Асылган ооруну камкордук гана унуткарат

Бишкектеги семинар.

Кыргызстанда паллиативдик медицина акырындап жөнгө салына баштады. Азырынча Бишкек жана Ош шаарларында гана оор дартка чалдыккан бейтаптарга жардам берүүчү көчмө топтор бар.

Монголиядан келген паллиативдик медицина боюнча профессор Одонтуйя Даваасурен ондогон кыргызстандык адистерге оор дарттан кыйналган балдар менен чоңдорго жардам көрсөтүү боюнча семинар өттү.

Монголия паллиативдик көмөк көрсөтүү боюнча дүйнөдө 28-орунда турат. Кыргызстанда бул жаатка соңку төрт жылда гана өзгөчө көңүл бурулуп, эл аралык долбоорлор иштей баштады.

Азырынча Бишкек жана Ош шаарларында гана дарты өтүшүп кеткен бейтаптарга жардам берүүчү көчмө топтор бар.

Семинардын катышуучуларынын бири.

Бишкекте болсо Улуттук онкология жана гематология борборунда 35 орундуу бөлүм иштеп жатат.

Ошондой эле ыктыярчылардын демилгеси менен балдардын биринчи хосписи ачылган. Бул жайда дарыланып жаткан төрт жаштагы Алина да дарыланып жатат.

- Кызымдын диагнозу - көздүн курч лейкозу. Дарыланып жатканыбызга бир жылдан ашып бара жатат. "Биринчи балдар хосписине" химия терапиядан кийин келип турабыз. Кызымды аябай жакшы карашат, кам көрүшөт. Жетпей калган дары-дармектерибизди сатып беришет. 24 саат бою медайымдар, дарыгерлер текшерип турат. Ошентсе да кызымдын диагнозуна көнө албай абдан кыйналып жатам, - деди Алинанын апасы.

Паллиативдик медицина боюнча монголиялык профессор Одонтуйя Даваасурен ондогон кыргызстандык адистерге оор дарттан кыйналган балдар менен чоңдорго жардам көрсөтүү боюнча семинар өттү.

Алардын бири дал ушул Алина дарыланып жаткан Бишкектеги "Биринчи балдар хосписи" кайрымдуулук фондунда болду. Ага Беловодскидеги, Токмоктогу жана Бишкектеги психоневрологиялык балдар үйлөрүнүн дарыгерлери, онкологдор жана медайымдар катышты. Токмок шаардык психоневрологиялык балдар үйүнүн педиатры Гүлжан семинардан өзүнө керектүү көп нерсени үйрөнгөнүн айтты:

- Негизи балдардын оорусун басаңдатууну, аларга психологиялык, физиологиялык жардам берүү тууралуу аябай көп жаңы маалымат алдык. Мен өзүм Токмоктогу психоневрологиялык реабилитациялык балдар үйүндө педиатр болуп иштейм. Балдар ооруп, акыркы сапарга узап жатканда кыйналганын көрүп, зээним кейийт. Айлам жок, колуман келсе баарын айыктырып алат элем.

Профессор Одонтуйя Даваасурен 2012-жылдан бери паллиативдик кызмат көрсөтүү боюнча кыргызстандык адистерге кеп-кеңешин айтып келет.

Профессор Одонтуйя Даваасурен.

- Жалаң эле силердин өлкөдө эмес, бардык жакта оор дарттан кыйналган балдар бар. Ал тургай кесипкөй педиатрлар да баланын канчалык деңгээлде кыйналып жатканын биле алышпайт. Эң эле жаманы - бала өзүнүн кантип, кайсы жери ооруп жатканын так айта албайт эмеспи. Мен өзүм деле 35 жыл мурда Санкт-Петербургдагы Педиатриялык институтту бүткөм. Балдардын саламаттыгы боюнча тажрыйбам бай болгону менен өлүм алдында жаткан наристелерге туура жардам көрсөтүүнү ийне-жибине чейин билбей кыйналчумун. Паллиативдик жардамга муктаж балдардын көбү - шал оорусуна чалдыккан, баш сөөгүнө суу толуп, жүлүнүнө доо кеткен болот. Алардын дарты өтө катуу. Ошондуктан алар дарылоого, оорусун басаңдатууга муктаж.

