Париж-2024: Акжол менен Үзүр алып келген кош сыймык

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү.

1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло байгеге ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. 

Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп, андан кийин азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди. 

Балбан Акжол Махмудов мелдештен кийин казак журналисттерине маек куруп, казак атаандашы Демеу Жадраевди куттуктап, ийгилик каалады. 

 

Акжол Махмудов 25 жашта. Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси (2021). Дүйнөнүн эки жолку (2022-ж, 2023-ж.). Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж, 2022-ж., 2023-ж,). Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016), Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018), Уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016, 2017).

Үзүр Жузупбеков коло медал үчүн беттеште грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

Балбан Парижде жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ирандык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, финалга чыкканы үчүн Жузупбеков көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жузупбеков америкалык балбан Жосеф Патрик Рау 9:4 эсеби менен жеңип, коло байге үчүн таймашка чыккан.

Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз”, - деди.

Жузупбеков спортчуларды мелдешке коштоп барган диетолог жана психолог жок экенин дагы айтты.
 

Грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта алтын медалды ирандык Мохаммадхади Сарави, күмүш медалды армениялык Артур Алексянан, коло медалдарды Үзүр Жузупбеков менен кубалык Габриел Россило алды. 

28 жаштагы Үзүр Жузупбеков Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта алтын медалды жапониялык Нао Кусака, күмүш медалды казак балбаны Демеу Жадраев, коло медалдарды Акжол Махмудов менен армениялык Малхас Амоян утту. 

“Биз алтынга талыкпай аракет кыла беребиз. Буюрса сөзсүз алтынды алам. Бизди колдоп келген жалпы кыргыз элине рахмат”, - деди Акжол Махмудов. 

Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Акжол ушуну менен эки жолку Олимп оюндарында байгелүү болду. Ал Токио Олимпиадасында күмүш медал алган. Үзүр экинчи Олимпиадасын олжолуу жыйынтыктады.