Аймактар айт майрамын тынч белгилешти

Майрамдык дасторкон

Майрамга даядык көрүлүп казанда эт бышып жатат.

Баткен облусунда айт майрамы көпчүлүк чогулган иш-чаралар менен коштолгон жок.

Баткен. 

Курман айтка карата мал союп, жыт чыгаруу жөрөлгөсү калыптанган.

Айттын урматына жасалган токочтор. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ынтымак айылы. 31-июль, 2020-жыл.

Курмандык чалууга даярдалган бодо мал. Ош облусу.

Курман айттын урматына муктаждарга таратыла турган эт. Ош облусу.

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек.

 

Жалал-Абад шаарындагы айттаган аксакалдар. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек.

9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген. 

Айт күнү нөөмөткө чыккан Каракол шаарындагы медицина кызматкерлери.

Караколдо коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн шаардык ооруканадан сырткары төрт күндүзгү стационар ачылган.

Бул стационардын дарыгери Кыял Орозобаева медайымдар менен биргеликте 156 бейтапты тейледи. (Саат 15:30га чейин).