмөт кызматтан кетиши керек. Өзүңөр айтып жатасыңар, "бул жөнөкөй эле мажбурлап алып келүү операциясы болчу" деп, ошону аткара албасаңар анда бул өкмөт өкмөт эмес. УКМК менен ИИМ “күнөөлүбүз, кызматтан кет десеңер кетебиз” деп отурса, премьер-министр унчукпай отурганы туура эмес. Ага моралдык укугу жок. Ошону үчүн элдин ишеними менен келген жаңы өкмөт шайлашыбыз керек».
Депутат Талантбек Мамытов болсо азыркы өкмөттү эле күнөөлөй бербей мурдагы президентти да айтыш керек экенин белгилеп, Алмазбек Атамбаев мыйзамды сактабай жатканын айтты:
«Бул жерде отуруп алып “УКМК күнөөлүү, ИИМ күнөөлүү, өкмөт кетсин” деп атасыңар. Эмне үчүн Атамбаевди айтпайсыңар? Ал “мыйзамды уруп ойнобойм, тоготпойм” деп жатат. Өзүнүн үйүн өзүнчө мамлекет кылып, мамлекеттин ичинде мамлекет куруп алды. "Керек болсо курал колдоном" деди эле, өзүнүн милдетин аткарып барган, бейкүнөө аскерди өлтүрдү. Бизди да кезинде кармашканда, сотко барып өз актыгыбызды далилдейбиз деп, барып камалып чыктык. А Атамбаев эмне үчүн жооп бербейт? Мыйзамдуу келип, жооп бериш керек. Күч кызматтары ок чыгарсак, эл жабыркап калбасын, кызматкерлер жабыркап калбасын деп, ок чыгарышкан жок. Ошону үчүн күч кызматтарын күнөөлөбөш керек».
Депутат Элвира Сариева да «Атамбаевдин жашырынып алып жатканы эркекчиликке жатпайт турганын, өзү түзгөн сот системасына келип, ак болсо актыгын далилдеши керек экенин» айтты. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаев керт башын коргош үчүн куралды элге колдонушу мүмкүн деген оюн билдирди.
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков болсо Чолпон-Атада өтчү Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөттөрүнүн саммитинин алдында ушундай операция жасалганын осолдук деп атады. Атамбаевчил депутаттар Анвар Артыков менен Мурадыл Мадеминов мурдагы мамлекет башчыны актагандай сүйлөштү.
Кезексиз сессиянын ортосунда президент Сооронбай Жээнбеков кирип келип, билдирүү жасады. Ал сөзүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди айыптап, калкты ынтымакка чакырды:
«Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул — коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш. Бул — мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мамлекет башчынын билдирүүсүнөн кийин депутаттардын үнү да басылгансыды. Көбүнчө процедуралык маселелерди талкуулоодон соң, аягында токтом кабыл алыш керекпи же керек эмеспи деген суроого барып такалышты. Акыры 15 мүнөттүк танапис алышты. Буга Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет токтомдун долбоорун даярдоого убакыт зарылдыгы себеп болду.
Бирок тыныгуу дээрлик бир саатка созулгандан кийин гана токтом даяр болуп келди. Аны депутаттар талкуусуз эле кабыл алышты. Токтомдо мамлекеттик комиссия түзүп Атамбаевди кармоо операциясындагы жоготууларды иликтөө жана мурдагы президенттин өзүн, тарапкерлерин жоопко тарттыруу боюнча талаптар коюлду.
Бирок эксперттер парламенттин кезексиз сессияга чогулушун жана шарттуу токтом кабыл алуусун формалдуу аракет катары сүрөттөп жатышат. Анткени буга чейин коомчулукта бул жыйындан кескин чараларды жана билдирүүлөрдү күтүп жаткандар көп болчу.
Талдоочу Даниел Кадырбеков буларга токтолду.
«Жогорку Кеңештин бул чукул жыйынынын маанисин деле түшүнбөдүм. Себеби мындай кырдаалда ар бир укук коргоо органынын өзүнүн функционалдык милдеттери, жоопкерчилиги бар да. Эгерде баррикада болуп, террористтерчесинен адамдарды барымтага алып, бийликтин өкүлү өлгөн учурда чукул кырдаал киргизилиши керек. Ыкчам аракеттер менен кармаганын кармайт, каршылык көрсөткөнүн атыш керек. Албетте, бул идеалдуу сценарийде. А бизде мындай: көрүп атпайсызбы, бири-бирине жоопкерчиликти шылтап, мамлекеттик институттар саясий курал болуп, ушундай өзгөчө кырдаалда адекваттуу кадамга бара албаганын көрүп жатабыз. Ошондуктан мамлекеттик институттардын толук деградация болгону деп айтсак болот».
Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы жүрүп жаткан чакта Аламүдүн районун Кой-Таш айылында күч кызматтары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын улантып жатышты. Күн аяктаганда ал кармалганы кабарланды.