Мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Чек араны бузуп өттү деген болбогон шылтоо менен Тажикстанда кармалган төрт баланын бири, Айбек Махмудовду беш жылга кесип жиберишти. Тажик сотунун ыйманга да, ынсапка да туура келбеген мындай чечими Айбектин туугандарын эле эмес, мени да нес кылды.
Ал бир оор кылмыш кылбаса, Тажик мамлекетине коркунуч келтиргендей аракетке барбаса, беш жылга кесилгени эмнеси? Болгон күнөөсү - Жерге-Талга мурдараак кеткен келинчегин алып келейин деп барыптыр. Андай экен оболу чек ара чатагына чейин Согд облусу аркылуу (10-11 миң сом пара алып) күнүгө ондогон кишилерди өткөрүп турган өз чек арачыларын абакка салбайбы? Чынында, Айбек айыбынын оордугу үчүн эмес, ишеничтүү жактоочусу, коргоочусу б.а. артынан чуркаган кишиси жоктугу үчүн беш жылга камалып отурат.
Дүйшөмбүдө Кыргызстандын элчилиги, элчиси бар. Менин түшүнүгүм боюнча Тажикстанда түрдүү себептер менен жүргөн кыргыз жарандарынын укугун, эркиндигин коргош алардын түздөн-түз милдети. Эгер кокус азыркыдай калаймандуу жагдайга туш болуп калышса, элчиликтин кызматкерлери түнү-күнү чуркап, аларга ар кандай (укуктук, моралдык, зарыл болсо каржылык жактан да) жардам көрсөтүшү керек эле. А биздин элчи үч айдан бери камакта зарыгып жаткан жигиттерибиздин жанына бир жолу басып бардыбы? Ушул маселеде Тажикстандын тышкы иштер министри менен бир жолу жолугуштубу? Бейкүнөө камалып жаткан балдардын тагдырын жеңилдетүүнү өтүнүп, тажик президентине кайрылдыбы? Жок!
Мен бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын президентине, ТИМге, УКМКнын төрагасына кат менен кайрылдым. ТИМден "аракет кылып жатабыз, сүйлөшүп жатабыз" деген көнүмүш формалдуу жооп келди. Ал эми УКМКдан али күнгө чейин жооп жок. Мындай "майда-чүйдө иштер" менен алектенгенге алардын убактысы болбойт окшойт. Айлам куруганда "Фейсбук" аркылуу жалпы коомчулукка кайрылууга мажбур болдум.
Эки өлкөнүн жетекчилери жолугушса, камакта камыгып жаткан кыргыздын төрт азаматынын тагдыры оң жакка чечилип калат деп чоң үмүт кылган элем. Менин угушума караганда, ал балдар тууралуу сөз дагы болбоптур. Биздин топ министрлер Эмомали Рахмонго таазим кылып, салам бергенден башка иш бүтүрүшпөптүр.
Негизи ар бир мамлекет үчүн, өлкө үчүн адамдан, өз жаранынан баалуу эч нерсе болбошу керек. Конституциянын, өлкөнүн бейпилдигинин, коопсуздугунун кепили катары президент ар бир өлкө жаранынын өмүрү, эркиндиги үчүн да кепил болуш керек. Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө атайын расмий сапар менен барып, биздин төрт азаматты камактан куткарып келбегени мени катуу бушайманга салды.
Эми ушундай жагдайда бөлөктөр кандай кадамга баргандыгы тууралуу бир мисал келтирейин. 2011-жылы орусиялык Rolkan Investments Ltd авиакомпаниясына тиешелүү Ооганстанга азык-түлүк жана гуманитардык жардам алып барып турган эки жүк ташуучу Ан-72 учагы келишим мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кабул шаарынан учуп чыгып, Коргон-Төбөнүн (Дүйшөмбүдөн 80 км түштүк тараптагы) аэропортуна жөнөгөн. Экипаждын командирлери Владимир Садовничий (Орусиянын жараны) менен Алексей Руденко (Эстониянын жараны) болгон. Алар Тажистандын чек арасынан өтүү үчүн алдын ала уруксат алышкан.
