Париж саммити планетаны сактап калуунун жолун издейт

Франция Париж макулдашуусунун эки жылдыгына карата “Бир планета” саммитин өткөрүүдө. Анын максаты экономикасы жашыл планетаны сактап калуу үчүн ортодон каражат табуу. 2015-жылы дүйнөнүн 200дөй мамлекети Париж макулдашуусуна кол койгон.

12-декабрда Парижде президент Эммануэл Макрондун демилгеси менен One Planet саммити өттү. Ага Улуттар Уюмунун баш катчысы, Дүйнөлүк банктын президенти, чоң бизнестин өкүлдөрү жана искусство ишмерлери катышты.

Макрон бул масштабдуу иш-чараны эки жыл мурун дал ушул күнү Парижде дүйнөнүн 200гө чукул мамлекети кол койгон келишимдин эки жылдыгына карата уюштурду.

Ушул жайда президент Дональд Трамп Кошмо Штаттар Париж келишиминен чыгаарын жарыялаган. Бул анын шайлоодогу убадаларынын бири болчу.

Макрон дүйшөмбүдө америкалык медиага берген маегинде Трамптын Париж келишиминен чыгуу тууралуу чечимин "ашкере агрессивдүү" деп баалады.

Саммиттин алдында нааразылык акциясы чыкты

"Президент Трамптын Париж келишиминен жөн гана чыгып кетүү чечими жаңы тарыхтын башталышы болду. Анын чечиминен кийин биз ратификацияны тездетип, клубга көбүрөөк өлкөлөр кошулду жана Париж келишимин ратификациялашты", – деген Макрон АКШ кайра келишимге кошулса кубанычта болорун дагы кошумчалады.

Парижде өтчү саммиттин алдында француз лидери климаттын өзгөрүүсү боюнча фундаменталдуу иликтөө жүргүзгөн окумуштууларга илимий гранттарды тапшырды. “Биз ийгиликке жетебиз, анткени биз ага чын дилибизден ишенебиз. Биз кайда жашасак да, биз ким болсок да баарыбыз бир жоопкерчиликти сезебиз. Ал – Планетабызды кайрадан улуу кылуу”, - деди француз президенти сыйлык тапшыруу аземинде.

Президент Трамптын шайлоо ураанына үндөшкөн чакырык менен чыккан Макрон Париж макулдашуусу көздөгөн максатына жетет дегенди көрсөткүсү келет.

Франциянын илимий грантын алган 18 окумуштуунун 13ү америкалыктар. Алардын бири илимпоз Ками Пармезан “бизге климатты иликтеген илимдер керек, Париж макулдашуусун алдыга жылдырабыз деген Макрондун сөздөрү мага ушундай психологиялык дем болду” – дейт.

Париж саммити Жашыл климат фондуна эки миллиард доллар топтоону талкуулашты. Эл аралык фонддун негизги максаты климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган өлкөлөргө финансылык колдоо көрсөтүү жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн атайын программаларды ишке ашыруу. Бул үчүн дүйнө коомчулугу өз ыктыяры менен 2020-жылга чейин фондго жылына 100 миллиард доллар салым кошуусу керек. Ал милдет негизинен өнүккөн өлкөлөргө жүктөлөт.

Президент Обаманын тушунда АКШ бул фондго жылына үч миллард доллар берүүгө милдеттенме алган. Фонд ушул жылдын 12-майында жарыялаган тизмеде Кошмо Штаттар 1 миллиард доллар берген. 43 мамлекет, анын ичинде тогуз өнүгүп келаткан өлкөлөр ар түрдүү суммадагы акча которгон. Германия 1 миллиард, Жапония 1,5, Британия 1,2 миллиард доллар которгон.

2015-жылы Парижде кол коюлган макулдашууга ылайык, 2025-жылга чейин абага чыккан уулуу газдардын көлөмү 26-28% азайышы керек.

Атмосфераны булгаган газдардын 10% Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү болсо, 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы саналган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет. Эки өлкө тең Киото протоколуна кошулган эмес.

Илимпоздор глобалдык климаттын табынын жогорулашынан улам муз эрип, деңиздердеги суу көтөрүлүп, Жер шарында суу ташкындары, кургакчылык жана бороон-чапкын сыяктуу адам өмүрүнө зыян алып келген табигый кырсыктар көбөйүп баратканын түшүндүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.