Морфинди алуу жеңилдесе...

Азыркы тапта Кыргызстанда оор дарт менен жабыркагандардын башкы көйгөйү - ооруну басаңдатуучу дары-дармектин жетишсиздиги. Паллиативдик жардам боюнча долбоорлорду ишке ашырган "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен дарыгерлерге семинарлар уюштурулуп келет.

Бирок "Сорос Кыргызстан" фондунун "Коомдук саламаттык" программасынын директору Айбек Мукамбетов ​ооруну басаңдатуучу морфин дарысы өлкөдөгү эң ири 11 шаардагы дарыканаларда болгону менен алыскы айылдардагы бейтаптарга жетпей жатканын белгилейт:

- Бул бейтаптар алыс жашагандыктан аябай эле жабыркашат. Себеби морфинди алыш үчүн райондук борборго же шаарга барышы керек. Ал жактан морфинди алууга уруксат берилиши керек. Ошол "кызыл рецепт" менен дарыканадан сатып алып, Тогуз-Тородогу айылына жөнөйт. Ансыз да жаны кейип, ичер суусу азайып бараткан адам үчүн мындай түйшүк, акчалай чыгым ашыкча. Морфини түгөнүп калса, кайра шаарга барууга аргасыз болот. Тилекке каршы, көп кишилер бул дарыны алайын десе да мүмкүнчүлүгу жок, бат эле көз жуумп жатышат. Албетте, бул түйшүктү жеңилдетүүдө Саламаттык сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду менен кошо бир топ иш алып барып жатабыз. Бирок бул маселеге парламент да көңүл бурса жакшы болмок. Мыйзамдык базасын бекемдеп, анан эң негизгиси каржы маселесин чечиш керек.

Бул фонд төрт жылдан бери Бишкек жана Ош шаарларында оорусу катаал бейтаптарга паллиативдик жардам берген атайын адистердин тобун даярдап, алар бейтаптардын үйүнө барып, оорусун басаңдатуучу медициналык тейлөөнү колго алууда.

Онкологдон, атайын билим алган медайымдан, социалдык кызматкерден жана психологдон турган үч көчмө топ Бишкек жана Ош шаарларында иштеп жатат. Мындай көчмө топтордун таасирин "Сорос Кыргызстан" фонду изилдеп чыккан:

Айбек Мукамбетов.

- Биздин изилдөө мындай топтордун экономикалык пайдасын аныктады. Башкача айтканда, ичер суусу аз калган бейтапты ооруканада кармагандын ордуна аны жакындарынын жанына, үйүнө жиберип, бирок ал жактан да жалгыз калтырбай тийиштүү медициналык жардам берилип турса, бейтаптын ооруканада жаткан чыгымына караганда аз акча кетет экен.

Мисалы, ооруканада дарыгерге, медайымга маяна төлөш керек, суу, жарык, жылуулук акысы бар. Мунун баары мамлекеттик казынадан каралат эмеспи. Ушунун ордуна биздин үлгүдөгү көчмө топторду көбөйтсө, чыгым үч эсе азаярын изилдөө далилдеди. Экинчиден, кыргыздын менталитетинде өлүм алдында жаткан адамды хосписке же ооруканага калтыруу деген түшүнүк жок. Сөзсүз жакындары кам көрөт. Туугандарына атайын даярдыгы бар адистер жардам берсе, оорунун кыйналганы да азаят. Үчүнчүдөн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун "паллиативдик бейтаптарга үйдөн кам көрүү пайдалуу" деген нускамасы бар, - деди Айбек Мукамбетов.

Монголиянын паллиативдик медицина боюнча профессору Одонтуйя Даваасурен ар бир бейтапкана менен ооруканада паллиативдик жардам берүүгө даяр адистер болушу керектигин белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.