Чек арага келгенде алдыдагы Ан-72 экипажынын командири В. Садовничий «Тажикаэронавигациянын» диспетчерлери менен байланышканда, алар уруксат жөнүндө эч нерсе билбей турганын, ошондуктан учак Кабулга кайтууга тийиш экенин эскертишет. Алар Кабулга кайта алышпайт, анткени күйүүчү майы аз калган эле. Экипаждын мүчөлөрүн жана учакты сактап калуу максатында Владимир Садовничий Коргон-Төбө аэропортуна аргасыз конууга уруксат сураган.
Экинчи учактын командири А. Руденко да ошондой эле кадамга барган. Уруксат берилген, бирок конгондон кийин учакка жети кызмат адамы кирип, учактын ичин текшерген. Кийин учакты дагы, экипажды дагы Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери камакка алган.
Натыйжада алар 8,5 жылга кесилген. Бирок ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кесиптеши Эмомали Рахмонго өзү түз телефон чалып, кийин ал кишилер тез эле түрмөдөн бошотулган.
Президент Садыр Жапаров да Эмомали Рахмон менен алты сааттык жолугушуусунда бейкүнөө камалып жаткан жигиттер тууралуу айтып, бошотуусун суранганда болот эле да. Же башкаларда кадыр бар, ал эми көрүнгөн жерде камалып, кор болуп, кордолуп жаткан кыргыздарда кадыр жокпу? Же биздин эл башыларды андай карапайым кишилердин тагдыры, ата-энесинин, балдарынын көз жашы кызыктырбайбы?
ТИМдин мага берген маалыматы боюнча бизде да учурда 12 тажик жараны кармалып турат экен. Эмне үчүн ошолорду алмашуу жолу менен бошотсо болбосун? Армения менен Азербайжан согушта киши өлтүрүп, оор кылмыш кылгандардарды да алмашып албадыбы. "Эки дөө арбашса, жазыксыз чымын өлөт" дегендей, эмне үчүн эч күнөөсү жок, жөнөкөй адамдар алешем саясаттын курмандыгы болушу керек?!
Жакын кошуна менен тил табышып, мунасага келе албагандыктан, миңдеген менин жердештерим ата-энесине, үй-бүлөсүнө, туугандарына жетпей жүрөт. Ата-энесинин бири Кыргызстандын, экинчиси Тажикстандын жараны болгондуктан, канча балдар атасына же апасына бара албай зар болууда. Алардын тагдыры тууралуу ойлогон деги бирөө барбы?
Мен беш жылга камалган Айбек Махмудовдун учурда Васильевка айылында жашап жаткан эжеси Дилфуза менен байланышканымда, ал буларды айтып берди:
"Айбек иним 35 жашта. Биринчи аялы менен ажырашкан. Андан төрт баласы бар. Тун уулу он төрт жашта, он эки жаштагы кызы бар, кызы да оорукчан – сүйлөй албайт, дудуктар мектебинде окуйт. Кийинки баласы тогуз жашта, андан кийинкиси жетиде. Ал эми кийинки аялынан бир уулу бар. Апасы бир жарым жашарда баласын таштап Тажикстанга кеткен, азыр эки жашар болуп калды. Аны буга чейин мен багып жаттым эле, жакында апасына алып барып бердим. Анткени Айбектин кайгысы кошул-ташыл болуп, ден соолугум начарлап кетти. Эки жыл болду бөйрөктөрүм иштебей калган, күн алыс шаарга, гемодиализ аппаратына барып келүүгө мажбурмун. Өзүмдүн да беш балам бар. Учурда аларга кошуп Айбектин эки баласын да багым жатам. Айбек камалгандан бери 62 жаштагы атам үйдө жалгыз, ага да мен каралашып турам. Өкмөттөн болгону эки миң сом жөлөк пул алам. Айбек балдарына жөлөк пул албайт, оорукчан кызына гана үч миң сом жардам алат. Кичине баласынын күбөлүгү да жок. Мен урматтуу президенттен бейкүнөө камалган инимди түрмөдөн чыгарууга жардам бериңиз деп көптөп-көп суранам. Жок дегенде Кыргызстанга которушсун".
16-июнь күнү калган үч жигиттин соту болот. Айбек Махмудовдун эжеси Дилфуза Махмудовага кошулуп, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдон, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдон, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевден, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден мен дагы өтүнөм: кыргыздын калган үч азаматынын тагдыры дагы талкаланбасын, тез арада чечкиндүү чара көрүп, аларды түрмөдөн куткарып калыңыздар. Бул иш сиздердин гана колуңуздардан келет.
Аким Кожоев
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.