Париж-2024: Жөө күлүк Сардана Трофимова жарышка чыкты

Марафончу Сардана Трофимова Париж Олимпиадасында. 11-август, 2024-жыл.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова марафондук жарышка чыкты. 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркоого жалпы 91 атлет катталган. Алардын төртөө жарыштан четтеди. 24 чакырымдан кийин Трофимова 3-катарда чуркап бара жатат.

Бул аралыктагы дүйнөлүк рекорд кениялык Перес Жепчирчирге таандык. Ал 2024-жылдын 21-апрелинде марафондук аралыкты 2 саат 16 мүнөт 16 секундда чуркап, дүйнөлүк рекордду койгон. Олимпиада рекорду 2012-жылы Лондон Олимпиадасында коюлган. Ал мелдеште эфиопиялык Желана Тики 2 саат 23 мүнөт 7 секундда чуркап, Олимпиада рекордун жаңырткан.

36 жаштагы теги якутиялык марафончу Сардана Трофимова 2022-жылдан бери Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып келет. Марафондук жарышта Азия оюндарынын коло байгесинин ээси (2023-ж.). Жарым марафон боюнча Азия чемпионатынын коло байгесин уткан (2023-ж.).

Жарым марафон боюнча командалык жарышта Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча кыз-келиндер курамасы менен Азия чемпионатын жеңген.

Олимпиадага Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму берген квотанын негизинде катышууда.

Орусиянын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү. Марафондук жарыштан Орусиянын беш жолку чемпиону болгон.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда Кыргызстандын капчыгында эки күмүш, төрт коло байге бар. 11-августта кечинде кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттешке чыгат. Бүгүн Париж Олимпиадасында мелдештер жыйынтыкталат. (ECh)

Дагы караңыз

Көлбаевдердин кайсы мүлкү мамлекетке өттү? Футбол: Олимпиада оюндарында Испания чемпион болду