Кыргызстанда коронавирустун жайылышы басаңдай элек. Бир апта ичинде вирус 80ден ашык кишинин өмүрүн алды. Өлкөдө вируска каршы эмдөө мажбурлоо жолу менен жүргүзүлүп жатат деген нааразылык чыкты.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту 18-июлда билдирүү таратып, мажбурлоо менен эмдөө туура эместигин жарыялады. Өкмөт, Коронавируска каршы республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын нааразылыгы тууралуу комментарий бере элек. (“Азаттыктын” маалымат кабарынан).
Пандемия-паника
Көлдүн жээги - көлдөлөңдүү кумайда,
Көлгө түшчү көп эл болбойт бу жайда.
Көлдү булгап, көлдү пулдап көпөстөр,
Көпкөндөрү жакпай калды Кудайга...
Дагы караңыз "Талибан биздин айланабызда жүрөт"Көрүнбөгөн көпчүлүккө көмүскө
Көкө-Теӊир - көзүн жумду “көп ишке”...
Көңүлүнө тийишкенде көзгө илбей,
“Ковид” жайды адам аттуу “көп итке”...
Анан “Ковид” кутурганда куйугуп:
Дагы караңыз Башкаларда кадыр бар, а бизде кадыр жокпу?“Пандемия - паникадай” туйулуп,
Адам кургур турат го азыр аргасыз,
Көздөн жашы көл-суу болуп куюлуп...
Адам-айбан алкымын эч тыйбады.
Айланасын, өзүн дагы булгады.
Таракандай Жерди-Сууну жеп-ичип,
Табигатты талап-тоноп кыйнады.
Дагы караңыз Санаторийди сазга батырган кызыкчылык“Ковид” улам өңү өзгөрүп кубулат.
Алансайын жашоо тарып думугат.
Адам-аалам тазармайын негедир,
Пандемия өтпөчүдөй туйулат...
Калык Ибраимов, Улуттук жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, Философия илимдеринин кандидаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.