Париж Олимпиадасы: кимдер намысты коргойт?

Кыргызстандын суучул Денис Петрашов Токио Олимпиада оюндарынын ачылышында өлкө желегин көтөрүп барат. Токио. 2021-жыл.

Бүгүн, 26-июлда Парижде ХХХIII Жайкы Олимпиада оюндары ачылганы турат. Бишкек убактысы менен 23:30да оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. 

Париж Олимпиадасына 206 мамлекеттен барган 10 миң 500 атлет, анын ичинен Кыргызстандын өкүлдөрү күч сынашат.

Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары спорттун беш түрүнөн жолдомо алып, күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокстан таймашат.

Эл аралык аналитикалык компания Nielsen Кыргызстан бул Олимпиада оюндарынан төрт алтын медал алат деп божомолдоп жатат.

“Азаттык” Олимпиадага аттанган спортчулардын таржымалын сунуштайт.

Тизменин сап башында кыргыз спортунун легендасына айланган Айсулуу Тыныбекова.

Ал өткөн Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан. Ал Парижге алтынды мелжеп баратат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айсулуу Тыныбекова: “Өзүмдүн жана өлкөмдүн жаңы тарыхын жаздым”

Париж Олимпиадасына грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков башка балбандар үчүн күчтүү атаандаш боло алат.

Олимпиаданын чемпиону болуу анын бала кезден берки кыялы экенин жакында Дүйнөлүк күрөш уюмуна курган маегинде айткан. Жоламан балбан тууралуу төмөндөгү видеону көрүңүз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жоламан Шаршенбеков: “Күчтүү балбандар менен күрөшкөн жагат”

Мээрим Жуманазарова - акыркы беш жылда дүйнөгө аты угулуп, кыргыз күрөшүнүн алтын доорун жараткан балбан кыздардын бири. Ал Олимпиада оюндарына экинчи ирет катышканы турат. Мээрим 5-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта килемге чыгат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мээрим Жуманазарова: “Кыздар, чоң максатка жетүүдөн коркпогула”

Суучул Денис Петрашов үчүнчү ирет Олимпиада оюндарына катышканы турат. Ал бул ирет сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгат. Токио Олимпиадасында Денис мара сызыгына 1 мүнөт 00.23 секундда келип, 27-орунду ээлеген. Анда британиялык Адам Питти 57:37 секундда марага келип, чемпион болгон. Денис ошондон бери көрсөткүчүн бир топ жогорулата алган. Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатында Петрашов мара сызыгына 59:78 секундада келип, Олимпиадага жолдомо уткан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Денис Петрашов: “Бала кезде менден эч ким деле жыйынтык күткөн эмес”

Мунарбек Сейитбек уулу - сегиз жылдан кийин Олимпиада оюндарына жолдомо уткан жалгыз мушкер. Токиодо өткөн Олимп оюндарына кыргыз мушкерлери жолдомо ала албай калышкан. Бокс боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Мунарбек 57 килограмм салмакта күч сынашмакчы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мунарбек Сейитбек уулу: "Элимдин ишеничин актасам"

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Үзүр Жусупбеков экинчи ирет Олимпиадага катышканы турат. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген. Үзүр бул Олимпиадага жолдомо алуу үчүн эң оор жолду басты. Ал 97 килограмм салмакта 6-август күнү килемге чыгат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Үзүргө үмүт чоң

Теги якутиялык марафончу Сардана Трофимова 2022-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. 2022-жылдан бери ал Азия оюндарынын коло байгесин утуп, Азия чемпионатында эстафеталык жарышта чемпион болгон. Париж Олимпиадасында Сардана марафондук жарышта өлкө намысын талашат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Марафончу Сардана

Азия оюндарынын жана Азиянын эки жолку чемпиону Айпери Медет кызы Олимп оюндарында экинчи ирет күчүн сынаганы турат. Ал жаш кыздарды күрөшкө шыктандырган Кыргызстандагы таанымал балбан кыздардын бири.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айпери Медет кызы: “Олимпиада чемпиону болгум келет”

Олимпиада алдында Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров тууралуу видео жарыялап, аны "Кыргыз дзюдосунун жол баштоочусу" деп атады. Эрлан Шеров учурда өзүнүн аталган уюмдун рейтингинде салмагында дүйнөдөгү 400 балбандын ичинен төртүнчү орунда турат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эрлан Шеров: “Кыргыз дзюдосунун жаңы барагын ачкым келет”

Кыргыз күрөш жылдызы Акжол Махмудов Олимпиада алтынын алуу үчүн Парижге аттанууда. Токио Олимпиадасында ал финалда жеңилип, күмүш медал уткан. Акжол - Кыргызстандын күрөш мектебин дүйнөгө даңазалап, спорт тарыхынын жаңы барагын ачкан балбан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акжол Махмудов: “Биздин ийгилик жаш муунга үлгү болуп, дем берет”

Алты жашынан баштап сууда сүзүү менен алектенген Елизавета Печерских, 20 дистанцияда Кыргызстандын рекордун жаңылаган. Ал Кыргызстанда анчейин көңүл бурулбаган, шарт түзүлбөгөн спорт түрүн жайылтып, ийгилик жаратууну көздөйт. Елизавета Парижде сууда сүзүү боюнча эркин стилде 50 метрге жарышка чыгат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча рекордчусу Елизавета

Кыргызстанда эркин күрөштүн жылдызына айланган Эрназар Акматалиев экинчи ирет Олимпиадада күч сынаганы турат. Ал 65 килограмм салмакта килемге чыгат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эр жүрөк балбан Эрназар

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Амантур Исмаилов мээнеткечтиги, артка чегинбегендиги менен өзгөчөлөнөт. Ал Париж Олимпиадасында 67 килограмм салмакта күчүн сынайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Амантур Исмаилов: “Күрөш менин жашоом”

Кубанычбек Айбек уулу Париж Олимпиадасында дзюдодон күчүн сынаганы турат. Ал дүйнөдөгү эң абройлуу мелдештердин бири саналган "Чоң шлем" турниринде алтын байге уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу. Айбек уулу 28-июлда мелдешке чыгат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кубанычбек Айбек уулу: "Элим үчүн олимпиаданын алтын медалын уткум келет"

Теги якутиялык Айаал Лазарев 2009-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Айаал быйыл жазда 38 жашка чыкты. Азыр каруу-күчкө толуп турган убагы.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айаал Лазарев: "Жакшы ийгилик жаратып, спорттон кетем"

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу алгач ирет Олимпиадада күчүн сынаганы турат. Ал 7-августта килемге чыгат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бекзат Алмаз уулу: “Элимдин колдоосу дем берет”

100 жылдан кийин кайрадан Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат. Эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спорчулары Олимп оюндарынан үч күмүш, төрт коло медал уткан.

Дагы караңыз Олимпиада тарыхы. Жеңишке жеткен кыргыз спортчулары